Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 15.04.2021

Молдова: Конституциялык сот президенттин парламентти таратуу укугун тааныды

Azattyk.org 

Конституциялык сот президент Мая Сандунун парламентти таратып, жаңы шайлоо жарыялоо укугунун мыйзамдуулугун аныктап, анын өтүнүчүн канааттандырды. “Бул чечим акыркы жана даттанууга жатпайт” деп билдирди соттук кароонун аягында Молдованын Конституциялык сотунун төрайымы. Президент Мая Санду социалисттер үстөмдүк кылган кремлчил парламентти "анын реформа жүргүзүү демилгесине тоскоолдук кылууда" деп айыптаган. Буга байланыштуу ал парламентти таратып, жаңы шайлоо дайындоо демилгесин бир нече ирет көтөргөн. Читать дальше...

Ташиев: Матраимовду бошотконго мажбур болдук

Azattyk.org 

УКМК Райымбек Матраимовго карата сотко чейинки териштирүүнү токтотуп, аны камактан чыгарды. Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин Ички иштер министринин отставкасын талап кылып митингге чыккандар белгисиз адамдар тарабынан куулду. //"Бүгүн Азаттыкта". 15.04.21//

Бийликтин коррупцияга каршы саясаты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кылмыштуу кирешени легалдаштыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуп, аны камактан бошотту. Ошону менен бирге атайын кызмат октябрдан бери коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында 5 млрд. сомду мамлекеттик казынага кайтарганын билдирди. Жемкорлукка каршы күрөш кыргыз коомчулугунда талкууланган башкы темалардын бири болуп жатат. “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында ушул теманы талкууладык. Читать дальше...



Франция жарандарына Пакистандан чыгып турууну сунуштады

Azattyk.org 

Буга соңку мезгилде Пакистанда француздарга каршы маанайдагы каршылык акцияларынын толкуну себеп болду. Француз бийлиги Мухаммед пайгамбардын азил сүрөтүн чыгарган журналдын укугун колдошун Пакистандагы көптөгөн мусулмандар шылдыңдоо катары кабыл алышты. Бул жуманын башында француз элчисин өлкөдөн чыгарууну талап кылган пакистандык исламчылар алардын лидеринин кармалышына каршы көчөгө чыгып, полиция менен кагылышты. “Пакистандагы француз кызыкчылыгына олуттуу коркунуч туулганына байланыштуу... Читать дальше...

Өзөктүк келишим: Ирандын кооптуу билдирүүсү

Azattyk.org 

Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди жандандыруу максатында сүйлөшүүлөр башталып жатат. Бул жолугушуу Тегеран Натанздагы өзөктүк заводго чабуулга жооп катары уранды 60 пайызга чейин байытууга камынып жаткан учурга туш келди. Австриянын борбору Венада Ирандын жана дүйнөнүн ири беш державасынын өкүлдөрү 2015-жылы кол коюлган өзөктүк программаны жандандыруунун жол-жобосун талкуулоо үчүн чогулушту. Бул жолугушуунун биринчи айлампасы апрелдин башында Венада өткөн. Ага алты жыл мурдагы... Читать дальше...

«Бийлик Матраимовду жоопко тартууга кызыкдар эмес»

Azattyk.org 

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бошотулушу тууралуу анын ишмердигин “Азаттык” жана “Клооп” медиасы менен чогуу иликтеген “OCCRP” уюмунун улук редактору Илья Лозовский маек берди.

Айзаданын өлүмү: Зомбулукка каршылар чабуулга кабылды

Azattyk.org 

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин 15-апрелде аялдардын укугун коргоону талап кылып чыккан активисттердин акциясын белгисиз топ үзгүлтүккө учуратты. Ички иштер министрлигинин имаратынын жанына чыккан активисттер коопсуздугунан улам ал жерден кетип калууга аргасыз болушту. Айрым укук коргоочулар муну атайын уюштурулган чагым катары баалашса, башкалары кескин сындап жатышат. Белгисиз адамдардын чабуулу Бишкекте айрым жарандык активисттер, шаар тургундары аялдарга... Читать дальше...



Зомбулукка каршылар коркутууга кабылды

Azattyk.org 

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин 15-апрелде аял укугун коргоону талап кылып чыккан активисттердин акциясын белгисиз топ үзгүлтүккө учуратты. Ички иштер министрлигинин имаратынын жанына чыккан активисттер коопсуздугунан улам кетип калууга аргасыз болушту. Айрым укук коргоочулар бул атайын уюштурулган чагым экенин айтып, кескин сындап жатышат.

