Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 22.04.2021

Кумаркана: талаштуу долбоор колдоо тапты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун талаш-тартыш менен биринчи окууда кабыл алды. Депутаттардын бир бөлүгү бул документти бийлик колдоого алып, эл өкүлдөрүнө басым жасаганын айтып жатышат. Мыйзам долбоорунун көмүскө колдоочулары Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропортунун аймагына кумарканалардын ачылышына шарт түзгөн мыйзам долбоорун 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берди. Бирок депутаттар Айбек Осмонов, Аккулу Бердиев, Нурбек Тотонов... Читать дальше...

Кочкордо келинди кыйнап өлтүргөн адам өмүр бою соттолду

Azattyk.org 

Нарында Кочкор райондук соту 23 жаштагы келинди өлтүргөн эркекти өмүр бою эркинен ажыратып, 150 миң сом айып пул салды. Облустук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, өкүм 20-апрелде чыккан, беш күндөн соң күчүнө кирет. Келиндин сөөгү ушул жылдын башында, 23-январда Тынай-Булак кыштоосунан табылган. Маркумдун таанышы, 25 жаштагы жигит кылмышка шек саналып кармалган эле. Айрым маалымат булактары келин атка сүйрөтүлгөнүн жазышкан. Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14% жогорулаганын... Читать дальше...

Ысык-Атадан 80дей койду уурдоого шектүү киши кармалды

Azattyk.org 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунан көп сандагы малды уурдоого шектелген жаран Ош шаарында жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Ысык-Атанын Ново-Покровка айылынын 58 жаштагы жашоочусу милицияга арыз менен кайрылып, малчысы көп сандагы малын уурдап, из жашырып кеткенин билдирген. Факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Читать дальше...



Чех Сенаты Орусия менен достук келишимди жокко чыгарууга үндөдү

Azattyk.org 

Чех парламенттинин жогорку палатасы - Сенат орусиялык тыңчылардын тиешеси бар деген 2014-жылы Врбетицедеги жардырууну "Евробиримдиктин бир мүчөсүнө каршы багытталган мамлекеттик террорчул акты" деген тыянакка келди. Бул резолюцияга Сенаттын жыйынына катышкан 72 депутаттын 67си добуш берди. Жыйындын жүрүшүндө сенаторлор чех өкмөтүн Орусия менен достук мамилелер жана кызматташтык тууралуу келишимди токтотууга чакырышты. Ошондой эле Прагадагы Орусиянын элчилигинин курамын бир кызматкерге чейин кыскартуу сунушталды. Читать дальше...

АКШнын Орусиядагы элчиси кеңешүү үчүн Вашингтонго чакыртылды

Azattyk.org 

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан 22-апрелде президент Жо Байдендин администрациясы менен жолугуп, кеңешүү үчүн Кошмо Штаттарга учуп кетти. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги кабарлады. Агенттик америкалык дипломат АКШга Лондон аркылуу учушу мүмкүн экенин айтып, бул күнү Москвадан АКШга түз уча турган абакаттамы болбогонун билдирди. АКШнын элчиси Жон Салливан башында Орусиядан тез арада кетүүгө ниеттенбей эле турганын айткан, бирок 20-апрелде Вашингтонго кеңешүүгө барарын билдирген. Элчи Салливан АКШдагы үй-бүлөсүнөн кабар алып... Читать дальше...

Тажикстандык имам салафий агымына шек саналып кармалды

Azattyk.org 

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарындагы Шохмансур мечитинин имамы, 44 жаштагы Абдулхак Обидов тажияда сүйлөгөн сөзүнөн кийин кармалды. Ал өлкөдөгү диний окумал чөйрөдө Махсуми Абдулхак деген ат менен белгилүү. Аны кармап, камакка алган Улуттук коопсуздук комитети динаятчы салафий агымына шек саналып жатканын кабарлады. Имам-хатиб Обидов белгилүү маркум динаятчы жана беделдүү ишмер Хикматулло Тажикободинин тажиясында сөз сүйлөп, аны өлкөдөгү эң улуу лидерлердин бири деп сыпаттаган. Бул тууралуу... Читать дальше...

Бишкекте Гүлзат Аалиеваны бошотууну талап кылгандар митингге чыгышты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин имаратынын жанында илимпоз Гүлзат Аалиеванын тарапташтары "Аалиевага боштондук", "Сөз эркиндигине, кыргыздын каада-салтына боштондук" деген ураандарды кыйкырып турушат. Гүлзат Аалиеванын бир тууган сиңдиси Нурзат Аалиева акцияга интелегенция, маданият өкүлдөрү, кайдыгер карабаган адамдар чогулганын,  эжесинин бошотулушун талап кылган кайрылууга кол топтолуп, бийликке жолдонорун маалымдады. Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева 21-апрелде Бишкектин Биринчи май... Читать дальше...



