Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 26.04.2021

Президент Жапаров кумарканалардын бардык аймактарда ачылуусун колдойт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 26-апрелде “Пирамида” телеканалына түз эфирде маек куруп, акыркы учурда коомдо кызуу талкууланган айрым маселелер боюнча суроолорго жооп берди. Маек учурунда ал Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган Ысык-Көлдө кумарканаларды ачуу боюнча мыйзамды колдой турганын, ага кошумча иретинде өлкөнүн аймактарынын борбор шаарларында жана Бишкекте кумарканаларды ачууга уруксат берүү сунушун киргизерин айтты. “Мен президенттик аппаратка Жогорку Кеңешке сунуш киргизүүнү айттым, өлкөнүн бардык жагында ачылсын... Читать дальше...

"Кыргызстан экологияны жакшыртууга салым кошкусу келет"

Azattyk.org 

Өткөн аптада БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргызстан сунуштаган экологиялык резолюцияны колдоп берди. Бул демилгеде жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланып, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу зарылдыгы камтылган. Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукка жаратылышты коргоо жаатында кандай демилгени сунуштап жатат? Бул суроонун тегерегинде Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева “Азаттыкка” маек курду.

Навальныйдын тарапташы Любовь Соболго 300 миң рубль айып салынды

Azattyk.org 

Оппозиция лидери Алексей Навальныйдын саясий үзөңгүлөшү Любовь Соболь "жарандарды саясий акцияларга үндөгөн" деген айып менен административдик жазага тартылып, ага 300 миң рубль өлчөмүндө айып салынды. Сот аны "макулдашылбаган саясий акцияларга чакырык жасаган" жана "митингди уюштуруу эрежесин экинчи ирет бузган" деп таап, жогорку акчалай өлчөмдөгү айып салган. Соттун мындай чечими тууралуу Любовь Соболдун адвокаты Владимир Воронин билдирди. Сот Соболдун 21-апрелде «Эхо Москва» радиосунан айткандарын акцияга чыгууга чакырык деп тапкан. Читать дальше...



Милиция: Шакировдун өлүмүнүн толук себеби жалпы соттук экспертизадан кийин айтылат

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин башчысынын орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмүнүн себеби аныкталды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын өкүлү Айзада Кубатова кабарлады. “Соттук медициналык экспертизанын иликтөөсү менен лабораториялык изилдөөдөн кийин Б.Ш. аттуу жарандын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгону аныкталды. Соттук медициналык экспертизанын өлүмдүн себеби тууралуу бүтүм чыгарууга ыйгарым укугу жок. Мындан... Читать дальше...

Самаркандда мектептер жана бала бакчалар карантинге жабылды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Самарканд шаарындагы бардык мектептер жана бала бакчалар 26-апрелден баштап 14 күнгө карантинге жабылганы кабарланды. Шаар акимчилигинин басма сөз кызматынын ырасташынча, мындай чечимди Самарканд шаарынын чукул эпидемиологиялык комиссиясы бекиткен. Анын негизги себеби катары «соңку күндөрү шаарда коронавирус инфекциясы жайылган учурлар бир нече эсе көп катталганы» көрсөтүлдү. Акимчиликтин билдирүүсүндө айтылгандай, 27-апрелден баштап бардык мектептер жана бала бакчалар эми онлайн форматына өтүшөт. Читать дальше...

Эл Баатыры элин таштап кетти

Azattyk.org 

Кыргыз адабиятынын, искусствосунун, маданиятынын алпы Бексултан Жакиев 85 жаш курагында дүйнө салды. Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, драматург акыркы сапарга узатылып, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Тажикстан: Ооганстандан 90 кг алтын жана 15 млн. доллар алып өткөн аткезчи топ соттолду

Azattyk.org 

Дүйшөмбү шаардык соту тогуз адамды чуулгандуу аткезчилик боюнча кылмыш ишине айыптуу деп таап, ар бирин эки жылдан беш жарым жылга чейин эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Алардын арасында Тажикстандын ички иштер органдары менен бажы кызматынын өкүлдөрү да бар. Соттолгондордун экөө ооган жараны экени белгилүү болгон. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады. Соттун өкүмүндө соттолуучулар Ооганстандын жарандары менен чогуу көп жылдан бери тажик-ооган чек арасында ири өлчөмдөгү чет элдик... Читать дальше...

