Тажикстанда борбор шаардын күнү белгиленбей калды
Дүйшөмбү шаарынын мэриясы баш калаанын күнүнө карата салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарды. Мэриянын басма сөз кызматы бул чечим «коронавирус илдетинин жайылып кетишинин алдын алуу жана калктын саламаттыгын сактоо максатында» кабыл алынганын билдирди.
Жыл сайын апрель айынын үчүнчү ишембисинде Дүйшөмбү шаарынын күнү белгиленет. Адатта анда ири маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.
Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус илдетине кабылгандар жок экенин билдирип келет жана карантин жарыялаган эмес. Буга чейин «Бохтар шаарынын санитаркасы коронавирустан каза болду» деген маалыматты четке каккан.
«Азаттыктын» тажик кызматы 58 жаштагы Оишамох Алимова ооруканада пол жууп иштеп жүргөнүн, маркум кошумча акчага оорукананын карантин жарыяланган бөлүмүн да жууп-тазалаганга макул болгонун жазган. Бул ооруканада Орусиядан кайтып келген 400дөн ашык адам карантинде жатат.