Мигрант кайгысы: төлөнбөгөн маяна, түрткүнчүк абал
Москвада бери дегенде жүздөй кыргызстандык мигрант кыз-келин аутсорсинг компаниясынан айлык акысын өндүрө албай азап тартып жүрөт.
Москвада бери дегенде жүздөй кыргызстандык мигрант кыз-келин аутсорсинг компаниясынан айлык акысын өндүрө албай азап тартып жүрөт.
Израилдин президенти Реувен Ривлин өлкөнүн премьер-министри Бинямин Нетаняхуга жаңы коалициялык өкмөттү түзүү милдетин ташырды. Бул – өлкөдө акыркы эки жыл ичиндеги төртүнчү шайлоодон кийин да ит жыгылыш кырдаал түзүлгөн учурда тапшырылган милдет болуп калды. Ривлин мырзанын парламенттик шайлоодон эки апта өткөндөн кийин, 6-апрелде Иерусалимде жарыялаган билдирүүсү Нетаняху мырза жемкорлукка шектелип соттолуп жаткан учурга туш келди. Ошентсе да, Ривлин Нетаняху мырза шайлоодон кийинки сүйлөшүүлөрдө... Читать дальше...
2020-жылы Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна жүз арыз түшкөн. Бирок азырынча бир дагы факт толук иликтенип-териштирилип, аягына чыга элек.
КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке
723325, Ош облусу, Кара-Суу районунун, Нариман айыл аймагынын Кызыл Мээнет айылы, Аэропорт көчөсү 110 үй тургуну Хусанов Абдукаххардан
АРЫЗ
1. Нариман айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы коррупционер Улугбек Рахманов муниципалдык жогорку кызматты кылмыштуу жолдор менен мыйзамсыз ээлөө максатында жогорку окуу жайдын дипломун атайын мыйзамсыз жасалмалаган. Читать дальше...
Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океяния чемпионаты башталды. Ага 28 мамлекеттен 200дөй спортчу катышууда. Мелдештин алгачкы күнүндө Кыргызстандын куржунуна бир медаль тушүп, Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.
Глобалдык насыя берүүчү болгон Эл аралык валюта кору коронавируска каршы эмдөөнү тездетүү дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн болжолдоду. Бул тууралуу Эл аралык валюта корунун “Дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн перспективасы” деген баяндамасында көрсөтүлгөн. Анда январь айындагы эсептөөлөргө ылайык, дүйнөлүк экономика быйыл 6 пайызга, эмдиги жылы 4,4 пайызга өсө турганы белгиленген. Анын негизги себеби катары көпчүлүк өлкөлөрдө коронавируска каршы эмдөөлөрдүн жүрүшүнүн эсебинен экономиканын калыбына келүү ыргагы мисалга алынган. Читать дальше...
Бишкек шаарындагы муниципалдык мектептер 12-апрелден баштап аралыктан окутууга өтүп, бала бакчалар жабылат. Бишкек мэриясынан кабарлашкандай мындай чечим 6-апрелде эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Окуунун мындай тартиби борбордо эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин уланат. Маалыматка ылайык, баш калаада эпидемиологиялык кырдаал курч, акыркы жумада Бишкекте COVID-19 жана пневмония оорулары көбөйдү. Ал эми участкалык шайлоо комиссиялары жайгашкан 14 бала бакча 8-апрелден тартып иштебейт. Читать дальше...
Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Тажикстандын ички иштер министри Рахимзода Рамазон Хамро жолугуп, Баткен облусу менен Согд облусундагы чек арага чектеш аймактарда коопсуздукту камсыздоо боюнча маселени талкуулашты. Жолугушуу 6-апрелде Тажикстандын Согд облусунда өттү. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, анда кылмыштуулук, терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү чаралары тууралуу да сөз болду.... Читать дальше...