Байтерек: Президент уу коргошун тууралуу түшүндүрмө бербейт

Azattyk.org 

Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек мамлекет башчысы уу коргошун тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен маектешпей турганын кабарлап, саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин айткандарын төгүндөдү. “Президенттин күн тартибинде уу коргошунга байланышкан жолугушуу же интервью каралган эмес”. Европа эмдөө апталыгына арналган жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-апрелде түштөн кийин президент Садыр Жапаров аконит тундурмасы тууралуу интервью берерин айткан. Читать дальше...



Башкы прокурор жашы жете электер менен жыныстык катнашка баргандардын жазасын жеңилдетүүнү сунуштады

Azattyk.org 

26-апрелде соттук укуктук реформанын алкагында мыйзамдарды кайра иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Ага катышкан башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жашы жете электер менен жыныстык катнашка баргандардын жазасын жеңилдетүү тууралуу айтканы боюнча мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Белек Калыков “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. «Айрым басылмалар башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сөзүн бурмалап жатышат. Негизги айтайын дегени, жашы жете элек адам менен жыныстык катнашка барган адамды жазадан бошотуу эмес... Читать дальше...

Министрдин отставкасы каралат

Azattyk.org 

Индияда COVID-19га чалдыккандардын жаңы рекорду катталды. Ал эми Кыргызстан уу коргошунду дары катары колдоно бермекчи. Муну министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Ал арада парламент депутаттары Бейшеналиевдин отставкасын карамай болду. Кыргыз бийлиги элдин каршылыгынан кийин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга бербей турганын билдирди. //"Бүгүн Азаттыкта". 26.04.21.//

Чек ара чырынын эпкини: Баткендин тургуну Орусияда кармалды

Azattyk.org 

Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган Мажитовду колдогондор ТИМдин алдына чогулду. Тышкы иштер министрлигинин алдында чогулган он чакты адам “Мажитовго боштондук”, “Өлкө үчүн ар бир жаран баалуу”, “Эсен баатыр, чек арачы” деп жазылган кагаздарды көтөрүп турушат. “Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бул ишке көңүл буруп, расмий билдирүү жасашы керек. Мажитовду Тажикстанга экстрадиция кылганга жол берилбеши абзел. Андай болсо Мажитовду Кыргызстанга кайтаруу кыйын болуп калат”... Читать дальше...

Чек арадагы чырдын эпкини: Баткендин тургуну Орусияда кармалды

Azattyk.org 

Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов 18-апрелде Орусияга жумуш издеп барып, учактан түшөөрү менен орус укук коргоо кызматтарына кармалган. Буга чек аралаш айылдын тургунун Тажикстан "оор кылмышкер катары эл аралык издөөгө жарыялаганы" себеп болгон. Маалыматка ылайык, Мажитов Төмөнкү Новгороддо кармалган. Расмий Дүйшөмбү оор беренелер менен издөө салынган Эсенбай Мажитовду Тажикстанга экстрадициялоо өтүнүчүн келтирген. Кыргыз бийлиги болсо Мажитовду Кыргызстанга алып келүү аракетин көрүүдө. Читать дальше...

Данисте: Мектепке зар болгон айыл

Azattyk.org 

Нарындын Ак-Кудук айылында мугалимдин үйүндө билим алган окуучулар. Кадамжайда гүлдүн жүздөй түрүн өстүргөн ишкер. 25 жазуучунун, 20 сүрөтчүнүн жардамы менен балдар үчүн 400 китеп жарыялаган долбоор. Опера өнөрпоздорунан жаңы таберик - “Ак Мөөр” кайрадан сахнада.

