Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 08.04.2021

Президент Зеленский өлкө чыгышын Орусия менен тирешүү күчөп турганда кезди

Azattyk.org 

Украинанын президент Владимир Зеленский өлкөнүн дүрбөлөңдүү чыгыш бөлүгүндө болд. Анын иш сапары өлкө менен Орусиянын өз ара мамилелери өзгөчө опурталдуу чекитке жакындап турган маалга туш келди. Президент Зеленский 8-апрелдеги иш сапарында украин жоокерлеринин орусиячыл жикчилдер менен тирешип турган согуш тилкесиндеги өкүлдөрү менен жолугушту. Анын сапарынын алдында эле интернетте Орусиянын аскер күчтөрү Украинанын чек арасынын жанындагы орусиялык аймактарга топтолуп жана Крым жарым аралына... Читать дальше...

CIT: орусиялык аскерлер Украинага 250 чакырымдай жакын жерге жайгашты

Azattyk.org 

Conflict Intelligence Team тобу социалдык тармактагы билдирүүлөрдү анализдеп чыгып, өткөн жумада орун которгону белгиленген орусиялык аскерлер Украинанын чек арасынан 250 чакырым аралыктагы Воронеж облусунда талаа лагерине топтоштурулган деген тыянакка келди. Бул аскерий аналитиктер тобу Орусиянын куралдуу күчтөрү 2014–2015-жылдары украин чек арасына мындан бир топ жакыныраак жайгашканын белгиледи. Conflict Intelligence Team тобу өз талдоосунда видео-фотого түшүп калган аскер техникасынын көпчүлүгүнүн Борбордук аскер округуна караштуулугу ... Читать дальше...



IRI: Кыргызстанда кымбатчылыкка камтама болгондор көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстандыктарды баалардын өсүшү мурдагыдан көбүрөөк ойлондура баштады. Мындай жыйынтыкты Эл аралык республикалык институттун (IRI) соңку сурамжылоосу көрсөттү. Изилдөө тууралуу аталган институттун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Димитар Стойков “Азаттыкка” маек курду.

Айзаданын өлүмү: Милиция кызматкерлерине иш козголду

Azattyk.org 

Бишкек шаардык прокуратурасы 27 жаштагы Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча фактыны териштирди. Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлерине «шалаакылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Башкы көзөмөл органынын расмий сайтында кабарлангандай тергѳѳ ишин жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгына тапшырылды. 5-апрелде Айзаданы үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен. Читать дальше...

Айзаданы уурдоого шек саналган дагы эки киши кармалды

Azattyk.org 

Криминалдык милициянын кызматкерлери Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналган дагы эки кишини кармады. Ушуну менен бул кылмыш ишине байланыштуу баш-аягы төрт киши колго түштү. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 8-апрелде 26 жаштагы Т.К. Бишкекте, 30 жаштагы Н.О. Жалал-Абад облусунда кармалды. Ушул тапта тергөө иштери уланып жатканы кабарланды. Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналып 7-апрелде 29 жаштагы Р.А., 8-апрелде 26 жаштагы К. Т. колго түшүп, шаардык милициянын тергөө абагына киргизилген. Читать дальше...

Айзада жоголгон эки күн

Azattyk.org 

4 тил билген, волейболчу Айзада Канатбекованын сөөгү Бишкектен 25 чакырым жердеги Арашан айылына жакын талаадан табылды. Кызды уурдап, өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаев Орусияда 6 жылдай абакта жатып келген. Кылмышка шектелип, издөө жарыяланган 3 жаран тең кармалды. Коомчулук милицияга нааразы.

“Камбар-Ата-1”: Өзбекстан өтөсүнө чыгабы?

Azattyk.org 

Кыргызстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин саларын жарыялады. Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга сапары учурунда гидроэнергетикалык ири долбоорду Ташкент менен бирге курууну макулдашканы маалым болду. 30 жылдан бери кагаз бетинде калган долбоорду коңшу өлкөлөр кантип жүзөгө ашырат?



Муфтият: Ала качууга шариятта тыюу салынат

Azattyk.org 

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Айзада Канатбекованын уурдалып өлтүрүлүшү боюнча билдирүү таратып, бул окуяны шариятка жана адамкерчиликке жатпаган, адамдын жанын кейиткен аянычтуу окуя катары баалады. «Ала качуу - арам. Шариятта ала качууга тыюу салынат. Кызды мажбурлап үйлөнүүгө шарият жол бербейт. Ошондой эле башка бирөөгө зыян берүүнүн бардык түрү арам», - деп айтылат маалыматта. Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып, изделип жаткан. Аны үч адам... Читать дальше...

