Иран: талаш-талкууга түшкөн аудио
Иранда тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин интернетке тарап кеткен аудиомаегине байланыштуу жаңжал күч алды.
Иранда тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин интернетке тарап кеткен аудиомаегине байланыштуу жаңжал күч алды.
Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы (“Головной” тилкеси) абал турукташып, кыргыз-тажик жарандарынын бири-бирине таш ыргытуулары токтоду. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Өкүлчүлүктүн маалыматында Баткен, Исфара райондорунун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү уланып жатат. Кырдаалды Баткен жана Согд облустарынын башчылары көзөмөлдөөдө. ... Читать дальше...
"Samsung" компаниясынын негиздөөчүсү Ли Гон Хинин үй-бүлөсү саламаттык сактоонун кайрымдуулук фонддоруна миллиарддаган доллар бөлүүгө убада кылды. Ли Гон Хинин искусство коллекциялары мамлекеттик музейге тапшырыла турган болду. Мындан сырткары "Samsung" компаниясынын кожоюндары анын негиздөөчүсүнөн калган мурастын эсебинен 11 млрд. долларды мамлекеттик казынага салык катары төлөйт. Маркумдун үй-бүлөсү тараткан маалыматта бул сумма беш жыл ичинде алты транш менен бөлүнүп төлөнөрү көрсөтүлгөн.... Читать дальше...
"Freedom House" эл аралык укук коргоо уюму демократиянын абалы тууралуу жылдык баяндамасын чыгарды. Анда Кыргызстанда демократиянын абалы 2010-жылкыдан да төмөн түшүп кеткени белгиленген. Ал эми Өзбекстанда былтыр болуп көрбөгөндөй демократиялык жылыштар болгону жазылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү 28-апрелде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тууралуу маалымат берип, азыр абал чыңалып турганын кабарлады. "Тажик тарап 28-апрелде “Головной” тилкесинде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган. Түшкү саат 12:25тер чамасында Тажикстандын аймагындагы Кожалы (Хожаиаъло) аттуу жерден ок атылган... Читать дальше...
Алексей Навальный негиздеп, Орусиянын бийлиги “чет элдик агент”деп тааныган Коррупцияга каршы күрөшүү фонду "Russia Today" мамлекеттик медиа корпорациясынын кызматкерлеринин айлык жадыбалын ачыкка чыгарды. Фонддон маалыматтар текшерилип, анын ынанымдуулугу шек жаратпай турганын бекемдешти. ФБКнын маалыматы боюнча "Russia Today" медиа корпорациясынын башкы директору Алексей Николовдун маянасы айына 2,6 млн. рубль, башкы редактору Маргарита Симоньян 1,7 млн. рубль, анын биринчи орун басары Елизавета Бродская - 2,1 млн. Читать дальше...
Индияда COVID-19дан өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөп үлгүрбөй жатышат. Ооруканаларга керебеттер жана кычкылтек концентраторлору жетишсиз. Кыргызстанда апрель айында эле 90дон ашуун адам коронавирустан көз жумду. «Биз жана дүйнө» программасында Индиядагы жана Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу соңку кырдаалды баяндап беребиз.
Москва Литва элчилигинин эки кызматкерин жана Латвия менен Эстониянын бирден дипломатын Орусиядан чыгара турган болду. Дипломаттар жети күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш. Бул тууралуу маалымат Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Министрликке үч мамлекеттин дипломатиялык миссияларынын башчылары чакыртылып, "аларга орусиялык элчиликтеги кызматкерлерди чыгаруу боюнча чагымчыл жана эч нерсеге негизделбеген аракеттерге байланыштуу нааразылык нотасы тапшырылганы" кабарланды. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жалпы жыйынында “Ата Мекен” фракциясынан депутат Наталья Никитенко өкмөттүн пандемия шартында түзүлгөн оор абалдан чыгуу планы болбогонун айтты. Депутат жаңы жумушчу орундары түзүлбөй, айыл чарбасы, өндүрүш токтоп, мигранттардын абалы оорлоп жатканын белгиледи. “Тилекке каршы, өкмөттүн негизги функциясы болгон элди коргоо жана колдоону көрбөй жатабыз. Бизнести “коррупция менен күрөшүү” деп кысып, “кустуруп алган” каражаттар кайда? Карапайым калк коррупция менен күрөшүүдөн... Читать дальше...
