Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 22.04.2021

Чектеш үч облустун башчылары Ферганада жолугушат

Azattyk.org 

23-апрелде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чектеш облустарынын башчыларынын жолугушуусу Ферганада өтөт. Ага Кыргызстандан Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев, Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджобий Ахмодзода, Өзбекстандын Фергана дубанынын губернатору Хайрулло Бозоров баштаган делегация катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү  Өмүрбек Суваналиев ырастап, сүйлөшүүлөрдө экономикалык кызматташтыкка басым жасаларын билдирди... Читать дальше...

Баткенде "Салттуу музыка жумалыгы" башталат

Azattyk.org 

Баткенде бүгүн “Салттуу музыка жумалыгы” жана эл аралык “Достук” фестивалы башталат.   Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканын дасыккан чеберлери жана жаш таланттар катышат. Расмий ачылыш 23-апрелде саат 10:00дө Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында болот. Ушул эле күнү Бишкекте “Коомдун руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана салттуу музыкалык маданият”... Читать дальше...

Сот Гүлзат Аалиеванын бөгөт чарасын карайт

Azattyk.org 

Диний кастыкты козуткан деген шек менен камакка алынган окутуучу Гүлзат Аалиеванын бөгөт чарасы 23-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу анын бир тууганы Нурзат Аалиева "Азаттыкка" билдирди.   Аалиеванын адвокаттары да сот саат 10го белгиленгенин ырасташты.  Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева 21-апрелде милицияга күбө катары суракка чакырылып, камалган.   Милиция ага каршы февралда арыз түшкөнүн, анын негизинде Жазык кодексинин 313-беренеси  ("Расалык... Читать дальше...



Муфтият: Кадыр түн 9-майда белгиленет

Azattyk.org 

Быйыл Кадыр түн 9-майга караган түнү болот. Бул тууралуу «Азаттыкка» муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Орозо айт качан болорун Аалымдар кеңеши аныктайт. Майрам айдын чыгышына жараша Рамазан айынын акыркы күндөрү так айтылат.   Быйылкы Орозо айы 13-апрелде башталган. Кадыр түн орозонун 27-түнүндө тосулат. Бул түнү ислам динин кармангандар таң атканча уктабастан, жакшылык тилеп, куран окушат. (NT)

Бишкек таксисттерине жакпаган «Яндекстин» иши кандай уюштурулган?

Azattyk.org 

Бир караганга «Яндекс» компаниясы таксисттерге эң сонун шарттарды түзүп салгандай көрүнөт: жумуш кычаган маалда кымбаттатылган тариф, бийик рейтингге иштеген ыкчам заказдар, автоунаанын абалына анчалык көңүл бурулбаганы. А бирок айдоочулар компанияны Кыргызстандан “чыгарып таштоону” талап кылышууда.

Кыргызстанда «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталат

Azattyk.org 

Кыргызстанда жакынкы күндөрү коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталат. Өкмөттүн маалыматына караганда, 22-апрелде Орусиядан 20 миң доза вакцина жеткирилди. Вакцина алуу боюнча макулдашууга президент Садыр Жапаровдун 24-25-февралында Орусияга болгон сапарында жетишилгени, анын алгачкы партиясын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков алып келгени кабарланды. Расмий Москва бул вакцинанын бир бөлүгүн гуманитардык жардам катары берген. Вакцинаны өткөрүп алуу учурунда... Читать дальше...

ЕККУ жыйынында Кыргызстандын Баш мыйзамы талкууланды

Azattyk.org 

ЕККУнун Туруктуу кеңешинин жыйыны 22-апрелде Венада өттү. Анда АКШнын Миссиясынын башчысынын орун басары Элизабет Розенсток-Силлер Кыргызстандын жаңы Баш мыйзамы тууралуу пикирин билдирди. Ал 11-апрелде референдумда кабыл алынган Баш мыйзамда бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталбай калган учурлар бар экенин айтты. Венеция комиссиясынын бул Конституциянын долбооруна карата корутундусунда айтылган кемчиликтерди оңдоо сунуштарын эске алууга чакырды. “Биз Кыргызстандын өкмөтү менен парламентине... Читать дальше...

