Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 20.04.2021

Боомдо ат жалында казан астырган Элвис

Azattyk.org 

Мухиттен гана эмес, өткөн кылымдан да өтүп келген музыкалык мурастын даңазалуу ээси, атактуу ырчы, музыкант, актёр Элвис Пресли (Elvis Presley; (08.1.1935 – 16.8.1977) тууралуу Аманбек Дилденбай уулунун блогу.

Болот Миңжылкиев атындагы эл аралык опера фестивалы болот

Azattyk.org 

Болот Миңжылкиев атындагы IV Эл аралык опера  фестивалы 21-апрелде Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында башталат.  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, фестивалга Орусия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера  жылдыздары, мыкты вокалисттери катышат. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар тартууланат. Фестиваль бүгүн саат 18:00дө Жузеппе Вердинин "Аида" операсы менен ачылат. Читать дальше...

Чаддын президенти оппозиция менен кармашта каза тапты

Azattyk.org 

Чаддын 68 жаштагы президенти Идрисс Деби Итна 20-апрелде өлкөнүн батышындагы куралдуу оппозиция менен кармашта оор жараат алып, ошол күнү көз жумду. Ал жакында өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткени расмий жарыяланган. Бул тууралуу “Agence France-Presse” агенттиги Чаддын мамлекеттик телеканалына шилтеме берип кабарлады. Армиялык корпустун генералы саналган Деби республиканы дээрлик 31 жыл башкарды. Ал 1990-жылы өзүнө караштуу аскерлер менен баш калаа Нджаменаны басып алган. Идрисс Деби... Читать дальше...



Алматыдагы Кытай консулдугунда 72 күндөн бери митинг уланууда

Azattyk.org 

Бээжиндин мусулмандарга каршы саясатын айыптаган бул митингдин катышуучулары Шинжаңда калган туугандарын бошотууну талап кылышууда. Бул саясий акция 11 жума мурун башталган. Шейшемби күнү бул акцияга онго чукул аял чыкты. Бирок бул жолу да Казакстандын полициясы нааразылык акциясына чыккандарга Кытай консулдугунун дарбазасына жакындаганга мүмкүнчүлүк берген эмес. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады. Консулдуктан алыс өткөн митингде анын катышуучулары “Күнөөсүз камалган туугандарды бошоткула”... Читать дальше...

Тогуз партия «Ата-Журт Кыргызстанды» Ташиевге байланыштырды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы тогуз партия «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын бардык шаарларда өткөн шайлоолор үчүн каттоосун жана добуштарын жокко чыгарууну талап кылып чыкты. Алар партия мурда башкача аталышты алып жүргөнүн, мыйзамсыз атын өзгөртүп алганын билдиришүүдө. Мыйзамга ылайык, саясий уюм шайлоого алты ай калганга чейин катталышы керек. Буга байланыштуу «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын жана Борбордук шайлоо комиссияларынын жүйөсү башкача. Каттоого байланыштуу доомат «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын ишмердүүлүгүнө карата «Улуу Журт»... Читать дальше...

Элмирбек акындан калган мурас

Azattyk.org 

Белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин көзү өткөнүнө жыл айланды. Бүгүн ал күндү утурлай "Айтыш" коомдук фондунда өзү тарбиялаган шакирттери, замандаштары анын сөөгү коюлган "Ала-Арча" көрүстөнүндөгү бейитине барып куран түшүрдү.

Уу коргошундан ууланды делген адам ооруканага түштү

Azattyk.org 

Уу коргошундун тундурмасын ичип, ууланды делип божомолдонуп жаткан бир адам ооруканага туштү. Маалыматтарга караганда 63 жаштагы бейтаптын абалы начар. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу аракеттери уланып жатканын парламентте айтты. Ал эми депутат Жээнчороев 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин мамлекетке өткөн мүлктөрдү ээлерине кайтарып берүү туура эмес деди. //"Бүгүн Азаттыкта". 20.04.2021.//

Залкардын тиреги жана музасы өттү

Azattyk.org 

Белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова 79 жашында коронавирустан көз жумду. Чынгыз Айтматов атындагы эл аралык фонддун басма сөз кызматы "Азаттыкка" эксклюзивдүү сүрөттөр менен бөлүштү.



Элмирбексиз бир жыл

Azattyk.org 

Белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин көз өткөнүнө туура бир жыл толду. Анын жылдыгын утурлай "Айтыш" коомдук фондунда өзү тарбиялаган шакирттери, замандаштары анын сөөгү коюлган "Ала-Арча" көрүстөнүнө барып куран түшүрдү.