Түркмөнстандын аймактык бийлиги жарандарга арзандатылган баада азык-түлүктөрдү саткан мамлекеттик дүкөндөрдүн алдына чогулуп, кезекке турууга тыюу салды. Жакында эле президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар "дүкөндөрдүн алдында кезек күткөндөр атасынын беделине шек келтирип жатканын" айткан. Полиция дүкөндөрдүн алдына кезекке туруп, төрт адамдан ашык чогулганга тыюу салды. Каршы болгондорду камоо же кезекке тургандардын тизмесинен чыгаруу менен коркуткан учурлар болгонун шаар тургундарынын бири "Азаттыкка" билдирген.
Болгар бийлиги 2011-2020-жылдардагы төрт курал-жарак кампасында болгон бир нече жардырууга Орусиянын алты жараны шектелип жатканын билдирди. Болгариянын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Сиика Милева буларды айтты: “Ушул күнгө чейинки топтолгон материалдарды карап чыгып, орусиялык жарандардын максаты - атайын каражаттарды Грузия менен Украинага жеткирүүнү токтотуу болгон деген жыйынтыкка келсе болот”. Милева бул окуялар 2015-жылы курал-жарак саткан болгар соодагери Эмилиан Гебревди... Читать дальше...
Ош шаардык мэриясы эркин журналист Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүндө айтылган фактылар боюнча чара көрүп, "Алай" футбол клубун мунициалдык ишкана катары каттап, тосулган тротуарды бошотот. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди. «Тиешелүү кызматтар иштеп жатат. "Алай" футбол клубу муниципалдык ишкана катары каттоодон өттү», - деди Абсаттаров. Ыдырыс Исаков 27-апрелде “Алай” футбол клубунун кожоюндары тууралуу “Айлыгынан байлыгы көп Аматовдор” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Читать дальше...
Акыркы кезде көчө спорту тууралуу сиз да угуп калсаңыз керек. Чындыгында Street workоut борбордо кулачын жайып, өзгөчө жаштар арасында кызыгууну жаратып жаткан чагы.
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Индияда коронавирус боюнча абал дагы деле оор. Бишкекте биринчи жолу электромобилдердин жүрүшү өттү.
Акын, «Азаттык» радиосунун журналисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов дүйнөдөн кайтканына 29-апрелде бир жыл болот. «Азаттык» маркумду анын калемдештери жана замандаштары менен чогуу эскерет.
Бишкекте биринчи жолу электробайктардын жана электромобилдердин жүрүшү өттү. 28-апрелде электр менен жүрүүчү 40ка жакын унаанын айдоочулары шаардын көчөлөрүн “Тез жардамдын" жана милициянын коштоосунда аралап өтүштү. Жүрүшкө "Tesla" автомобилинен баштап кыргызстандык окуучулар ойлоп тапкан электровелосипеддер катышты.
Жо Байден 28-апрелдеги кайрылуусунда АКШнын ички жана тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын аныктап, коронавируска каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу да айтып берет. Жо Байдендин бул билдирүүсү анын президенттик кызматка киришкенге 100 күн толгонуна байланыштуу болот. Америкалык саясий салт боюнча жаңы шайланган президент жыл сайын АКШнын Өкүлдөр палатасына жана Сенатка кайрылып, өлкөдөгү жалпы абал тууралуу жылдык билдирүү жасайт. Бул иш-чарага катышууга COVID-19 илдетине жана коопсуздук протоколуна... Читать дальше...
Орусияда Алексей Навальныйды колдогондор менен анын тарапташтарына басым күчөп жатат. 21-апрелде Навальныйды колдоп, көчөгө чыккандар четинен кармалып, журналисттер да суракка чакырылууда.