Айзаданын апасы: "Тергөөчү бизге "той жейсиңер" деп жатты"

Azattyk.org 

Бир үйдүн жалгыз кызы Айзада Канатбекованы уурдап алып кетип, өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаев буга чейин Орусияда үч жолу кесилип, түрмөгө отуруп чыкканы маалым болду. Айзаданын апасы Назгүл Шакенова кызынын акыркы күндөрү, Теңизбаев менен мамилеси тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.

Балыкчы: Айзаданын сөөгү жерге берилди

Azattyk.org 

Бир үйдүн жалгыз кызы Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстанда коомчулук министр Ниязбековдун отставкасын талап кылууда. Алардын арасында айрым депутаттар да бар. Ошол эле маалда кылмышка шектелген 3 адам тең кармалды. Айзаданын сөөгү жашырылды. // "Бүгүн Азаттыкта". 08.04.21.//

"Кыздардын өлүмүнө милициянын аракетсиздиги себеп"

Azattyk.org 

“Human Rights Watch” уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева 27 жаштагы Айзада Канатбекованын уурдалып, өлтүрүлүшүн “үрөй учурган окуя” деп мүнөздөдү. Ал кыргыз бийлиги 2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын аянычтуу тагдырынан сабак албаганын айтты.

Роза Айтматова: Айзаданын өлүмүнө унчукпай коюуга болбойт

Azattyk.org 

Коомдук ишмер, Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун лидери Роза Айтматова Айзада Канатбекованы өлүмгө жеткирген окуяны “жапайычылык” деп атап, бул окуяга ар бир адам үн кошуусу керек деп эсептейт.

Айзаданын өлүмү: Ошто да митинг өттү

Azattyk.org 

8-апрелде Ош шаардык милициясынын алдына ондогон киши митингге чыгышты. Алар Бишкекте уурдалып, кийин киши колдуу болуп каза болгон Айзада Канатбекованын окуясы өлкөдөгү абалды көрсөтөөрүн айтышты.

Ош: Айзаданын өлүмү көп көйгөйдү эске салды

Azattyk.org 

Уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Ош шаардык милициясынын астында тынчтык митинги өттү. Ага ондогон киши катышып, ала качуу, кыз келиндер кабылган зордук-зомбулук, фемицид көйгөйлөрү айтылды. Активисттер милициядан мындан ары аял укуктарын кылдаттык менен коргоону талап кылышты.

Судья Мира Жээнбекова УКМКнын маалыматы негизсиз деп эсептейт

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 8-апрелде Улуттук коопсуздук комитетинин судья Мира Жээнбековага байланыштуу билдирүүсү тууралуу маалымат таратты. Анда Жээнбекова атайын кызматтын өзүнө карата мыйзамсыз баюу боюнча шектенүүсү чындыкка дал келбей турганын айткан. Жээнбекова өзүнүн жана жакындарынын мүлктөрү ал Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп дайындалганга чейин бар болгонун, УКМКнын маалыматында фактылар бурмаланып берилгенин белгилеген. Судьянын түшүндүрүүсүндө, 74 батирлүү жана 10 автоунаа токтотуучу... Читать дальше...

Жолдош Шаршенов: Айзада алтын кыз болчу

Azattyk.org 

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 8-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жерге берилди. Ал акыркы айларда трикотаж фабрикасында котормочу-технолог болуп иштеп келген. Анын жетекчиси Жолдош Шаршенов Айзаданы абдан жөндөмдүү кыз болчу деп сыпаттады. Шаршенов: Биз эки жыл мурда трикотаж фабрикасын ачканбыз. Бирок ортодо пандемия жана башка иштер болуп, толук иштей элекпиз. Биздин фабрикага Түркиядан үйрөткөнгө тикмечилер келген. Айзада биздин ишканада котормочу жана технолог болуп иштечү. Читать дальше...

Фемицид: Өмүрү кыйылган аялдар

Azattyk.org 

Кыргызстандык журналисттер алгач ирет өлкөдөгү фемицидди изилдешкен. Анда 54 миңден ашуун маалымат талданган. Өмүрү кыйылган аялдардын көбү күйөөлөрүнүн, өнөктөштөрүнүн такай зордук-зомбулугуна кабылып жүргөнү аныкталган. 2010-2020-жылдар аралыгында Кыргызстанда киши колдуу болгон аялдардын өлүмүн иликтеген 762 кылмыш иши ачылган.