Казакстандын Алматы шаарынын тургуну Женис Заркан жубайы жана уулу үч жылдан бери Кытайдын Шинжаң аймагынан чыга албай жатканын айтып, буга байланыштуу «Нур Отан» партиясынын борбордук кеңсесине арыз менен кайрылды. Женис Заркан анын үй-бүлөсүн бириктирүүгө көмөктөшүү үчүн Казакстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, бирок бир жарым жылдан бери андан майнап чыкпаганын белгилеген. Ошондуктан ал бул маселеге Нурсултан Назарбаевдин жеке кийлигишүүсү керек болуп жатканын айтты. Бул маселени жөнгө салууну өтүнүп... Читать дальше...
Жол эрежесин бузган эки берене боюнча айып пул кайра каралууда. Бишкекте "Март, Апрель, Октябрь революцияларынын сабактары" деген талкуу өттү. Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейинки бийлик мөөнөттөрүн «жокко чыгарган» мыйзамга кол койду. "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасынын 2021-жылдын 6-апрелиндеги чыгарылышында ушул жана башка темалар чагылдырылды.
Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды коргоо штабы Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматына шилтеме берип, саясатчы оор жөтөлүп, оорунун белгилери байкалгандыктан 5-апрелде кечке жуук түрмөнүн ооруканасына которулганын билдирди. Абакта дарыланууга мүмкүнчүлүк бербеген шартка нааразы болгон Алексей Навальный ачкачылык кармоодо. Бул тууралуу анын “Инстаграмдагы” баракчасына тарапташтары жазышты. Орусиянын бийлиги жана Жаза аткаруу федералдык кызматы Алексей Навальныйдын... Читать дальше...
Эрулан Кокулов “Не сахар” долбоору менен базарларда мөөнөтү өтүп кеткен товарларды, санитардык талапка жооп бербеген тамак-аш даярдалуучу жайларды аныктап, видеого тартып, коомчулукка жарыялайт. Кокулов “Азаттыкка” маек куруп, долбоордун келечеги, товар керектөөчүлөрдүн укугу, мамлекеттик органдардын кайдыргерлиги жөнүндө айтып берди.
Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу каптаган жолдун маселесин чечүүнү көзөмөлүнө алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, ал Бишкек – Кара-Балта жолун реконструкциялоо менен байланыштуу. Адистер тарабынан аныкталгандай, аталган тилкенин дренаждык схемасы чогулган сууну натыйжалуу буруп кетүүгө туура келбейт, бул көйгөй 2014-жылдан бери чечилбей келатат. Премьер-министр суу каптаган автоунаа жолунун маселесин жергиликтүү... Читать дальше...
6-апрелде Жалал-Абадда эскерүү иш-чарасы өтсө, Бишкекте активисттер, окумуштуулар «Революциялардын сабактары» аттуу талкуу уюштурду. 2010-жылдын 7-апрелинде бийлик демонcтранттарга каршы ок аткан. 90дой адам курман болгон элдик толкундоодон кийин ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, ал үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен. Коомдо апрель окуясы канчалык максатына жеткени, бийлик, эл андан кандай сабак алганы тууралуу суроолор коюлуп келе жатат. 63 жаштагы жалалабаддык... Читать дальше...
Континенталдык чемпионат бүгүн, 6-апрелде, старт алды. Мындай ири мелдеш өлкө тарыхында алгачкы ирет өтүп жатат.
Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу бүгүн, 6-апрелде Бишкекте башталган дзюдо боюнча чоңдор арасындагы Азия жана Океания чемпионатында коло байгенин ээси болду. 60 килограммга чейинки салмакта татамиге чыккан Айбек уулу 3-орун үчүн таймашта өзбекстандык Кемран Нуриллаевди жеңип алды. Дзюдо боюнча чоңдор арасындагы Азия жана Океания чемпионаты. 6-апрель, 2021-ж. Бишкек. Буга чейин ал эки беттеш өткөргөн. Алгач чейрек финалда дүйнө чемпиону (2015-ж.), Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2016-ж.)... Читать дальше...
Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) Бишкек шаардык кеңешине талапкерлердин дебаттары өтүп жатат. Мындан тышкары ЭлТР каналында референдумду жактагандардын жана ага каршылардын дебаты уюштурулууда. Ошондой эле быйыл биринчи жолу эки партиянын ортосунда Көз карандысыз дебат өттү. Кайым айтыштар менен коштолгон дебат КТРКда өткөн Бишкек шаардык кеңешине аттангандардын биринчи дебатына НДПК, «Кыргызстан», «Тынчтык», «Айкөл Кыргызстан» жана «Ынтымак» партияларынын өкүлдөрү катышты. Алар шаардагы башаламан курулуштар... Читать дальше...
Адамзатка Олимпиаданы кайтарып берген француз барону Пьер де Кубертен аттуу адам болду. Анын демилгеси менен 1894-жылы Эл аралык олимпиада комитети түптөлүп, эки жылдан кийин биринчи оюн өткөн.
Аксыда өспүрүм кыз көз жарган окуядан улам 17 жаштагы бала кармалды. Кылмышка шектелген бала көз жарган өспүрүм кыздын жакын тууганы экени айтылды. Ушул тапта ымыркайга камкорчу дайындоо маселеси каралып жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматына ылайык Баткендин Лейлек районундагы Булак-Башы айылынын тургундары Майты аймагындагы 3 гектардай жердеги жазгы айдоо иштери токтотулганына нааразы болушкан. Лейлек районунун жетекчилиги Тажикстандын Согд облусунун Жаббор-Расул районунун бийлиги менен 2021-жылдын 24-мартында аталган аймак бир тараптуу чечилгенге чейин эч кандай чарбалык иш жүргүзбөө боюнча чечим кабыл алынганын элге түшүндүрүүдө. Чек ара кызматы Булак-Башы айылында ок атуу болбогонун билдирет. Читать дальше...
Дуулат Бейшеналиев - Апрель окуясына катышып, ок жеген. Ал азыр жардамга муктаж. 8 жылдан бери бир нече операцияны башынан өткөрүп, тилекке каршы, бүтпөгөн жарааты ракка айланган. Азыр ыңкылапчынын абалы начар. Ал дары-дармекке муктаж. Эң негизгиси - коррупция жоюлбай, эмгеги, саламаттыгы текке кеткенине кейийт.
Ооганстандык кыргыз Абдувахил Турдакун уулу 2017-жылы Памирден Кыргызстанга билим алуу үчүн келген. Ал ооган кыргыздарынын Кабулдагы өкүлү, кезинде парламент депутаты болгон маркум Атабек уулу Турдакун ажынын баласы. Абдувахил “Азаттык” радиосуна Кыргызстандагы турмушу, Памирде калган кыргыздарды алып келүү маселеси, жарандык алуу көйгөйлөрү тууралуу ой бөлүштү.
Жарандык активист, референдумга каршы үгүт тобунун жетекчиси Рита Карасартова мамлекеттен каржыланган КТРК, ЭлТР жана «Биринчи радиого» каршы Борбордук шайлоо комиссиясына даттанды. Ал арызында аталган үч медиа Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сындагандарга жана көз карандысыз юристтерге эфирден убакыт бербей жатканын жана бул мыйзамга каршы келерин белгилеген. Активист КТРКнын «Биринчи радиосунун» эфиринде алып баруучу Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан юристтер Сания Токтогазиева менен Таттыбүбү... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 6-апрелде Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорду талкуулап, аны жактырды. Документти жалпы парламенттин сессиясында биринчи окууда кароого жөнөттү. Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков даярдаган. Алардын демилгесине ылайык, "Тамчы" аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерге бир нече мейманканасы менен казино куруу каралган. Документте кумар оюндары ошол аймакта... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.