Комментарий жазуу эрежеси өзгөртүлдү

Azattyk.org 

“Азаттык” үналгысынын интернеттеги кыргыз, орус барактарында жарыяланган материалдарга көп жылдардан бери окурмандар атын жашырып, ар кандай жасалма, же жалган ысымдарды колдонуп пикир калтырып келишти. Өз ысымын ачык жазган окурмандар деле аз эмес. Бул, балким, кайсыл бир деңгээлде биз көтөргөн темалар боюнча коомдук талкууну кызытууга, калың элдин пикирин, көз карашы кандай экенин билүүгө, изилдөөгө көмөк болуп келгендир. Сөз эркиндиги басым-кысымга алынып, сын пикир айтуу кооптуу болуп турган... Читать дальше...

Навальныйды кароого барган дарыгерлер тобу палатага киргизилген жок

Azattyk.org 

Орусиядагы оппозициялык лидер Алексей Навальный жаткан абактын ооруканасына анын саламаттыгынан кабар алганы барган дарыгерлер тобу киргизилген эмес. Навальныйдын жеке врачы жана дарыгерлер кошуунунун башчысы Анастасия Васильева медиктер тобу колонияга барып, Навальныйды медициналык кароодон өткөрүү үчүн аны менен кездешүүгө уруксат сурап, бирок абак жетекчилиги бир нече саат күттүрүп, аягында ал өтүнүчтөн баш тартканын билдирди: “Биз бейтапты көрүү өтүнүчү менен телефон чалганыбызда бизге ал... Читать дальше...

Саясий буйрук аткаргандарды жазалоо сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште саясий буйрук аткарган соттордун, прокурорлордун, тергөөчүлөрдүн аракетине укуктук баа берүү маселеси көтөрүлдү. Парламенттин тармактын комитетинин соңку жыйынында депутат Наталья Никитенко былтыркы жыл үчүн отчет берип жаткан башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, эгер мындай баа берилбесе коомдогу ишенимге доо кетерин эскертти: "Мыйзамсыз, саясий чечимдерди чыгарган тергөөчүлөргө, прокурорлорго, сотторго баа берилиши керек. Эгер алардын ишине баа берилбесе, коомдун ишеними азаят". Читать дальше...

Сузакта мандат талаш чыкты

Azattyk.org 

Жалал-Абаддагы Сузак айылдык кеңешиндеги 31 мандаттын 12си аялдарга берилген. Соңку шайлоого бул аймактан 30дан ашуун кыз-келин талапкер болгон. Алардын бири - Арапат Юлдашева добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгына ылайык утуп чыкканын айтат. Аймактык шайлоо комиссиясы болсо ал аз добуш топтогон деген жүйө менен мандатты башка аялга берген. Юлдашева мандат талаштын айынан сотко кайрылганы жатат.

COVID-19: Бишкекте шаар күнү жана Жеңиш майрамы белгиленбейт

Azattyk.org 

Коронавирус менен ооругандар көбөйө баштагандыктан, Бишкек шаарынын күнүнө жана Жеңиш майрамына карата салтанаттуу ири иш-чаралар өткөрүлбөйт. Эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул комиссиянын 20-апрелдеги отурумунда ушундай чечим кабыл алынды. 29-апрель - Бишкек шаарынын күнү, 9-май - Жеңиш майрамы. Борбор калаада COVID-19 илдетин жуктургандар көп болгондуктан, "кызыл зона" деп жарыяланган. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын... Читать дальше...

"Кемпир-Абад": Ташиевдин убадасы, элдин санаасы

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 19-апрелде "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди алмашууга каршы чыккандар менен жолукту. Жолугушуу Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында өттү.

Орусия эки болгар дипломатын өлкөдөн чыгарат

Azattyk.org 

Москва 20-апрелде Софияга тыңчылык тууралуу айып койду жана өткөн айда Болгариядан эки орус дипломатынын чыгарылышына жооп кылып, бул өлкөнүн элчилигинин эки кызматкерин “персона нон-грата” деп жарыялады. Мындан улам аларды чукул арада Орусиядан чыгарууну чечти. Орус Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө болгар элчиси эки орус дипломаты бир ай мурун Софиядан чыгарылгандан кийин министрликке чакыртылганы,  ага нааразылык нотасы тапшырылганы айтылат.  Болгариянын башкалаасы Софияда жана Перник... Читать дальше...

“Ак Мөөр” сахнага кайтып келди

Azattyk.org 

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жамааты композитор Жумакадыр Каниметов иштеп чыккан “Ак Мөөр” опера-дастанын калың элге тартуулады. Алгач 1993-жылы көрүүчүлөргө тартууланган “Ак Мөөр” 2000-жылдардан бери сахнада коюла элек болчу. Ак Мөөр XIX кылымда жашаган тарыхый инсан Жантай Карабек уулунун жубайы болгон. Кыргыз тарыхында ал тууралуу маалыматтар бар. 1969-жылы режиссер Мелис Убукеев "Ак Мөөр" тасмасын тарткан.