АКШ Навальныйдын абалына кабатыр

Azattyk.org 

Абакта жаткан оппозиционер Алексей Навальный омурткасынан мертинип, колу сенейип калганы аныкталды. АКШ «Навальный түрмөдө ак жеринен отурат» деп, саясатчынын өмүрүнө жоопкерчиликти орус бийлигине жүктөдү. Бирок Кремль Навальныйдын үзөңгүлөштөрүнө куугунтукту токтоткон жок. Орусиядагы оппозиция лидери Алексей Навальныйдын эки омурткасынан грыжа табылды. Муну ал жаткан Покровдогу №2 түзөтүү колониясынын дарыгерлери атайын текшерүүдөн өткөргөндөн кийин аныкташты. Навальныйга кирип чыккан адвокат... Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

Певец Розенбаум похвастался возрождением сети советских пивных в Петербурге





Персональные новости
Динамо

МФК «Динамо Пушкино» вошел в топ-8 команд Всероссийского футбольного турнира «Кубок Казани»





Ошто өрттөн бир адам каза таап, дагы бирөө оор жаракат алды

Azattyk.org 

Бүгүн, 8-апрелде саат 13:30 чамасында Алай районунун Гүлчө айылындагы борбордук базардын артында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр жарым сааттан кийин өрттү толук өчүрүшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жалпы 103 чарчы метр жер күйүп, анда 66 жаштагы адам набыт болгон. 7-апрелде Кара-Суу районунда 62 жаштагы аял өрттөн жаракат алган. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканы кабарланды. (ZKo)

Айзаданы уурдоого шектелген үчүнчү адам кармалды

Azattyk.org 

Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналган үчүнчү адам колго түштү. Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Улан Жумаков 8-апрелде кечке жуук 26 жаштагы К. Т. аттуу жаран тергөө абагына киргизилгенин "Азаттыкка" билдирди. Айзаданы уурдоого катышкан деген шек менен буга чейин эки адам колго түшкөн. 27 жаштагы Айзада Канатбекованы 5-апрелде үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жеринен күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео Интернетке тараган. Эки күндөн кийин кыздын... Читать дальше...

Матмусаев: Милиция шалаакылык кылган жок

Azattyk.org 

Жоголгону айтылган эки адамды табуу үчүн 200дөн ашуун кызматкер күндөп-түндөп иштегенин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев депутат Айнура Аскарованын суроосуна жооп берип жатып билдирди. "Апасынын арызында Айзаданын артынан түшкөн адам "психикалык жактан соо эместиги" тууралуу жазылган. Ошондуктан, биз 200дөн ашуун кызматкерди издөө иштерине салганбыз. Колдон келишинче иштедик, 16-18 сааттап иштеп жатабыз", - деди Матмусаев. 27 жаштагы Айзада Канатбекованын окуясынан... Читать дальше...

Жумушсуздардын катары калыңдады

Azattyk.org 

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстанда эң чоң көйгөй жумушсуздук экенин аныктады. Уюм өткөн аптада өлкөнүн социалдык абалы тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Расмий статистикага ылайык, Кыргызстандагы 200 миңдей адам жумушсуз. Бирок алардын саны мындан алда канча көп экени айтылып жүрөт. Бишкектин Лев Толстой көчөсү коомчулукта “эмгек биржасы” деген ат менен таанымал болуп калган. Бул жерге жарандар утурумдук жумуш издеп чогулат. Алардын бири, жашы кыркка чамалап калган Максат аттуу адамды кепке тарттык. Читать дальше...

Айзаданын өлүмү: Кызды уурдоого катышкан экинчи шектүү кармалды

Azattyk.org 

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы уурдоого шектүү экинчи адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы 8-апрелде билдирди. Маалыматка караганда, 31 жаштагы жаран азыр шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Буга чейин окуяга катышкан шектүүлөрдүн бири кармалган. Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып, изделип жаткан. Аны үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео Интернетке тараган. Читать дальше...

Айзаданын өлүмүнө шектүү мурда үч ирет соттолгону ачыкка чыкты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милициясы Айзада Канатбекованы кыйнап өлтүрүүгө шектүү Замирбек Теңизбаев Орусияда мурда үч жолу соттолгонун тактады. Милициянын 8-апрелдеги маалыматына караганда, ал 2008-жылдын 20-мартында Омск шаарында уурулук кылып үч айга эркинен ажыратылган. Экинчи ирет 2009-жылдын 26-ноябрында Красноярск шаарынын соту аны "Тоноо"  беренесинин негизинде эки жылга кесип, 2011-жылдын июнунда бошонуп чыккан. Үчүнчү жолу 2012-жылы 10-июлда Москванын Зеленоград райондук соту аны карактоо... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соболенко: я предпочитаю смотреть мужской теннис, а не женский


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

При каких обстоятельствах может затопить Петербург и Москву? Отвечает гидролог





Путин в России и мире
Москва

Строители мостов и дорог удостоены государственных наград


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил, что не собирается проводить в Белоруссии мобилизацию




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Волочкова

«Разрешаю им делать вообще все»: Волочкова рассказала об отношениях единственной дочери с бойфрендом



Москва

Собянин: Москва завершает переход на новый стандарт экстренной медпомощи

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net