123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 01.04.2021

Депутат Кумтөрдө чалгындоого бөлүнгөн 20 млн. доллар боюнча текшерүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев аталган кенде геологиялык чалгындоо үчүн бөлүнгөн 20 миллион доллар каражаттын кандай жумшалганын текшерүүнү сунуштады. Иманалиев мындай демилгени 1-апрелдеги комиссиянын кезектеги жыйынында көтөрдү. «Каржат каралса, толугу менен жумшалса, анан кошумча алтын табылбаса, кандайдыр бир тийиштүү чаралар көрүлүшү керек да», - деди депутат. 2019-жылы октябрь айында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый... Читать дальше...

COVID-19: Вакцина алуу эмне үчүн маанилүү?

Azattyk.org 

Дүйнө өлкөлөрүндө коронавирус пандемиясын ооздуктоо максатында эмдөө күч алууда. Эмне үчүн бүгүн вакцинация маанилүү? Азыр пайдаланып жаткан препараттар бири-биринен эмнеси менен айырмаланат? Кыргызстанда 29-мартта эмдөө өнөктүгү башталды. Бирок элдин вакцина сайдырууга шашылганы байкалбайт.



Өкмөт башчы: Санариптештирүүгө бут тоскон кызыкдар тараптар бар

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтүн санариптештирүүнүн алкагында 406 мамлекеттик кызматтын 33ү гана толук автоматташтырылган. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин басма сөз кызматы кабарлады. Өкмөт башчы санариптештирүүнүн ишке ашпай жатканын мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин кайдыгерлиги катары баалап, буга кызыкдар тараптар да бар экенин белгиледи. “Мен кызыкдар тараптарды эң жакшы түшүнүп турам, алар мамлекет тараптан сатып алууларга көзөмөл болушун каалабайт, анткени ар кандай шектүү схемаларды жасоо оңой.

Арменияда журналистке кол көтөргөн министр кызматынан кетти

Azattyk.org 

Армениянын Жогорку технологиялуу өнөр жай министри Акоп Аршакян Еревандагы кафеде журналистти уруп, анын компьютерин колунан алып ыргыткан. Бул чатак 19-мартта болуп, министр 31-мартта кызматтан кеткенин «Азаттык» радиосунун армян кызматы кабарлады. «Армениянын жараны катары кызмат адамы башка бирөөгө зомбулук кылганы жат нерсе. Биз зомбулуксуз коомду куруу багытында алдыга жылышыбыз абзел», - деп 35 жаштагы министр "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Анын ордуна 1-апрелде Армениянын Тавушск облусунун губернатору дайындалды. Читать дальше...

Баткенде Өзбекстандан Сохко жол ачылды

Azattyk.org 

"Жарандык көзөмөл комитети" Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын кызматтан четтетилишин бийликтин "саясий кысымы" деп баалап, Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылды.Баткенде Сох анклавына жол ачылды. Орусияда абакта отурган саясатчы Алексей Навальный ачкачылык жарыялады.

Турганбаева: Жаратмандык - бакубат келечекке алып барат

Azattyk.org 

“Супара” этнографиялык комплексинин курамында жаңы ачылган интерактивдүү музей чыгаан ишкер жана философ Табылды Эгембердиевдин мурастарынын бири болуп калды. Маркумдун жубайы, комплекстин башкы директору Жаңылсынзат Турганбаева “Азаттыкка" сыябан маек куруп, “Супара” комплексинин кыргыздын улуттук дөөлөттөрүн сиңирүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы, келечек максаттары тууралуу айтып берди.

Орусияда 1500 дарыгер Навальныйга медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылды

Azattyk.org 

Орусиянын саясий жетекчилигине жана Жаза аткаруу федералдык кызматынын дарегине жазылган кайрылууда дарыгерлер абактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйга медициналык жардамды камсыздоо маселеси коюлду. Интернеттеги социалдык медиада петиция катары кабыл алынган кайрылууга кол топтоо өнөктүгү улантылууда. Бул тууралуу Орусиядагы "The Insider" басылмасы жазып чыкты. Кайрылууга кол койгон дарыгерлердин айрымдары Алексей Навальный Сергей Магнитскийдин тагдырын кайталап калышы мүмкүн экенин... Читать дальше...