Баткендеги “Азаттык” радиосунун кабарчысынын айтымында, азыркы тапта кыргыз-тажик чек арасында эки тарап бири-бирине таш ыргытып жатышат. Кыргызстандык эки адамга таш тийип, ооруканага алып кетишти. Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылына жакын жерде Ак-Суу дарыясынын суу бөлүштүрүүчү жайында ("Головной")тажик тарап электр мамысына видео байкоо камерасынын экинчисин орнотуп жаткан учурда аларды Кыргызстандын чек арачылары токтоткон. Кырдаал боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлик... Читать дальше...
Кызуу билдирүүлөрү менен таанылган Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетти. Ал мунун алдында берген интервьюсунда бийликтин кадамдарын сынга алган эле. Жапыкеев былтыр октябрь окуяларында чоң роль ойногон. Кийин Финансы полициясын жетектеп, мекеме жоюлуп кеткенден кийин прокурорлукка бекиген болчу. Кызматтан кетүүнүн күңүрт себеби Сыймык Жапыкеев кызматтан кеткенин 28-апрелде журналисттерге ырастап, ушул эле күнү арыз жазганын маалымдады. Ысык-Көл облусунун прокурору... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттары 28-апрелдеги жалпы жыйында өлкөнүн саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Буга чейин парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети Алымкадыр Бейшеналиевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунушту өкмөткө жиберген. Депутат Наталия Никитенко министр саламаттык сактоо системасы өтө оор абалда турган учурда калктын ден соолугун биринчи орунга койбой, жогору жактагы байланыш... Читать дальше...
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде мыкты дизайнерлердин колунан жасалган шөкүлө көргөзмөсү өтүп жатат. “Шөкүлө” аттуу көргөзмө долбоору “Улуу Дара” коомдук фонду тарабынан ишке ашкан. Аталган фонддун төрайымы Анара Керимбекова баш кийимди даңазалоо ишинин максатына токтолду: “Кийинки учурда шөкүлө унутулуп бара жатпайбы. Мурда кыздарды күйөөгө бергенде кийгизчү да. Азыр эки жаш баш кошкондо кыз заманбап көйнөк кийип, баш кийимге деле маани берилбей калды. Заман талабынын деле жакшы жагы бар, албетте. Читать дальше...
Вице-премьер-министр Артем Новиков Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жыйынында Кыргызстандын калкын коронавируска каршы толук эмдөө үчүн 2 млн. доза вакцина талап кылынарын айтты. Анын айтымында, тобокел топко кирген калктын катмарын эмдөө күзгө чейин аяктап, калган тургундарды эмдөө бир жылга чейин созулушу мүмкүн. «Өлкөгө Кытайдын 150 миң вакцинасы келди, аны менен 15 миңден ашуун адам эмделди. Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келди. Май айында дагы 40 миң доза келери күтүлүүдө. Читать дальше...
Бишкекте биринчи жолу электробайктардын жана электромобилдердин жүрүшү өттү. 28-апрелде электр менен жүрүүчү 40ка жакын унаанын айдоочулары шаардын көчөлөрүн “Тез жардамдын» жана милициянын коштоосунда аралап өтүштү. Жүрүшкө Tesla автомобилинен баштап кыргызстандык окуучулар ойлоп тапкан электровелосипеддер катышты. Иш-чараны Бишкек шаарынын 129 жылдыгына арнап борбордун мэриясы жана электротранспорт айдоо идеясын жайылтып жаткан "Экобайк" компаниясы экологияны жакшыртуу, айдоочуларды үндөө максатында уюштурушту. Читать дальше...
Ош облустук ички иштер башкармалыгы (Ош ОИИБ) Кара-Суу районундагы мектепке жоолукчан окуучулардын киргизилбей жатканы боюнча иш жарандык тартипте чечиле турганын, ага милиция кийлигишпей турганын билдирди. Ош ОИИБнын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин маалыматында интернетке жарыяланган жоолукчан окуучунун мектепке киргизилбей жатканы айтылган видео боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бирок ал иш Жоруктар кодексинин 89-беренеси менен ("Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу") беренеси менен каралууда. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.