Германия: журтташтар Ноорузду тосту
Нооруз майрамын Германиянын ар кайсы шаарларында отурукташкан кыргыздар шаңдуу белгилешти. Франкфурт шаарындагы кыргыздар Борбор Азиялыктар менен биргеликте майрамдашса, Берлин, Гамбург шаарларында тургандарга Кыргызстандан Гүлнур Сатылганова баш болгон маданият өкүлдөрү барып, майрамдык маанай тартуулашты.