Бирма: Хунта Су Чжиге жаңы айып такты
Бирмадагы аскердик төңкөрүш уюштурган хунта өлкөнүн жарандык лидери Аун Сан Су Чжиге жаңы айып такты. Бул ирет ал мамлекеттик сыр боюнча мыйзамды бузган деп күнөөлөнүүдө. Ушуну менен саясатчы айымга бешинчи айып тагылып жатат. Ага ылайык, жарандык өкмөттү фералга чейин жетектеп келген Аун Сан Су Чжи 14 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Буга чейин ага өлкөгө мыйзамсыз түрдө рация алып кирген, колдонгон, өзгөчө абал режимин бузган жана пара алган деген кинелер коюлган. "СNN" каналынын маалымдашынча... Читать дальше...