"Азаттык" тажрыйбалуу веб-редактор издейт

Azattyk.org 

"Азаттыктын" Бишкек бюросу тажрыйбалуу веб-редактор издеп, сынак жарыялайт. Талапкерге коюлган негизги талаптар: Башка ЖМКларда веб-редактор же редактор болуп иштеген бай тажрыйба; Кыргыз тилин мыкты билүү; Кыргыз жана англис тилиндеги материалдар менен иштей билүү; Кыргызстандагы саясий, экономикалык жана социалдык маселелерди жана эл аралык темаларды талдап, түшүнүү; Журналистиканын эл аралык стандарттарын билүү жана аны так кармануу: Веб-редактор эл аралык жана жергиликтүү окуяларга... Читать дальше...



Индияда эл коронавирустан кырылууда

Azattyk.org 

Оппозициячыл саясатчы Навальныйды колдогон акцияларда кеминде 1800дөй адам кармалды. Жапаров сунуштаган электр энергиясынын жаңы тарифи коомдук талкууга коюлду. Бишкек менен Ошто 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингдер өттү. //"Бүгүн Азаттыкта". 22.04.21.//

Орусия мыйзамсыз мигранттарды сүрүп чыгарабы?

Azattyk.org 

Орусия өз аймагындагы КМШ мамлекеттеринен мыйзамсыз келген 1 миллиондой мигранттын чыгып кетишин талап кылды. Алардын ичинен 115 миңдейи Кыргызстандын жарандары. Пандемия шартында сыноолорго туш болгон эмгек мигранттарын жаңы талап кандай түйшүккө салды? Каржалып турган Кыргызстанга мигранттардын жөнөткөн акчасы азайса кандай таасир этет? Бул суроолор “Биз жана дүйнө” программасында талкууланды.

АКШ Украинага аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтөт

Azattyk.org 

АКШ Сенатынын Эл аралык иштер боюнча комитети 21-апрелде Украинага аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтүү планын жактырды. Анын максаты "Киевге Орусиянын баскынчылык саясатына каршы турууга жардам берүү экени" документте көрсөтүлгөн. Бул планга ылайык, 2026-жылга чейин Украинага жыл сайын 300 млн. доллар өлчөмүндө аскердик жардам көрсөтүлүп турат. Анын жарымы жагдайга жараша бекитилет. Бул мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн АКШнын Өкүлдөр палатасынан колдоо таап, ага президент Жо Байден кол коюшу керек. Читать дальше...

Окуучу кыздын өлүмү талаш жаратты

Azattyk.org 

11 жаштагы Гүлзейнеп быйыл 11-мартта өзү окуган мектепте эсин жоготуп, ооруканага алып баратканда каза болгон. Анын апасы Обагүл Идирисова кызынын өлүмүнө мектеп жетекчилигин күнөөлөп жатат. Бирок, Гүлзейнептин мугалимдери Идирисованын дооматтарына макул эмес. Бул окуяга байланыштуу мекеме аралык комиссия түзүлүп, кырдаалдын чоо-жайын иликтеди.

Шойгу: Крымдагы машыгууга катышып жаткан аскерлер артка кайтат 

Azattyk.org 

Орусиянын түштүк жана түштүк-батыш чек арасында жана аннексияланган Крымда аскердик машыгууга катышып жаткан куралдуу күчтөрдү 1-майга чейин туруктуу жайгашкан аскер бөлүктөрүнө кайтуу буйругу берилгени кабарланды. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 22-апрелде аскердик машыгуулардын негизги бөлүгү өтчү Крым жарым аралына барды. Буга чейин Орусиянын бийлиги Украина менен чектешкен аймактарда аскердик техника жана оң миңден ашуун жоокер атайын аскердик машыгууларга катышуу үчүн алынып келингенин билдирген. Читать дальше...

Электр тарифи: Бийлик ким канча төлөөрүн аныктады

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги электр энергиясына сунуштап жаткан жаңы тариф саясатын августка чейин коомдук талкууга койду. Ал тарифте аз камсыз болгон 200 миңден ашык үй-бүлөдөн башка абоненттерге электр кубатынын баасы азыркыдан эки эсе кымбаттайт. Жаңы тарифтин эсебин чыгарабыз.