23-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

23-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар жаайт. Түндө Чүй, Талас жана Ысык-Көл дубандарынын дыйканчылык аймактарында -2...-3° үшүк жүрөт. Күндүз эч жерде жаан-чачын болбойт. Абанын табы: Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15, Баткен, Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11, Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 6...11, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17... Читать дальше...

"Кемпир-Абад": Өзгөндө дагы жер алмашууга каршылар чогулду

Azattyk.org 

21-апрель күнү Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы болуп, нааразылык акцияга чогулду.  Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду жокко чыгарууну талап кылышты. Каршы болгондор "Кемпир-Абадга" байланыштуу чечим чукул чыкканын айтып, атайын кызматтын башчысынан жергиликтүү эл менен жолугушуусун талап кылышты. Читать дальше...

COVID-19: Индияда оору 314 миңден көп адамга жукту, 2104 бейтап көз жумду

Azattyk.org 

Индияда 22-апрелде катталган бул көрсөткүч 1,3 миллиард калкы бар өлкө дүйнөдө илдет жугузуп алгандардын санына карап глобалдык пандемиянын чордонуна айланганын көргөздү. Индияда  соңку бир күндө 2104 бейтап ажал тапты жана бул кезектеги антирекорд болуп калды.  Ооруканаларда орун жетишпей, өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттар менен дары-дармектердин таңкыстыгы кабарланды. Жергиликтүү медиа медициналык каражаттарды карактоо фактылары катталып, кислород баллондорун уурдаган учурлар тууралуу жазышты. Читать дальше...

Зомбулукка кабылган эркекти коом түшүнбөйт

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө “Улукман” коомдук бирикмеси эркектердин кризистик борборун ачууну пландап жатат. Бирикменин аймакта жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эркектер көйгөйүн ачык айтпайт. Жашоодо кыйын кырдаалга кабылган эркектерге колдоо көрсөткөн Медер өзү да бир кезде баңги болгон. Жаман адатын таштай албай койгонун көргөн жакындары, бир туугандары андан түңүлүп, кол үзгөн экен. Медер кокусунан кезиккен жакшы адамдын көмөгү менен азаптан кутулуп, жаңы жашоо баштаганын айтып отурду. Читать дальше...

Бишкекке "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы бүгүн келет

Azattyk.org 

Орусиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясы 20 миң доза өлчөмүндө 22-апрелде Кыргызстанга жеткирилет. Дары президент Садыр Жапаровдун Москвага сапарынын алкагында келип жатканын өкмөттүн басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Кийинки партия качан келери, бул дары менен эмдөө качан башталары тууралуу азырынча маалымдала элек. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бир доза 10 доллардан саналганын "Спутник Кыргызстан" агенттигине билдирген. Читать дальше...

Ноокаттын жолун жамоо башталат

Azattyk.org 

Ноокатта жергиликтүү бийлик аба-ырайы жакшырганда Ош–Баткен жолунун аталган районго караган бөлүгүндөгү чуңкурларды жамаганы жатат. Толугу менен оңдоп-түзөө иштери болсо күз айларына калганы белгилүү болду. Өткөн аптада жергиликтүү тургундар жолдун оңдолушун талап кылып нааразылык акцияларды өткөрүшкөн. Ал арада Ноокатка караштуу Гүлистан айылындагы көпүрөнүн бир тарабы чөгүп, кооптуу жагдай жаралды.

Орусия: Навальныйды колдоп чыккан эки миңдей адам кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын Москва баштаган  ондогон шаарларында оппозиция лидери Алексей Навальныйды колдогон калайман каршылык акцияларында кармалган адамдардын саны  1700дөн ашты.  "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоорунун соңку статистикасына ылайык, кармалгандардын теңинен көбү Санк-Петербург шаарына туура келет. Жалпы элдик демонстрациялар Навальный негиздеген "Коррупцияга каршы күрөшүү" фондун экстремисттик уюм катары жабуу тууралуу бийликтин чечиминен кийин башталды. Аталган фонд  орус президенти Владимир Путин... Читать дальше...

