Талант Мамытов БУУнун туруктуу өкүлүнөн жардам сурады
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен 23-апрелде жолугуп, эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда Мамытов Кыргызстандагы мыйзамдарды жаңы кабыл алынган Конституцияга шайкеш келтирүү зарылдыгын баса белгилеп, бирок бул үчүн Парламенттик аппараттын маалыматтык-техникалык базасы октябрь окуяларынан кийин кыйрап, начар абалда экенин айтты. Читать дальше...