Мамлекеттик бажынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов камалды
![Мамлекеттик бажынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов камалды](https://gdb.rferl.org/3BAD4C1D-F743-42F2-9249-B78C4DB8C06C_cx0_cy37_cw0_w800_h450.jpg)
Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановду Биринчи май райондук соту 31-мартта камакка алганы, учурда ал Бишкектеги №1 тергөө абагында экени белгилүү болду. Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева «Азаттык» радиосуна «ал эмне себеп менен камалганы бизге да ачык айтылган жок. Эч кандай тартип бузган эмес эле» деп билдирди.
Ал арада Кимсановдун аялы Мария Заворотня Интернет аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жиберди. Анда ал күйөөсү «Кыргызстандагы таасирдүү адамдардын бири менен чатакташып кеткенинин азабын тартып атканын» айтат. «Ошол чатактын натыйжасында ал таасирдүү адамдын тапшырмасы менен Кимсанов Эмилбек Жаныбекович эки жыл мурдагы кылмыш иши боюнча кармалган. Ал иш токтотулган болчу. Себеби, арыз ээси Конгантиев Автандил Эмил аны «уруп-сабоого катышкан эмес» деп көрсөткөн. Эми эки жылдан кийин ал белгилүү адамдардын нускамасы менен башкача көрсөтмө берүүдө», - дейт Кимсановдун жубайы видео кайрылууда.
Кимсанов 14-февралда «Фейсбукка» Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн дарегине ачуу сөздөрдү жазган. Ошого удаа эле айдоочусу Төлөгөн Рахманберди уулунун видео кайрылуусун жүктөгөн. Анда Рахманберди уулу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басарынын жакын адамдарынан запкы көргөнүн, ок жегенин айтып, маселени калыс териштирүүнү президенттен өтүнгөн.
Издөөдө жүргөн Кимсанов февраль айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Көп өтпөй Биринчи май райондук соту аны жаш балдары бар экенин эске алып, бөгөт чарасын үй камагына алмаштырган чечим чыгарган.
ИИМ Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсанов 2018-жылы Чүй облусунда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди токмоктоо боюнча шек саналып, аларга издөө жарыяланганын маалымдаган. (ZKo)