Чехия орус дипломаттарынын санын чектейт

Azattyk.org 

Орусиянын Прагадагы элчилигинин бир нече кызматкери майдын аягына чейин өлкөдөн чыгып кетиши керек. Мындай талапты Чехиянын тышкы иштер министри Якуб Кулганек койду. Анын алдында расмий Прага Орусияга буга чейин өлкөдөн чыгарылган чех дипломаттарын кайтып келишине мүмкүнчүлүк берүү шартын койгон.

Алмамбетова: Шайлоодо административдик ресурс колдонулду

Azattyk.org 

Кыргызстанда 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо административдик ресурс колдонулду. Мындай пикирин Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын мүчөсү, Бишкек шаардык мэриясынын мурдагы кызматкери Гуля Алмамбетова 22-апрелде "Азаттыктын" түз ободогу "Эксперттер талдайт" программасына катышкан учурда билдирди. "Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып, үгүт жүргүзгөн учурда үй комитет башчыларынын тоскоолдугуна кабылып жаттык. Алар эбак эле башка партияларга кол коюп бергенин айтып жатышты. Читать дальше...

Прага менен Москванын дипломатиялык чатагы ырбады  

Azattyk.org 

Прага буга чейин Москвадан өз дипломаттарына 22-апрель күнү түшкү саат 12-00гө чейин кызматына кайра келип, иштөөгө уруксат берүүсүн талап кылган болчу. Бул талабы аткарылбаса, анда Чехия Прагадагы орус элчилигинин кызматкерлерин жапырт өлкөдөн чыгара турганын эскерткен. Прага белгилеген убакыт соңуна чыгып, Орусия Москвадагы чех дипломаттарынын кызматына кайтып келишине уруксат берүү талабын аткарган эмес. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул маселеде “ультиматум кабыл алынбайт” деген кыска жооп кайтарды. Читать дальше...

"Кемпир-Абад": жер алмашууга каршы Өзгөндө мөөнөтсүз акция башталды

Azattyk.org 

"Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы болгон Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 22-апрелде да нааразылык билдирип чыгышты.  Алар бул күнү топтолгон жерине үч боз үй тигип, мөөнөтсүз акция башташты.  Кызылоктябрлыктар 21-апрель күнү да чогулушкан. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду жокко чыгарууну талап кылышууда. Читать дальше...

Болот Миңжылкиев менен Питерден таанышкан күн

Azattyk.org 

1997-жылы Ленинграддын Ленин проспектисиндеги аялдамада жатаканага баруучу 433-автобусту күтүп тургам. Аңгыча автобус келип эшиктери ачылганда арт жагынан секирип кирип эле абдаарып туруп калдым. Бет маңдайымда даңазалуу ырчы Болот Миңжылкиев турган. Мен ага окуудан чыгып, Василий аралчасындагы жатаканага баратканымды айттым. Ал-жайын сурасам "Репетициядан чыктым. Аба майданына баратам, буюрса Бишкекке учам”, - деди. Экөөбүз сүйлөшүп жатканда сары кашка автобус мен түшө турган аялдамадан өтүп кетиптир. Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

Александр Розенбаум рассказал о дополнительном источнике дохода: "Не бомжовые заведения"





Персональные новости
Росгвардия

Генерал-полковник Алексей Воробьев высоко оценил подготовку кинологов Росгвардии к предстоящим соревнованиям по профессиональному многоборью





Октябрь окуялары: эки генералга иш козголгон эмес

Azattyk.org 

Октябрь окуяларында кызмат ордун таштап, өлкөдөн качып кеткен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Орозбек Опумбаевге кылмыш иши козголбогону белгилүү болду. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте отчет берип жатканда билдирди. Буга чейин президент Садыр Жапаров эки генерал изделип жатканын айткан эле. Башкы прокурор Курманкул Зулушев 21-апрелде парламентте былтыркы жыл үчүн отчет берип жатып, Кашкар Жунушалиев менен... Читать дальше...