Балтика өлкөлөрү Украинага тилектештигин билдиришти

Azattyk.org 

Латвия менен Литва Киевди колдоп, Москваны Украинага күчүн көргөзүүдөн алыс болууга чакырган билдирүүсүн жарыялашты. Бул эки Балтика мамлекетинин тышкы иштер министрлери Киевде биргелешкен басма сөз жыйынын өткөрүп, билдирүү таратышты. Анда Орусиянын Украинанын чек арасына жакын аймактарга ашыкча көп аскерлерин киргизип, аскердик техниканы жайгаштырганы чөлкөмдө абалды курчутуп, чыңалууга өбөлгө түзүп жатканы көрсөтүлгөн. Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс “Украинаныкы азыр укуктук жана моралдык жактан да туура. Читать дальше...

Бишкекте төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өттү

Azattyk.org 

Бишкекте таанымал төкмө акын, комузчу, маркум Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өттү. Борбор калаанын №27 китепканасынын жамааты уюштурган “Булбулу элең элиңдин” аттуу иш-чарага маркумдун үй-бүлөсү, жакындары, замандаштары, мектеп окуучулары катышты. Кеченин жүрүшүндө Иманалиевдин обондуу ырлары аткарылып, көркөм окулду. Аны жакындан таанып-билген замандаштары кызыктуу окуяларды эскерип, айтып беришти. Ал эми өзү тарбиялап кеткен шакирттери төкмө акындын өнөргө салган даңгыр жолун даңазалап ырдашты. Читать дальше...

Руслан Акматбек: Матраимовдун схемасы токтодубу же жокпу, белгисиз болууда

Azattyk.org 

Жарандык активист Руслан Акматбек бийлик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов түзгөнү айтылган коррупциялык схема жоюлдубу же жокпу деген суроого жооп бере албай жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал 15-апрелде «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» көрсөтүүсүндө айтты: «Коомчулуктагы эң чоң суроолордун бири – Матраимовдун ушул схемасы  токтодубу же токтогон жокпу? Бийлик бүгүнкү күндө ушул суроого жооп бере албай жатат”. Көрсөтүүгө катышкан мурдагы вице-премьер-министр... Читать дальше...

Ташиев: Матраимовдун четтеги мүлкү табылган жок

Azattyk.org 

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовго карата сотко чейинки териштирүү токтотулду. Ошондой эле анын бөгөт чарасы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” билдирди. Матраимовду атайын кызмат экинчи жолу 18-февралда камакка алган.

Мамбеталиева: Матраимов "Магнитский тизмесине" жөн эле киргизилген эмес

Azattyk.org 

Коррупцияга айыпталып, камалган Райымбек Матраимовдун кылмыш иши токтотулганы - анын күнөөсүз экенин аныктабасын эксперт Эркеайым Мамбеталиева билдирди. Ал "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында сүйлөп жатып, Матраимовдун коррупцияга тиешеси бар экени чет өлкөлөрдө да аныкталганын айтты: «Матраимов "Магнитский тизмесине" киргизилгенин баарыбыз эле билебиз. Бул тизмеге ал жөндөн-жөн эле кирген эмес. Анын ары жагында көп изилдөөлөр, банктардан алынган далилдер турат. Мына ошонун баарынын негизинде киргизилген. Читать дальше...

«Ак шумкалардын» күттүргөн беттеши

Azattyk.org 

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндары 1,5 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан улана турган болду. Мелдештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат. Кыргызстан ойногон F тайпасы Жапонияда бактысын сынайт 1,5 жылдык тыныгуудан кийин оюн талаасына чыгууга камданып турган “Ак шумкардын” башкы машыктыруучусу Александр Крестинин 14-апрелде журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, команданын оюнга даярдыгы тууралуу буларды айтты... Читать дальше...

Акыйкатчы УКМКны Матраимовдун иши эмнеге жабылганын ачык айтууга чакырды

Azattyk.org 

Акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата козголуп, кайра жабылган иш тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берүүгө чакырды. 15-апрелде Мамытов “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып: “Материалдарды жарыкка чыгарса. Эмненин негизинде, кайсы жерден кандай жооп келген? “Азаттык” радиосунун кабарчылары 15-20 суроо коюп кетишкен. Ошолорго жооп берип, ачык жарыялап койсо кооомчулук чийки май жегендей сезимде болбой... Читать дальше...

Осмоналиев: Матраимов акталган жок, демек ишине чекит коюла элек

Azattyk.org 

Бул тууралуу юрист Кайрат Осмоналиев "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында билдирди. Юристтин айтуусунда, ар кандай булактардан кандайдыр бир далилдер табылса, башка кадамдар болушу мүмкүн: "Матраимов мурунку иштерин мойнуна алып, күнөөлүү болуп табылган. Ал тергөө менен келишип, келтирилген чыгымды төлөп, мүлкүн мамлекетке өткөрүп берди. Ошондуктан, мунун ишине чекит коюла элек. Эгер эми да ар кандай булактардан, мисалы, "Азаттыктан" же тергөөдөн кандайдыр бир далилдер табылса, кырдаал өзгөрүшү мүмкүн". Читать дальше...

