9-апрель: Кыргызстанда коронавирус дагы 10 адамда аныкталды (видео)
Кыргызстанда 9-апрелге карата жаңы коронавирус дагы 10 адамда аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Жаңы вирус аныкталгандардын бирөө - Бишкекте, бирөө - Аксыда, бирөө - Ноокатта, үчөө - Ош шаарында, төртөө - Сузакта.
Каратаевдин айтымында, жаңы катталгандардын арасында Ош шаарынан жана Аксы районунан эки медицина кызматкери бар. Ошентип, бул илдетке чалдыккан догдурлардын саны 34кө жетти.
9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 жуккандардын жалпы саны 280 болду, алардын төртөө каза тапты.
280 адамдын арасынан:
Ош облусунда – 98
Жалал-Абад облусунда – 86
Ош шаарында – 36
Бишкек шаарында – 36
Нарын облусунда – 10
Чүй облусунда – 7
Баткен облусунда – 4
Ысык-Көл облусунда – 3
COVID-19 инфекциясын жугузган кыргызстандык 280 жарандын ичинде 147 аял, 133 эркек бар.
25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. (RK)