Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 13.04.2021

Байден Путинге чалып, Украинанын коопсуздугу жаатында саммит өткөрүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден орусиялык кесиптеши Владимир Путинди Украина менен болгон чыңалууну азайтуу үчүн чараларды көрүүгө үндөдү. Вашингтон менен НАТО Киевди колдой тургандыгын ырастап жаткан маалда, Байден үчүнчү бир мамлекетте эки лидердин жогорку деңгээлдеги жолугушуусун өткөрүүнү сунуш кылды. Ак үйдүн билдирүүсүндө: 13-апрелде Путин менен болгон телефондон сүйлөшүүсү маалында Байден "Орусия каратып алган Крымда жана Украинанын чек арасына жакын аймактарда күтүлбөгөн жерден орусиялык куралдуу... Читать дальше...

Байден АКШ аскерлерин Ооганстандан 11-сентябрга карата чыгарат

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден 2001-жылдын 11-сентябрындагы ири террордук кол салуунун 20 жылдыгына карата Ооганстандан бардык америкалык аскерлерди чыгарып кетет. Бул тууралуу “Washington Post” гезити жана “Reuters” кабар агенттиги өз булактарына таянып маалымдашты. Ошентип, бул чечим аркылуу Америка жүргүзгөн эң узак согушка быйыл күзүндө чекит коюлмакчы. Вашингтондогу Ак үйдүн билдиришинче, президент Байден 14-апрелде АКШнын аскерлеринин Ооганстандан чыгарылып кетишинин жагдайлары боюнча атайын чыгып сүйлөйт. Читать дальше...

«Мегаком» ишине Жапаровдун доорунда чекит коюлду

Azattyk.org 

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бир жарым жылдан бери жүрүп келе жаткан сот иши аяктады. Үч президенттин тушунда, ар кандай жагдайда уланган сот процессине чекит коюлуп, прокурорлор айып коюудан баш тартты. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айнура Сатарова "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, аларды актоо тууралуу өкүм чыгарды. «1997-жылдын 1-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Жазык... Читать дальше...



Навальный Куранды киргизбей жатканы үчүн түрмө жетекчилигин сотко берди

Azattyk.org 

Абактагы орус оппозиционер Алексей Навальный өзү отурган Покровдогу түзөтүү колониясынын жетекчилигине каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу саясатчынын "Инстаграмдагы" баракчасына чыккан билдирүүдө айтылат. Навальный түрмө жетекчилиги Куранды алып кирүүгө уруксат бербей жатканын билдирүүдө. Саясатчынын ырасташынча, абакта мусулмандардын ыйык китебин жана пайгамбардын сүнөттөрүн окууну максат кылган, бирок ага түрмө администрациясы тоскоол болууда. “Мен бул жакка бир ай мурун келгенде толгон китеп ала келгем. Читать дальше...

Бишкектен табылган бала документ иштери бүтмөйүнчө энесине берилбейт

Azattyk.org 

12-апрель күнү Бишкектеги 3-кичирайондогу оюн аянтчасында кароосуз жүргөн эки жашар баланын энеси табылды. Милиция баланын ата-энесин издеп, сүрөтүн соцтармактарга жарыялаган соң, 13-апрелде "баланын энесимин" деп 22 жаштагы М. С. аттуу аял кайрылган. Келин Беловодскиде жашай турганын, Бишкекке туугандарыныкына келгенин, ал жактан чыккандан кийин адашып калып, баласын жоготуп алганын билдирген. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, аял бөлүмгө баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып келген. Читать дальше...

Орок: Эркек депутаттарды нааразы кылган 30% квота

Azattyk.org 

Чүйдүн Сокулук районундагы Орок (Жогорку Орок) айылында айрым эркек талапкерлер жергиликтүү кеңештердеги аялдардын 30% квотасына каршы чыккан. Бул окуя териштирилип жатат. 11-апрелдеги жергиликтүү шайлоодо биринчи жолу республика боюнча аялдардын 30% квотасы колдонулду. Айрым аймактарда аялдар 50 пайызга чейин добуш алган. Шайлоодогу гендердик курам боюнча иликтеген топ маалымат жыйында квотадан тышкары, чоң көрсөткүчтү алган аял депутаттар болгонун белгиледи.

Текебаев 4 млн. сомдон баш тартты

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Мегаком» иши боюнча «Ата-Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебавди, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду толук актады. Сокулук районуна караштуу Орок айылында 9 аял депутаттык мандат алат. Айрым эркектер ага каршы. //"Бүгүн Азаттыкка". 13.04.21.//

Украинанын башкы дипломаты НАТОго кайрылды

Azattyk.org 

Украинанын тышкы иштер министри өлкө чыгышындагы абалды курчутпоо үчүн НАТОну жана Батыш өлкөлөрүн Орусияга чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу Дмитрий Кулеба Брюсселде НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолуккан соң басма сөз жыйынында билдирди. Ал "Орусияны агрессивдүү аракеттерден баш тарттыруу үчүн чаралар керек" экенин билдирди. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг соңку кырдаалга тынчсыздануусун билдирди: “НАТО кырдаалга көз салууда. Акыркы аптада Орусия Украинага жакын чек арага миңдеген аскерлерди жөнөттү. Читать дальше...



