Эрдоган Зеленский менен жолугушуудан соң Чыгыш Украинадагы окуяларга тынчсызданганын билдирди
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 10-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийин Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагындагы дүрбөлөңдүү окуяларды дароо токтотууга чакырды. Стамбулдагы үч сааттан ашуун убакытка созулган жолугушуу Зеленскийдин мурда пландаштырылган иш сапарынын алкагында өттү. Бирок бул сүйлөшүүлөр Украинанын чыгышындагы узактан бери созулуп келе жаткан согуштук жаңжалга байланыштуу Киев менен Москванын ортосундагы жаңы тирешүүгө дал келди. ... Читать дальше...