Ирактагы америкалык аскерлер жайгашкан базага ракета атылды
Ирактын баш калаасы Багдаддын түндүк тарабындагы америкалык аскерлер келишимдик негизде кызмат кылган Балад аба базасы ракеталык аткылоого кабылды. Бул маалыматты Ирактын коопсуздук тармагындагы жетекчилери ырасташты. Алардын айтымында, 18-апрелдеги чабуулдан Ирактын эки коопсуздук кызматкери жараат алды. Соңку бир канча аптадан бери Ирактагы АКШнын күчтөрү жайгашкан аскердик жайлар ар кандай чабуулдарга туш болуп келет. Жекшембидеги ракеталык чабуулга эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек. Бирок... Читать дальше...