Ташиев: Матраимовдун чет жактардагы мүлкү аныкталган жок

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга айыпталып камалган Райым Матраимовдун абактан бошотулушу боюнча "Азаттыкка" буларды айтты. «"Азаттыктын" жана Али Токтакуновдун иликтөөсүнүн негизинде бизге "Матраимовдун чет жактарда мүлкү бар, ошону караган жоксуңар" деген дооматтар айтылган. Биз аны качырбоо үчүн кармап, камадык. КМШ өлкөлөрүнүн баарына, Кытайга, Түркияга, Араб Эмираттарына жана башка бардык чет өлкөлөргө суроо-өтүнүч жиберип, Райымбек Матраимовдорго... Читать дальше...


Музыкальные новости
Баста

Рэпер Баста благословил девушку на брак во время своего концерта





Персональные новости
ВДНХ

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ





Жаш муундар Элмирбек акынды эскеришти

Azattyk.org 

Кыргыз менен казакка таанымал төкмө акын, комузчу, маркум Элмирбек Иманалиевди эскерип, №27 китепкананын жамааты маданий иш-чара уюштурду. Эскерүүгө маркумдун үй-бүлөсү, жакындары, замандаштары катышкан. Акындын чыгармачылыгын мектеп окуучулары бүгүн дагы бир ирет даңазалашты.

Садыр Жапаров Кыргызстанда 3 миң дарыгер жетишсиз болуп жатканын айтты

Azattyk.org 

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын саламаттык сактоо системасында 3 миң жумуш орду бош турат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде президент Садыр Жапаров Бишкектин жана Чүйдүн коронавирус болгон бейтаптарды дарылап жаткан ооруканаларын кыдырганда айтты. Мамлекет башчысы дарыгерлер маянанын аздыгынан жумушун таштоого мажбур болгонун, бул маселе алардын айлыгын көбөйтүү жана иш шартын жакшыртуу аркылуу чечилерин билдирди. Медицина кызматкерлери үчүн мамлекеттен ипотекалык насыя алуу жолу жеңилдетилип, алардын турак жай алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты.

Мандат алган өзбек айымдарынын мүдөөсү

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Сузак айыл аймагында айылдык кенешке келчү 31 депутаттын 12 квотасы аялдарга берилип, мандат үчүн 30дан ашуун аял талапкер болду. Өзгөчө бул жолу шайлоого өзбек улутундагы аялдардын жигердүү катышканы жергиликтүүлөр үчүн чоң жаңылык болууда. Үйдө бала карап, талаада кетмен көтөргөн кыз-келиндердин укугун коргоп, билимге умтулган жаштарга дем берген депутат аялдар тууралуу айтып беребиз. Хапизахон Сатыбалдиева 63 жашта. Ал 1993-жылы Ташкентте агрономдук окуу жайды аяктаган. Читать дальше...

Коррупцияга каршы күрөшкө элдин баасы жана сыны

Azattyk.org 

Кыргызстанда коррупцияга айыпталган бир нече киши абактан бошотулду. Бийлик алардын айрымдары мамлекетке ири өлчөмдө акча төлөп бергенин кабарлады. Ал эми карапайым эл элкоррупцияга каршы күрөшкө кандай баа берет? "Азаттык" Бишкектин тургундарына микрофон сунду.

Монополияны жөнгө салуу агенттигин Кеңешбай Тайлаков жетектейт

Azattyk.org 

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Монополияны жөнгө салуу агенттигинин директору болуп Кеңешбай Тайлаков дайындалды. Мекеменин 15-апрелдеги маалыматына караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. 14-апрелде Тайлаков ишке расмий киришкени белгилүү болду. Ал буга чейин агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп келген. (NT)

Пригородное айылындагы аялдардын насыя боюнча нааразылык акциясы аяктады

Azattyk.org 

Чүй облусунун Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратында уюштурулган нааразылык акциясы аяктады. “Азаттык” радиосунун кабарчылары жеринен маалымдагандай, 15-апрелде он чакты аял айыл өкмөтүнүн жанына чогулуп, насыя маселесин чечип берүүнү өтүнүштү жана эгер талабы аткарылбаса өзүнө өрт коюуга чейин барарын билдиришти. Алардын айрымдары үстүнө бензин чачып, жанына от жандыруучу каражаттарды алып отурушту. Аялдар пандемия учурунда жумушсуздук күчөгөнүн, ошонун айынан эл насыяларын төлөй албай кыйналып жатканын белгилеп... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Вероника Кудерметова завершила выступление на турнире WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Zoomlion продемонстрировала последние достижения на выставке INTERMAT





Путин в России и мире
Москва

Мария Захарова раскритиковала высказывание Нэнси Пелоси о Путине и протестах в США


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Дух разделения в Святой Руси, или Можно ли лишиться сана за отпевание Навального*



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



The Beatles

«Если прищуриться, мы похожи на The Beatles» // Евгений Цыганов о своей карьере музыканта



Москва

Актриса из Мурома снялась в российской адаптации турецкого сериала "Постучись в мою дверь"

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net