Тышкы иштер министри: Натанздагы авария Ирандын позициясын бекемдейт

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Натанздагы уран байытуучу заводго чабуулду «абдан начар авантюра» деп атады. Зариф бул тууралуу 13-апрелде Тегеранда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккандан кийин басма сөз жыйынында билдирди. Ал Натанздагы заводдогу авария өзөктүк келишим боюнча Ирандын позициясын бекемдерин кошумчалады. "Эгер израилдиктер Иранга карата санкцияларды алып салуу боюнча аракетти токтотобуз деп ойлошсо, анда алар абдан начар оюнду башташыптыр”-деди Зариф. Читать дальше...

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиянын мүчөлөрү ачкачылык жарыялайт

Azattyk.org 

Ачкачылык акциясы Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында, атайын тигилген чатырда башталат. Бул тууралуу 13-апрелде "Кыргызстан коммунисттери" партиясынын төрагасынын орун басары Рысбек Тойбеков БШКнын алдында өтүп жаткан митингде билдирди: "14-апрелден тартып биздин партиянын өкүлдөрү бул жерге чатыр тигип, ачкачылык жарыялайбыз. Акциябыз үч күн болот. Бизди угушпайт экен, ошондуктан, ушундай жолдорго барууга аргасызбыз". Тойбеков акцияга кошулууну башка партияларга да сунуштады. 11-апрелде... Читать дальше...

Жалал-Абаддагы эмдөө: элдин маанайы

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунда 10-апрелден тартып COVID-19 вирусуна каршы эмдөө башталды. Үч күндө 101 жаран вакцина алды. Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү Кытайдын «Sinopharm» вакцинасы менен 29-мартта баштаган. Жалал-Абадда эмдөө кандай жүрүп жатканы туулалуу видео баянды сунуштайбыз.

Сегизбаевдин иши: Жанарбек Акаев суракка чакырылганын билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевге карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу сурак берип чыкты. Бул тууралуу депутат 13-апрелде журналист Али Токтакунов менен интервьюсунда билдирди. "Эч жакка айта элек элем. 15 күн мурда дагы УКМКга күбө катары суракка чакырышты. Мен суракка бардым. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу деп кол коюп бердим. Абдил Сегизбаевдин иши боюнча. "Ушуга көрсөтмө бересизби, убагында ушинттиңиз эле" дешти. Читать дальше...

Ош шаарында мектеп окуучуларынан коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

Ош шаарындагы "Жетиген" менчик мектебинин 3-классынын окуучусунан COVID-19 вирусу аныкталган. Бул маалыматты Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаарындагы координатору Кыялбек Ташполотов журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, илдет кызга атасынан жуккан. "Бир үй-бүлөдөн төрт кишиден чыкты. Эки кызы шаардагы "Олимп" жана "Жетиген" мектептеринде окушат экен. Атасы вируска Бишкектен кабылып, кийин үй-бүлөсүнө жуктурган. Учурда бул кыздар окуган мектептерге барып, тийиштүү санитардык зыянсыздандыруу иштерин жүргүздүк. Читать дальше...

COVID-19: эмдөө ыргагы жай, өлүм токтогон жок

Azattyk.org 

Кыргызстанда COVID-19 илдетинин курмандыктары кайрадан арбый баштады. Акыркы суткаларда өлкөдө вирустан улам үч-төрттөн же, беш-алтыдан киши каза болуп жатат. Жагдайга байланыштуу эпидемиологиялык чаралар күчөтүлүүдө. Бирок ошол эле убакта коронавируска каршы эмдөө жай жүрүүдө. Күчөгөн коронавирус Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб соңку суткаларда COVID-19 илдетин жуктургандар да, андан каза болгондор да көбөйгөнүн коңгуроо кагып жатат. Март айында эле күн сайын 100дөй адамдан вирус жаңы аныкталып жатса... Читать дальше...

Дүйнөдөгү эң бай 15 киши. Сүрөттөр

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Forbes журналы жакында эле жыл сайын жарыялоочу дүйнөнүн эң бай адамдарынын рейтингин чыгарды. Байлыгына сан жетпеген кишилер кандай болорун, алардын мүлкү тууралуу Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн окуңуз.

УКМК мамлекетке чыккынчылык кылган деген жарандарды кармады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) М.К. жана М.Т. аттуу кыргызстандыктарды мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен камакка алды. Мекеменин басма сөз кызматы 13-апрелде тараткан маалыматта алар тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында кармалганы, чыккынчылык кылганы тууралуу далилдер бар экени айтылат. Атайын кызмат кылмыш ишиндеги жашыруун сырдын даражасын эске алуу менен бул факт тууралуу кененирек маалымат коомчулукка жарыяланарын кошумчалады. Кыргызстанда буга чейин дагы... Читать дальше...

