Британия: Брекзитти парламент көзөмөлдөйт
Британиянын Евробиримдиктен чыгуу жараянын мурдагыдай өкмөт эмес, британ парламенти убактылуу көзөмөлдөмөйт. Мындай сунушту британ депутаттары дүйшөмбүнүн кечиндеги добуш берүүдө колдошту. Ага 329 эл өкүлү "макул", 302си "каршы" добуш беришти. Эми парламент премьер-министр Тереза Мэйдин Брекзит келишимине альтернатива боло турган чечимдерди издейт. Ошондой эле Британиянын Евробиримдиктен чыгуу жараяны боюнча кайсы маселе парламенттин кароосуна коюлаарын мурдагыдай өкмөт эмес, депутаттар өздөрү чечишет. Читать дальше...