Райымбек Матраимов ооруканадан №47 абакка которулду

Azattyk.org 

Коррупцияга жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов №47 абакка которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы маалымдады. Матраимов быйыл 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган. 20-февралда эки айга камалган. Кийинчерээк ал ден соолугу начарлап, Бишкектеги «Бикард» менчик ооруканасына жаткырылганы кабарланган. Читать дальше...

Министрлик: “Беткаптардан курт чыгып жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти “медициналык беткаптардан курт чыгып жатат” деп Интернетте тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүшкөн. Департаменттин кызматкери Гүлмира Жумашованын айтымында, колдонулган жана жаңы ачылган беткаптарды текшеришкен. “Микроскоп менен текшердик. Жеке коргонуу каражаттарынын биринде дагы курт сымал жандыктар чыккан жок. Болгону кара түстөгү кездеменин жиптерин көрө алдык. Читать дальше...

Аксы: Көз жарган секелектин иши иликтене баштады

Azattyk.org 

Бүгүн, 1-апрелде Аксы районунун дарыгери милицияга 2007-жылы туулган кыз төрөт бөлүмүнө келип көз жарганын билдирген. Окуя боюнча Аксы райондук ички иштер бөлүмү текшерүү иштерин баштады. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талант Эмилбеков төрөгөн кыз  7-класстын окуучусу экенин билдирди. Мектепте эң жакшы баага окуганын, коомдук иштерге активдүү катышып жүргөнүн айтууда. ... Читать дальше...

Чек ара кызматы: “Чалдыбардагы” абал боюнча териштирүү жүрүп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрмө бекетинде 1-апрелде жүк ташуучу автоунаалардын өтүшү жай болууда. Кечки саат 17:30ка карата  30 чоң машине топтолуп калды. Учурда Кыргызстан менен Казакстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жүк ташуучу автоунаалардын шыр өтүшүнө эмне тоскоол болуп жатканын териштирүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, кыргыз тараптан жүктүн өтүшүнө эч кандай чектөө киргизилген эмес. Читать дальше...

Савай айылынын тургундары чек ара боюнча нааразылык акциясына чыгышты

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын 50дөн ашуун тургуну 1-апрелде район администрациясынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршылыгын билдиришти. Чогулгандар коңшу өлкө менен алмаштырылары айтылган 50 гектар жер айылдагылардын жайыт жери экенин айтып, аны бербей турганын белгилешти. Акцияга чыккандар менен акимдин орун басары Капар Адиев жолугуп, талаптарды жогорку бийлик органдарына кагаз түрүндө жөнөтөрүн айтты. Читать дальше...

Бороондон улам Бишкек-Ош, Суусамыр-Тараз жолдорунда убактылуу чектөө киргизилди

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолунда тынымсыз кар жаап, бороон болуп жаткандыгына байланыштуу, жол тыгындарын алдын алуу максатында 1-апрелден тартып Токтогул районунун "Арал", Жайыл районунун "Сосновка" бекеттеринде автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди. Чектөөлөр  Суусамыр-Талас-Тараз  жолундагы Талды-Булак айылындагы бекетке да тиешелүү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинен кабарлашты. Учурда жолго кум себилип, тазалоо иштери жүрүп жатат. Ушул күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында, анын ичинде Төө-Ашуу... Читать дальше...

Ворух анклавы талкуунун бутасына айланды

Azattyk.org 

Тажикстандын Ворух анклавын алмашуу тууралуу расмий Бишкектин сунушу Тажикстанда талкуу жаратты. Коңшу өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи бул маалыматты жарыялаган Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Чекист менен мурдагы министрдин кайым айтышуусу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин билдирүүсүнө жооп кайтарып... Читать дальше...

Притчин: Бишкек-Душанбе сүйлөшүүсү көпкө созулушу мүмкүн

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелери качан жана кандай чечилиши мүмкүн?  Ушул жана башка суроолорго Орусия Илимдер академиясынын кызматкери, Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Станислав Притчин жооп берди. "Азаттык": - Кыргызстандын жаңы бийлиги коңшулар менен чек ара маселелерин чечүү иштерин тездетерин жарыялап, Өзбекстан менен бул жаатта протоколго кол коюлганын жарыялады. Эми Тажикстан менен чек араны тактоодо дал ушундай алга жылуу болушу мүмкүнбү? Станислав Притчин... Читать дальше...