Байден элин сабырдуулукка чакырды

Azattyk.org 

АКШнын Миннесота штатынын Бруклин-Сентер шаарчасында полиция жаңылып атып алган афроамерикалыктын өлүмүнөн улам келип чыккан башаламандык эки күндөн бери токтой элек. Президент Жо Байден аймактын тургундарын тынчтыкты сактап, коомдук тартипти бузбоого чакырды. Полиция башчысы каза тапкан жигитке кандайча ок жаңылганы тууралуу түшүндүрмө берди. 20 жаштагы афроамерикалык Данте Райтка ок атылганына нааразы болгон жүздөгөн адам Миннеаполистин четиндеги Бруклин-Сентердеги полициянын кеңсесинин алдына топтолду. Читать дальше...

БШК аял депутаттарга бут тоспоону эскертти

Azattyk.org 

14-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аялдардын жергиликтүү кеңештердеги 30 проценттик квотасы мамлекеттин конституциялык милдети жана аялдардын мыйзамдуу укугу экенин эскертти. Боршайком Чүйдүн Орок айылындагы окуя боюнча расмий билдирүү таратып, жергиликтүү кеңешке талапкер болгон аялдардын мыйзамдуу шайлоо укуктарын ишке ашырууга жолтоо болбошу керектигин белгиледи. БШК билдиргендей, аялдар Кыргызстанда калктын 52 пайызынан ашык болгонуна карабастан айыл кеңештеринде алар тогуз проценттин айланасында гана болчу. Читать дальше...


Музыкальные новости
Сергей Прокофьев

Мариинский театр исполнил оперу Прокофьева в честь дня рождения композитора





Персональные новости
ЛокоТех

Более 100 студентов посетило СЛД Курск в рамках акции «Неделя без турникетов»





Ысык-Көл: иши менен ишеним тапкан аял депутаттар

Azattyk.org 

11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого 5300дөн ашык аял ат салышты. Шайлоого көз салган "Социалдык технологиялар агенттиги" уюмунун аткаруучу директору Зулфия Көчөрбаева 13-апрелдеги маалымат жыйында бул ирет аялдар мурдагы шайлоого салыштырмалуу 4 эсе көп мандатка ээ болорун билдирди. Көчөрбаева жергиликтүү кеңештерде аялдарга 30% квота берген мыйзам кабыл алынгандан бери биринчи жолу гендердик теңдик сакталып жатканын айтты. «Быйыл 30% квота бул маселени чечүүдө жакшы механизм болуп берди. Читать дальше...

Түркия: Кыргызстандын эгемендигине арналган көргөзмө ачылды

Azattyk.org 

Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун имаратында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фото жана сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Көргөзмөгө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев катышты. Кыргызстандын тарыхындагы урунттуу окуялар... Читать дальше...

«Кустуруу» иши: Жумалиев мамлекетке заводун берди 

Azattyk.org 

Коррупцияга айыпталган парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 миллиард сомдук мүлкүн өткөрүп берип, эч кайда кетпөө жөнүндө тилкат менен бошотулду. Кылмыш иши козголуп, мамлекетке ири суммадагы каражат төккөндөрдөн Жумалиев жалгыз эмес. Бийликтин мурдагы аткаминерлерди камап, ири суммадагы акча өндүргөн саясаты коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Жумалиевдин 1 миллиардга бааланган заводу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы премьер-министр... Читать дальше...

Мусулмандар пандемиялык шартта орозо кармай башташты

Azattyk.org 

Дүйнөдөгү мусулмандар орозону ушуну менен экинчи жыл катары менен пандемиялык чектөөлөрдүн шартында кармап жатышат. Буга байланыштуу көпчүлүк өлкөлөрдө коронавирустун жайылышын алдын-алуу үчүн бир катар чектөөлөр киргизилди. Сауд Арабиясынын бийлиги эл көп топтолбосун деп, мечиттерде ифтар жана соор уюштурууга тыюу салды. Падышалыктын бийлиги өлкөгө коронавируска каршы эмделген зыяратчыларды гана киргизерин эскерткен. Түркияда соңку күндөрдө ооругандар кескин көбөйүп кеткендиктен бийлик жаңы чараларды жарыялаганы жатат. Читать дальше...

Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгы талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров  Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ)  төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линдени кабыл алды. Бишкектеги жолугушууда тараптар өз ара байланыштарды бекемдөө жана кызматташтыкты талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров өлкөдө өткөөл мезгил аяктаганын, ички саясий кырдаал турукташканын,  шайлоо жараяндарын өткөрүүдө эл аралык байкоочулардын ролу чоң болгонун белгиледи.  Президент Конституциянын жаңы редакциясына ылайык... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

«Спартак» набрал больше всех очков в играх с командами из верхней половины таблицы РПЛ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соболенко: я предпочитаю смотреть мужской теннис, а не женский


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Москвичам назвали пять мест, где можно полюбоваться цветущей сакурой





Путин в России и мире
Москва

Транспортный коридор «Север-Юг» станет катализатором социального и экономического развития стран Евразии и глобального Юга


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко пообещал потенциальным агрессорам ответ всеми видами оружия




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Ивлеева

Блогер Ивлеева не явилась в суд на заседание по делу о дискредитации ВС России



Москва

Мигранты-строители устроили рукопашную на детской площадке в Люблино в Москве

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net