ИИМ: 9-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын 91 адам бузду
![ИИМ: 9-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын 91 адам бузду](https://gdb.rferl.org/0A46A5A8-48A5-4BED-B627-1E4C7911CD00_cx0_cy8_cw0_w800_h450.jpg)
Анын ичинен Бишкек шаарында 61, Ош шаарында 6, Жалал-Абад шаарында 3, Сузак районунда 21 адам өзгөчө абалдын эрежелерин бузганы үчүн кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык саат талаптарын бузгандар катталган жок.
25-марттан бери коменданттык сааттын талаптарын бузган 2192 адам кармалып, кайра коё берилген.
Коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу максатында 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 20:00-7:00 аралыгында көчөдө адам да, машине да жүрбөөгө тийиш. (ZKo)