Орусиялык журналист Владимир Познер Тбилисиден чыгып кетүүгө аргасыз болду

Azattyk.org 

Орусиялык белгилүү журналист жана алып баруучу Владимир Познер анын Грузияга келишине карата каршылык акциясына чыккандардын айынан Тбилисиден учуп кетүүгө мажбур болду. Бул тууралуу Грузиянын “Биринчи каналы” кабарлады. Познердин Грузияга келишине каршы чыккандар 31-мартта  Тбилисинин борборуна чогулган. Ал жайгашкан мейманкананын алдында полиция менен каршылык акциясынын катышуучуларынын кагылышуусу болгон. “Азаттыктын" Кавказ кызматы полиция Познер жайгашкан отелген кирүүгө умтулган жаалданган топту токтотуп калганын жазып чыкты. Читать дальше...


Музыкальные новости
Моргенштерн

Моргенштерну* не нужны деньги? Рэпер рассказал о своем отношении к богатству





Персональные новости
Динамо

Расплата за расточительство! ФК «Оренбург» на домашнем поле уступил ФК «Динамо» (Москва) – 1:2





Кыргыз-өзбек чек арасы: Сохто эки бекет ачылды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды. Бүгүн, 1-апрелде бекеттердин расмий ачылышына кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров, эки өлкөнүн күч органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, мындан ары ал жактан жүргүнчү ташыган... Читать дальше...

Депутаттарды шайлоо ыкмасын өзгөрткөн мыйзам биринчи окуудан өттү

Azattyk.org 

Кыргызстандын парламенттик шайлоого артыкчылыктуу (преференциалдык) добуш берүү ыкмасын киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 31-мартта Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Аны сессияда катталган 97 депутаттын баары колдоду. Парламенттик шайлоодо партияга жана анын катарындагы талапкерге да добуш берүүгө багытталган мыйзам долбоору 2020-жылдын 6-майында коомдук талкууга чыгарылган. Долбоор Жогорку Кеңеште быйыл 25-мартта каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөн. Демилгечилер “Бир Бол” фракциясынын... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” бекеттери жүргүнчүлөр үчүн ачылды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды. Бүгүн, 1-апрелде бекеттердин расмий ачылышына кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров, эки өлкөнүн күч органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. “Азаттыктын” кабарчысы Жеңиш Айдаров жеринен маалымдагандай, мындан ары ал жактан... Читать дальше...

HRW “Талибандан” журналисттерге карата кысымды токтотууну талап кылды

Azattyk.org 

Эл аралык адам укугун коргоо уюмунун баяндамасында мындай жагдай Ооганстанда оюн эркин билдирүү укугун чектеп, жоочулар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда тынчтыкты орнотууга тоскоол болору белгиленген. “Коркутуулар менен адам өлтүрүүлөрдүн толкуну Ооганстандагы маалымат каражаттары үчүн кооптуу белги болуп калды. Бирок ушундай коркунучтуу маалда да оогандыктар өлкөнүн келечегин жана сөз эркиндигин коргоо үчүн кепке келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр”, – деп билдирди "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Азия боюнча өкүлү Патриция Госсман. Читать дальше...

Экс-депутат Аманкулов мамлекетке 50 миллион сом төлөдү

Azattyk.org 

Мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Аманкулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) депозиттик эсебине 50 миллион сом которду. УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, анын мамлекетке келтирген зыянынын калган бөлүгү тергөөнүн жүрүшүндө так аныкталгандан кийин төлөнөт. УКМК Марат Аманкуловго Кылмыш-жаза кодекстин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен из козгоп, сотко чейинки өндүрүш баштаганын 19-мартта кабарлаган. Тергөө учурунда депутат саясий ишмердүүлүгүнүн... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Олимпиада по финансовой грамотности МГУ проходит при поддержке СберСтрахования жизни


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Кудерметова выиграла турнир WTA в Штутгарте в парном разряде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Результативность, вовлечённость, трудоголизм — где грань? Книга от автора российской модели факторов вовлечённости персонала.





Путин в России и мире
Москва

Киркоров и Пелагея спели для амурчан-бамовцев в Москве


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

В Минске открывается ВНС: что будет




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский допустил, что Москва и Киев начнут мирные переговоры


Навальный в России и мире
Москва

Патриарх Кирилл запретил в служении священника, проводившего панихиду по Алексею Навальному



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Гречка

Анна Пересильд, Леон Кемстач, Светлана Иванова, Яна Чурикова, Саша Стоун и другие гости «белой вечеринки» в рамках ММКФ



Москва

В районе Богородское появится две новостройки по программе реновации

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net