123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 09.04.2021

Батыш Орусияны Чыгыш Украинадагы кырдаалды курчутпоого чакырды

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери менен Орусиянын Украинанын чыгышындагы “чагымчылдыктары” жана “жалынга май тамызчу куру чечендиги” жөнүндө талкуулагандгын АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди. Тараптар Орусиянын өзү басып алган Крым жарым аралындагы жана Украинанын чек араларына жакын аймактардагы аскерлерди топтоосун дароо токтотушу керектигин баса белгилешкен. Блинкен, Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан жана Германиянын... Читать дальше...

Айзаданын өлүмүнө шектелген жигиттин сөөгү Алайга коюлат

Azattyk.org 

27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шектелген 36 жаштагы Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Турмуш айылына коюлат. Айылдаштары сөөктү жерге берүүгө жай даярдап коюшкан. Коңшулары Замирбектин үй-бүлөсү 25 жыл мурун Бишкекке көчүп кеткенин айтышты.

Орусиянын Тергөө комитети Манижанын ырын текшерет

Azattyk.org 

Москванын тергөө комитети тажик тектүү ырчы Манижанын "Орус аял" ырында кастыкты козутуу белгилери бар же жоктугун текшере баштады. Мекемеге "Ветеранские Вести" уюму арыз менен кайрылган. Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Манижа айым менен сыймыктанаарын айтты.



Спорт: Бишкекте дзюдо академиясы ачылды

Azattyk.org 

9-апрелде Бишкекте Кыргызстандын дзюдо академиясынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер, Азия дзюдо союзунун президенти Обейд Аль Анзи, Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев катышты. Мариус Визер Жолдошбек Көлбаевге дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатын бийик деңгээлде уюштуруп, өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана академиянын ачылышы менен куттуктады. Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын... Читать дальше...

Жаштарды жүдөткөн оорулар: кантип дарылайбыз?

Azattyk.org 

Жаштар арасында кандай оорулар кеңири жайылган? Безеткиден кантип арылабыз? Кантип арзан жана туура тамактанса болот? "Азаттык плюстун" кезектеги чыгарылышында ушул суроолорго адистер менен бирге жооп издейбиз.

Гагариндин ысымын алган космос кемеси Эл аралык космос бекетине жалгашты

Azattyk.org 

Жума күнү (9-апрелде) «Союз МС-18» космостук кемеси Эл аралык космос бекетине жалгашты. Башка маселелердеги ар кыл келишпестиктерге карабастан, Орусия менен Батыш космостук иликтөөлөрдө кызматташтыгын улантууда. 9-апрелде орусиялык «Союз МС-18» космостук кемеси Эл аралык космос бекетине узак мөөнөттүк экспедициянын жаңы тобун жеткирди. Экипаждын курамында “Роскосмос” агенттигинин космонавттары Олег Новицкий (командир) менен Пётр Дубров (учкуч), ошондой эле НАСАнын астронавты Марк Ванде Хай (Mark Vande Hei) бар. Читать дальше...

Рахмон: Ворух алмашылбайт

Azattyk.org 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына келди. Уурдалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын сөөгүн талаадан тапкан чабан "Азаттыкка" эксклюзивдүү интервью берди. Орусияда рубль арзандап, мындан 5 ай мурдагы минимумга түштү. //"Бүгүн Азаттыкта". 09.04.21.//



Камчыбек Ташиев: элге чек ара тууралуу так маалымат жетпей жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевдин төрагалыгында 9-апрелде чек ара маселесине арналган өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өттү. Анда 25-мартта кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын Ташкент шаарында кол коюлган протоколу талкууга алынды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды. Ага ылайык... Читать дальше...

Казакстандын Караганда облусунда карантин чаралары күчөтүлдү

Azattyk.org 

Караганда облусунда COVID-19 илдетинин жайылышына байланыштуу 12-апрелден тарта кайрадан чектөө чаралары киргизилгени жатат. Бул тууралуу 9-апрелдеги брифинг учурунда облустун башкы сантиардык врачы Юрий Залыгин билдирди. Ал ооругандардын көбөйгөнүн жергиликтүү тургундардын санитардык эрежелерди сактабай жатканы менен негиздеди. Азыркы учурда Карагандада COVID-19 илдетинин лабораториялык жактан тастыкталган 18 миң 715 учуру катталган. 12-апрелден тартып облуста көңүл ачуу жайлардын, балдардын оюн-зоок аянтчаларынын... Читать дальше...