Сот Юристанбек Шыгаевдин ишин кароону токтотту

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Юристанбек Шыгаевге байланыштуу ишти кароону токтотту. Райондук соттун басма сөз кызматы иш мөөнөтү өтүп кеткендиктен 2021-жылдын 26-февралында өндүрүштөн алынганын билдирди. Шыгаев кызматта турганда музейден орус сүрөтчүсү Николай Сверчковдун «Ит менен ат» жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алып кетип калганы 2019-жылы ачыкка чыккан. Кийин ал эмгектерди бузулган абалда кайтарганын ошол кездеги Маданият... Читать дальше...

Барабаш "Манас" аба майданындагы жемкорлукка шек саналып кармалды

Azattyk.org 

"Манас" эл аралык аэропортундагы коррупциялык иштерге тиешеси бар деген шек менен Ксения Барабаш кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 22-апрелде бул маалыматты "Азаттыкка" тастыктап, кошумча маалыматтар кийин берилерин билдирди. Ушул күнү сот анын бөгөт чарасын карайт. Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Кадыр Токтогулов Барабаш 19-апрелде кармалганын "Твиттерге" жазды.   Барабаш жарандык авиация тармагында иштегени, түркиялык "Gata havayollarive taşimacilik a.ş" компаниясынын... Читать дальше...

Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразылар акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Бир нече партиялардын өкүлдөрү 22-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдына митинг өткөрүп, Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Алар шайлоодо административдик ресурс колдонуу жана добуш сатып алуу жапырт орун алганын белгилешип, кайрадан шайлоо өткөрүү зарылдыгын билдиришти. Митингчилерге БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов чыгып,  нааразы болгондордун арыз-дооматы каралып жатканын, убагы келгенде жыйынтык чыгарыларын маалымдады. Читать дальше...

Сөз эркиндигине сөөмөй кезегендер

Azattyk.org 

Кыргызстан дүйнөдөгү басма сөз боюнча индексте үч баскычка алдыга жылганы менен иш жүзүндө өлкөдө басма сөз эркиндиги начарлап жатат.   Бул тууралуу “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавелье билдирди. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан бул уюм “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индекси-2021” аттуу жаңы баяндамасын 20-апрелде жарыялады. “Кыргызстандын рейтинги жогору көтөрүлгөнү менен глобалдык упайы начарлады. Бул “механикалык эффект” деп аталат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Тимати

Мама Тимати не справляется с внучкой: «Сказать, что мне трудно — ничего не сказать»





Персональные новости
Яндекс

Яндекс Погода выяснила, как за последние 30 лет изменились майские заморозки





Зордукталган өспүрүмдүн апасы милицияга нааразы

Azattyk.org 

Сузакта зордукталды делген 9-класстын окуучусунун жагдайын милиция жакшы көзөмөлдөбөй жатат. Мындай дооматты кыздын апасы менен анын жактоочусу айтып чыкты. Бул кылмышка шектүү катары бир адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген, бирок ал көп өтпөй эле үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.

Гүл өстүрүүдөн баар тапкан Уулжан

Azattyk.org 

Кадамжайда 10 жылдан бери бөлмө гүлдөрүн өстүрүп, атайын күнөскана да куруп алган Уулжан Айдарова "бул иш ар бир кишинин колунан келет, көп убакыт албайт, иш жеңил кирешеси да бар",- дейт. Гүл сүйүүчү жаңы уруктарды Орусиядан алдырып, жерине, абасына ылайыкташкандай өстүргөн гүлдөрүн кардарларына үйүнөн эле сатат.

Навальныйды колдоп чыккан миңден ашуун адам кармалды

Azattyk.org 

21-апрелде Орусиянын Москва баштаган бир катар шаарларында, ошондой эле чет өлкөлөрдө оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акциялар өттү. Полиция жүздөгөн адамды кармап кетти. "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоорунун соңку статистикасына ылайык, акция Орусиянын 60тан ашуун шаарында өттү, анда 1200дөй адам кармалды. Акциялар башталганга чейин эле Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш жана анын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири, «Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун» юристи Любовь Соболду полиция кармап кеткен. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Стало известно, с кем сыграет Вероника Кудерметова во втором круге турнира WTA-1000 в Риме


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Песков: погода не является препятствием для проведения парада Победы





Путин в России и мире
Москва

Путин поблагодарил Рахмона за соболезнования в связи с терактом в «Крокусе»


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко рассмотрит заявление об убежище от польского суди Шмидта




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

В Москве налоговая потребовала взыскать долг с Алексея Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Владимир Брилёв: «Концерт, посвященный Великой Победе, стал доброй традицией для творческого объединения «Хрустальное соZVездие».



Москва

Специалисты Delivery Animal рассказали о том, как перевезти питомца из России за границу

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net