Кыргызстанга көчүп келгендер жана журт которгондор азайды

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы соңку миграциялык агым тууралуу сандарды жарыялады. Ага ылайык, 2020-жылы жалпысынан Кыргызстанга көчүп келгендер дагы, чет өлкөлөргө узак убакытка кеткендер, журт которгондор дагы азайган. Бирок өлкөгө келгендердин санынан чет мамлекетке туруктуу жашоо үчүн (же ал жакта узак мөөнөт жашоого) чыгып кеткендердин санынын ашыктыгы байкалган. Натыйжада, калктын миграциялык агымы (Кыргызстанга келгендердин жана чыгып кеткендердин сандарынын ортосундагы айырма) 21 пайызга төмөндөдү. Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

Певец Розенбаум похвастался возрождением сети советских пивных в Петербурге





Персональные новости
Сергей Собянин

Собянин: Москва завершает переход на новый стандарт экстренной медпомощи





Пандемия адам укуктарын чектеди

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынын кесепетинен Кыргызстанда адам укугу жаатындагы абал начарлады. Укук коргоочулар өзгөчө балдардын, аялдардын жана жабык жайлардагы адамдардын укугу көбүрөөк тебеленгенин белгилешет. Пандемияда балдардын билим алуу укугу бузулду Коронавирустун айынан Кыргызстанда былтыр март айында бардык мектептер аралыктан окутууга өткөн. Баткен районундагы Сабыр Момунов атындагы мектептин мугалими Гүлайым Эргешова бул жагдай балдарды билим алуу укугун чектеди деген пикири менен бөлүштү... Читать дальше...

Ооганстан: жоочулардын чабуулдары кеминде 12 кишинин өмүрүн кыйды

Azattyk.org 

Ооган өкмөтүнүн Бадахшан провинциясындагы өкүлү Закира Ариандын билдиришинче, 20-апрелде Зебак районундагы бекетке жоочулардын түнкү кол салуусунан сегиз полиция кызматкери окко учуп, дагы экөө оор жарадар болду. Жергиликтүү полиция кандуу окуя болгонун ырастады, бирок адам курмандыктарын тактаган жок.  Tolo News маалымат агенттигинин булагы жоочулар арасында дагы жабыркагандар болгонун кабарлады. Герат провинциясында болсо жоочулардын чабуулунан кеминде коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкери каза таап, дагы 15 адам жарадар болду. Читать дальше...

"Temirov lIVE": Бишкектеги хан сарай Сарыбашовдун тууганына катталган (видео)

Azattyk.org 

Болот Темиров баштаган иликтөөчү журналисттердин "Temirov LIVE" каналы 19-апрелде Бишкек шаарындагы курулуп жаткан хан сарай Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тууганына катталганы тууралуу видео жарыялады. Анда журналисттер борбор калаанын Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан имарат 2018-жылдын 16-февралында Осмонова Бурулкан Бакытбековнанын атына катталганын аныктаган. Интернеттеги ачык булактар аркылуу журналисттер Бурулкан Осмонова Таалайбек Сарыбашовдун бир тууганы Патила Сарыбашованын кызы экенин табышкан. Читать дальше...

Бюджетке түшпөй калган миллиарддар

Azattyk.org 

Жылдын алгачкы кварталында Кыргызстандын бюджети планга толук жетпей калды. Негизинен бажы жана башка тармактардан түшкөн киреше азайды. Өкмөт мунун себебин экономиканын төмөндөгөнү жана экспорт-импорттун азайганы менен түшүндүрүүдө. 2021-жылдын бюджети ансыз да дефицит менен кабыл алынган, айрымдар бул темп уланса, тартыштык болжолдонгондон көп чыгарын эскертишүүдө. Бул тема «Элдик экономика» түрмөгүндө талданды. Үч айдын жыйынтыгы Республикалык бюджеттин 2021-жылдын январь-март айына карата... Читать дальше...

Акын Элмирбек Иманалиевдин ашы 22-апрелде өтөт

Azattyk.org 

Белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин көз өткөнүнө туура бир жыл болду. Бүгүн, 20-апрелде "Айтыш" коомдук фондундагы акын өзү тарбиялаган шакирттери жана замандаштары анын сөөгү коюлган "Ала-Арча" көрүстөнүндөгү бейитине барып эскеришти. “Айтыштын”  төрагасы Асылбек Маратов “Азатыкка” акындын ашы 22-апрелде өтөрүн билдирди.   Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Төрт жашынан тамга таанып, жети жашынан комуз кармап ырдай баштаган. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Вероника Кудерметова завершила выступление на турнире WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Концентрация песка в городском воздухе возвращается к обычным значениям





Путин в России и мире
Москва

Петербургский автопром вышел из кризиса, заявил Беглов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Басманный суд Москвы арестовал продюсера Reuters Константина Габова за помощь ФБК в подготовке материалов



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Шнуров

Матильда Шнурова примерила откровенный наряд в сетку



Москва

Восьмиклассник из Москвы сделал огнемет и устроил пожар на даче соседей

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net