Президент Жапаров БУУнун жыйынында Кыргызстан колдоого муктаж экенин айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун 26-апрелде башталган Азия жана Тынч океан региону үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясына онлайн форматында катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мамлекет башчы сессияда сөз сүйлөп, пандемиядан улам келип чыккан оор экономикалык кырдаал, БУУнун Туруктуу өнүктүрүү программасындагы Кыргызстандын орду тууралуу айтты. Жапаров Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө катары экономикалык колдоого муктаж экенин белгиледи. Читать дальше...

Байтерек: Жапаровдун жеке баракчаcы "Фейсбукта" жана "Инстаграмда" гана бар

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун социалдык түйүндөрдө эки гана жеке баракчасы бар, анын атына байланыштуу калган баракчаларды жана аккаунттарды Жапаровдун тарапкерлери жүргүзүшөт. Бул тууралуу 26-апрелде “Азаттык” радиосуна мамлекет башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди. Анын айтымында, президенттин “Фейсбуктагы” баракчасы «Садыр Жапаров» деп аталат, “Инстаграмдагысы” «sadyr_japarov» деген аталышта, калгандарына анын жеке тиешеси жок: “Социалдык түйүндөрдөгү Садыр Жапаровдун атына байланыштуу... Читать дальше...

Сот активист Тилекмат Кудайберген уулун үй камагына чыгарды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) бөгөт чарасын бүгүн, 26-апрелде карап, үй камагына чыгарды. Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыгып, кармалган Кудайберген уулун үй камагына чыгаруу маселеси буга чейин Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Тилекмат Кудайберген уулу Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык башаламандыктар») боюнча айыпталган. Укук коргоо органдары анын "Фейсбуктагы" баракчасындагы... Читать дальше...

COVID-19: Европа жана АКШ Индияга кол сунду

Azattyk.org 

Индияда коронавируска чалдыккандардын бир күндүк көрсөткүчү дагы жаңы чекке жетти. Соңку бир суткада өлкөдө 353 миңдей адам вирусту жугузуп алды.

Өзгөн: Жыйындан кубалап кетиришкен журналисттин окуясы териштирилүүдө

Azattyk.org 

Өзгөндө чек ара маселеси боюнча акция учурунда журналист туш болгон окуяга байланыштуу териштирүү башталды. Бул тууралуу 26-апрелде “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, факт Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, үч киши күбө катары суракка чакырылды: “Журналистке ошончолук эмнеге атырылышат? Ошого жооп алышыбыз керек да. Журналист арыз жазбаганы менен факт каттоого алынган. Видеого тартылып, талкуу жүрүп жатат. Читать дальше...

Кыргызстанга көчүп келген памирлик кыргыздарга жарандык берилди

Azattyk.org 

Бүгүн, 26-апрелде 111 этникалык кыргызга жарандык берилди. Анын 106сы Ооганстандан келген памирлик кыргыздар, бешөө кытайлык боордоштор. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, учурда Теңир-Тоодогу эки памирлик үй-бүлө паспортторун колуна алышты. Президент Садыр Жапаров ушул айдын башында Оштун Алай районундагы памирлик кыргыздар менен жолугуп, Ооганстандан келген боордошторго Кыргызстандын жарандыгын берүү маселесин көтөргөн. Жапаров Ооганстандагы кыргыздарды ушул жылдын кыш... Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Волочкова оправдалась за слитые в сеть снимки: «Ничем никого не удивишь»





Персональные новости
Шапка

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)





Оскар-2021: Азиялык аялдардын жеңиши

Azattyk.org 

Теги кытайлык режиссер Хлоя Чжао «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземинде «Мыкты режиссер» аталды. Ал «Көчмөндөр жери» деп аталган фильм үчүн бул номинацияны уткан алгачкы азиялык аял болуп калды.