Депутаттыкка аттанган өзбек аялдары

Azattyk.org 

Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак айыл аймагында 47 миңге чукул калк жашаса, алардын 81 пайызын өзбек тегиндегилер түзөт. Буга чейин айылдык кенеште бир гана аял депутат болгон. Быйыл 11-апрелде айылдык кеңешке 31 депутаттын 12 квотасы аялдарга берилген. Учурда 30дан ашуун аял кеңештин депутаты болууга ат салышууда. Талапкерлердин басымдуу бөлүгү өзбек тектүү аялдар. Мындай кадам өзбек коомунда аялдардын алгачкы жолу айылдык кеңешке жапырт аттанган учуру болуп калды. Үйдө бала карап, талаада кетмен көтөргөн кыз-келиндердин укугун коргоп... Читать дальше...

Азиялык мелдеште Жоламан менен Акжол алтын утту

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов Казакстандын Алматы шаарындагы спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Олимпиадага жолдомо берүүчү Азиялык мелдеште алтын байге утту. Алтын байге менен катар балбандар олимпиадалык жолдомонун ээси болду. Олимп оюндарына жолдомо берүүчү Азиялык мелдеш 9-мартта башталып, алгачкы күнүндө грек-рим күрөшүнүн балбандары килемге чыккан жана кыргызстандык беш балбан күч сынашты. 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков финалда Кытайдын балбаны Валихан Сайликени 4:3 эсеби менен жеңсе... Читать дальше...

Британ канзаадасы Филипп көз жумду

Azattyk.org 

Улуу Британиянын канышасы Элизабет Экинчинин күйөөсү, канзаада Филипп бүгүн, 9-апрелде 100гө таяган курагында көз жумду. Бул тууралуу Букингем сарайы билдирди. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон бул окуяга байланыштуу коомчулукка атайын телекайрылуу жасады: “Биз бүгүн каныша менен чогуу кайгырып жатабыз. Канышага жана анын бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө терең көңүл айтабыз. Эдинбург герцогу, канзаада Филиппке улуттун, падышалыктын атынан баскан жолу, жасаган иши үчүн рахмат айтабыз”,  - деди Жонсон. Читать дальше...

«Союз МС-18» космостук кемеси Эл аралык космос бекетине жалгашты

Azattyk.org 

9-апрелде орусиялык «Союз МС-18» космостук кемеси Эл аралык космос бекетине узак мөөнөттүк экспедициянын жаңы тобун жеткирди. Экипаждын курамында “Роскосмос” агенттигинин космонавттары Олег Новицкий (командир) менен Пётр Дубров (учкуч), ошондой эле НАСАнын астронавты Марк Ванде Хай (Mark Vande Hei) бар. (Буларды сак-сактап даяр турган кошумча экипажда “Роскосмос” агенттигинин космонавттары Антон Шкаплеров менен Олег Артемьев жана америкалык НАСА агенттигинин астронавты Энн Макклейн бар болчу.... Читать дальше...

Роза Айтматова: Аялдарга тең мүмкүндүк түзүлө элек

Azattyk.org 

Белгилүү коомдук ишмер, Аялдарды колдоо борборунун жетекчиси Роза Айтматова “Азаттыкка” сыябан -маек курду. Анда аялдар шайлоого жана башкарууга өжөр аракеттердин арты менен аралашып жатканын, өз укуктарын пайдаланууга тең мүмкүнчүлүктөр али түзүлө электигин белгиледи жана кыз-келиндерге карата зомбулукту айыптады.

Айзаданын өлүмү: жоопкерчилик кимде?

Azattyk.org 

Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 5-апрелде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде табылды. Бишкек шаардык милициясы аны уурдоого шектелген 31 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгонун билдирди. Айзада ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдан кийинки экинчи кыз болуп калды.

Кыргыздын намысына жараган Владимир

Azattyk.org 

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы Бишкектеги Азия жана  Океания чемпионатын бир алтын, бир коло байге менен жыйынтыктап жатат. Алтын байгени Владимир Золоев алса, коло байгени Кубанычбек Айбек уулу тагынды.

Чек ара: Эмомали Рахмон Ворухту алмашпайт

Azattyk.org 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын аймагындагы Ворух анклавын алмашуу ыктымалдыгын четке какты. Бул тууралуу 9-апрелде тажик президенти Ворухка барган учурда билдирди. Эмомали Рахмондун келишин утурлай жергиликтүү бийлик өзгөчө даярдангандай. Маалымат каражаттары кабарлагандай, президент Ворухтагы жаңы стадион менен маданий борбордун имаратын ачып, айыл чарба азыктарынын жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүнө катышты. Түштөн кийин Рахмон жергиликтүү тургундардын алдында сөз сүйлөп... Читать дальше...