Индия пандемиянын очогуна айланды

Azattyk.org 

Индиядагы крематорийлер коронавирустан каза тапкан адамдардын сөөгүн өрттөөгө жетишпей жатышат. Айрымдар жакындарынын сөөктөрүн өздөрү эле өрттөгөнгө аргасыз. “Соңку күндөрү аябай көп сөөк түштү. Бүгүн эле 10-12ни алып келишти. Кечээ 12 сөөктү кремациялаганбыз. Абдан көп болуп жатат”,-дейт крематорийдин жумушчусу Тиньку. Ооруканаларда орун, кычкылтек концентраторлору тартыш болууда. Дарыгерлер бейтаптарга медициналык жардам көрсөткөнгө жетишпей жатышат. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай... Читать дальше...

COVID-19: Бишкекте 15 мектеп толук онлайн окутууга өттү

Azattyk.org 

Окуучулардын арасында COVID-19 менен ооругандар катталгандыктан Бишкек шаарында 15 мектеп толугу менен онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Акматова брифингде маалымдады. Анын айтымында, дагы 14 мектепте айрым класстар аралыктан окуп жатат. Акматова ырастагандай, учурда шаарда 45 окуучу жана 24 мугалим COVID-19 илдети менен ооруп жатат. Мектептердин баары 2020-жылдын мартында коронавируска байланыштуу толук жабылган. Читать дальше...

Окутуучу диний кастыкты козутууга айыпталды

Azattyk.org 

Бишкекте окутуучу Гүлзат Аалиеванын бошотулушун талап кылгандар митингге чыгышты. Милиция Аалиеваны "диний кастыктыкты козуткан" деп айыптап, камакка алган. Ошол эле кезде окутуучу социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө аша чаап, дайыма талаш-талкуу жаратып келгенин айткандар да бар. Окутуучу Гүлзат Аалиеванын Жогорку Кеңештин имаратынын жанына чыккан тарапташтары "Аалиевага боштондук!", "Сөз эркиндигине, кыргыздын каада-салтына боштондук!" деген ураандарды кыйкырып жатышты. Анын сиңдиси Нурзат Аалиева акцияга интеллигенция өкүлдөрү... Читать дальше...

Ошто шайлоонун жыйынтыгына нааразылар митингге чыгышты

Azattyk.org 

Ош шаарынын борбордук аянтына 22-апрелде шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен алты партиянын өкүлдөрү митингге чыгышты. "Бүтүн Кыргызстан", "Улуттар Биримдиги", "Бир Бол", "Улуу Журт", "Республика" жана шайлоого катышпай калган "Тилектештик" саясий партияларынын жүздөй тарапташы чогулду. Митингге чыккандар шайлоодо административдик ресурс колдонуп, добуш сатып алууга барган партияларды шайлоого катыштырбоону да талап кылышты. 21-апрелде Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Читать дальше...

Европада жарнамага тартылган кыргыз кыздары

Azattyk.org 

Европада жашаган музыкант мекендештерибиз Дина Шүкүрова менен Айнур Дурусалиева жакында эле "Vodafone" уюлдук байланыш операторунун видео жарнамасына тартылышты. Белгилүү уюлдук оператордун жарнамасында эки башка шаарда жашаган кыргыз кыздары Дина Шүкүрова менен Айнур Дурусалиева видео аркылуу байланышып, төрт кол менен чогуу пианинодо ойноп жатканын көрүүгө болот. Аталган компания жарнамага тартыла турган адамдарды издеп жатканы тууралуу маалыматты биринчи Дина уккан. Ал беш жылдан бери Амстердам шаарында жашайт. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Свёнтек разгромила Кырстю и вышла в 1/8 финала турнира WTA-1000 в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии





Путин в России и мире
Москва

Петербургский автопром вышел из кризиса, заявил Беглов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Дух разделения в Святой Руси, или Можно ли лишиться сана за отпевание Навального*



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Филипп Киркоров

Киркоров оштрафован на 6 тыс. рублей за неуплату другого штрафа



Москва

Танцы, демонстрации и мини-футбол. Как Москва отпразднует Первомай

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net