Жалал-Абадда шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча төрт маалымат түштү
Жалал-Абад облусунда 11-апрелде өтүп жаткан шайлоодо үгүт иштери жана добуш сатып алуу боюнча милицияга төрт маалымат түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматынын башчысы Нурдинбек Жээнтаев маалымдады. "Саат 18:00го карата Жалал-Абад облусунун аймагында шайлоону өткөрүү, үгүт иштерине байланыштуу - 3, добуш сатып алуу боюнча – 1 маалымат келип түшкөн. Бардык учур боюнча текшерүү жүрүп, натыйжада маалыматтар такталган жок", - деди Жээнтаев. Бүгүн... Читать дальше...