УКМК Равшан Жээнбековдун судья карындашын айыптады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаардык сотунун судьясы Мира Жээнбекова мыйзамсыз баюуга шек саналып жатканын билдирди. Судья атайын кызматтын маалыматы чындыкка дал келбей турганын айтса, анын бир тууган агасы, коомдук ишмер Равшан Жээнбеков муну өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Атайын кызмат Бишкек шаардык судьясына мыйзамдуу киреше булагын көрсөтпөгөнү менен ага ондогон кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөр жана коммерциялык объектилер таандык экенин кабарлады. «Атап айтканда анын 74 кымбат батир... Читать дальше...


Музыкальные новости
Алла Пугачёва

«Отрешенность от РФ»: адвокат объяснил молчание Пугачевой о теракте в «Крокусе»





Персональные новости
Владимир Путин

Умер пермский художник, нарисовавший президента Путина с мячом





Үгүт учурунда президентке жолуккан талапкер жөнүндө арыз түшө элек

Azattyk.org 

«Ишеним» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешине талапкер Шаятбек Абдрахманов кечээ, 8-апрелде президент Садыр Жапаров өткөргөн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча ыкчам жумушчу кеңешмеге катышты. Иш-чарага өлкө аймагындагы бардык саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери чакырылган. Абдрахманов шайлоого аттанганча Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери жана саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору болуп иштеп келген. Мыйзамга ылайык, талапкер үгүт өнөктүгү учурунда жумушунан бошоп... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

10-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу жолдордо унаалардын аралыгы 500 метрден кем болбошун эскертти. Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16; Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 12…17 градус жылуу болот. Читать дальше...

Айзаданын өлүмү: 44 милиция кызматкери жазага тартылды

Azattyk.org 

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы боюнча иликтөөдөн кийин Ички иштер тармагындагы бир катар жетекчилер кызматынан бошотулду. ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун маалыматына караганда, алар өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгы үчүн ишинен алынды. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 9-апрелдеги буйругуна ылайык, Бишкек ШИИББнын башчысы Бакыт Матмусаев, анын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Эрлан Атантаев, Бишкек ШИИБнин Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов кызматынан бошотулду. Читать дальше...

Айзаданын өлүмү: прокуратура милициянын аракетине баа берет

Azattyk.org 

Бишкектин прокуратурасы Айзада Канатбекованын окуясынан улам милиция кызматкерлеринин иш-аракетин «шалаакылык» беренеси менен тергеп-иликтей баштады.  Ички иштер министри Улан Ниязбеков бул үрөй учурган трагедияда жоопкерчилигин сезерин айтканы менен, бир дагы жетекчиге, кызматкерге азырынча чара көрүлө элек. Бир үй-бүлөнүн жалгыз кызынын өлүмү коомчулукта укук коргоо органдарына карата сын-дооматты күчөттү. Прокуратура менен милиция Айзаданын киши колдуу болушу менен аяктаган окуяны териштирип... Читать дальше...

ИИМге шайлоо мыйзамдарынын бузулушу тууралуу 188 кайрылуу түштү

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигине (ИИИ) 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого үгүт учурунда мыйзам бузуу жөнүндо 188 кайрылуу түшкөн. Анын ичинен 31и - добуштарды сатып алуу аракети, калгандары административдик басымга байланыштуу дооматтар. Бул тууралуу ИИМдин тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов бүгүн, 9-апрелде "Таза шайлоо үчүн" деп аталган конференцияда билдирди. Анын маалыматына караганда,  төрт арыз сотко өттү.  "Ошто жана Токмокто добуш сатып алууга аракеттер жана... Читать дальше...

Норвегиянын премьер-министри эреже бузганы үчүн айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Норвегиянын премьер-министри Эрна Сульберг COVID-19 илдетине байланыштуу карантин маалында туулган күнүн белгилеп, ага ашыкча конок чакырганы үчүн айыпка жыгылганын полициянын башчысы Оле Северуд маалымат жыйында билдирди. “Адатта, полиция мындай эреже бузууларга эскертүү гана берет. Бирок бардык жарандардан эрежени сактоону талап кылган өкмөт башчысы өзү чектөөнү бузбоого тийиш болчу”, – деди полициянын башчысы Северуд. Быйыл февраль айынын аягында Норвегиянын премьер-министри Эрна Сульберг 60 жашка толуп... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Федерация бокса России на ВДНХ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Азаренко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Майами


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об открытии новых специальностей в области создания городской среды





Путин в России и мире
Москва

Наблюдательная миссия ЕС в Армении превращается в миссию НАТО.


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

«Зеленский кричит»: польский генерал рассказал, что творится в Киеве


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певица Ирина Понаровская перенесла концерт в Москве



Москва

Следствие попросило арестовать девятого фигуранта дела о теракте в «Крокусе»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net