Чек ара чырына айыпталган баткендик Орусияда камакка алынды

Azattyk.org 

18-апрелде Орусиянын аба майданынан кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов калайман башаламандык уюштурууга шектелип жатат. Мажитовдун жакындарынын айтымында, ага тажик бийлиги оор беренелер менен айып койгонун жана эл аралык издөөгө алынганын Орусияга барганда билген. "Жолдошум быйыл 18-апрелде Орусиянын Төмөнкү Новгород шаарына иш издеп барган. Ал учактан түшөрү менен полицияга кармалган экен. Орус сотунун чечими менен 40 күнгө убактылуу кармоочу жайга киргизилиптир. Читать дальше...

Америка университетиндеги соңку окуялар талкуу жаратты

Azattyk.org 

Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетине (БААУ) байланыштуу соңку окуялар талаш-талкуу жаратты. Өткөн аптада окуу жайдын президенти Эндрю Качинсти милиция суракка чакырып, үйүн жана унаасын тинтүүгө алды. Ички иштер министрлиги аны “баңгизатты мыйзамсыз даярдоого, сатууга” шек санап жатат. Ага чейин "университеттин президенти кош бойлуу кызматкерин тилдеп, ал ооруканага жатып калганы" тууралуу социалдык тармакка маалыматтар чыккан. АКШнын Кыргызстандагы университетинин айланасында... Читать дальше...

Казакстанда "QazVac" менен эмдөө башталды

Azattyk.org 

Казакстанда коронавируска каршы жергиликтүү "QazVac" вакцинасы үчүнчү клиникалык сыноодон өткөнгө чейин эле аны менен калкты эмдөөгө уруксат берилгени кабарланды. Биринчилерден болуп, бул вакцина менен Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой эмделди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Бул вакцинаны иштеп чыккандар "QazVac" препараты адамга ортосунда 21 күн аралык менен эки жолу сайыла турганын нускамасында көрсөтүшкөн. Буга чейин "QazVac" вакцинасынын жыйынтыктоочу... Читать дальше...

Кыргызстан уурдалган эки жараны тууралуу Дүйшөмбүгө нота жөнөттү

Azattyk.org 

Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргызстандык эки жаранды уурдоого байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбүгө нота жиберди. Мекеменин маалыматында Тажикстандын укукка каршы жана мыйзамсыз иш-аракеттерине кыргыз тараптын тынчсыздануусу жазылган. 26-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушкан. Анда Ниязалиев чек арага жакын аймактардагы кырдаалды курчутууга алып келе турган иш-аракеттерге жол бербөө зарыл экенин белгилеген. Читать дальше...

Отунбаеванын фонду: Жакиевдин көзү өтсө да чыгармалары баалуу мурас катары жашай берет

Azattyk.org 

Бексултан Жакиевдин көзү өтсө да “Атанын тагдыры” пьесасы баш болгон ондогон чыгармалары, публицистикалык макалалары, ой-толгоолору кыргыз адабияты менен маданиятынын казынасын толтуруп, кылымдан кылымга баалуу мурас катары жашай берери айныгыс чындык. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун атынан жарыяланган көңүл айтуу катында (некролог) белгиленди. Некрологдо “Фонд кыргыз маданиятынын патриархы, даңазалуу инсан Бексултан Жакиев дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жакындарына... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Камбэком обернулся матч вундеркинда из России перед стартом Еленой Рыбакиной в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Прокуратура Москвы: тело мужчины нашли в лесопарке в Сокольниках





Путин в России и мире
Москва

Поведение Путина вызвало резонанс, потерянные в 90–е заводы возвращаются РФ


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Басманный суд Москвы арестовал продюсера Reuters Константина Габова за помощь ФБК в подготовке материалов



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Антонина Арталевская

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week



Москва

Приложение "Память": дистанционно ухаживайте за могилами, ремонтируйте и возлагайте цветы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net