Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 16.04.2021

Түштүк Корея "Sputnik V" вакцинасын өндүрөт

Azattyk.org 

Түштүк Кореялык "Huons Global" компаниясы коронавируска каршы Орусия ойлоп тапкан "Sputnik V" вакцинасын өндүргөн жатат. Компания тиешелүү келишимди вакцинаны сыртка экспорттоого жооптуу болгон Орусиянын Тикелей инвестициялар фонду менен түзгөнүн жана августтан тарта өндүрүштү баштай тургандыгын 16-апрелде жарыялады. Бул үчүн "Huons Global" ишканасы дагы башка кореялык үч компания менен бирдикте консорциум түзүп, айына 100 миллион доза вакцина чыгарууга белсенип жатат. "Huons Global" компаниясы... Читать дальше...

Саясатты сатирага салган Самат

Azattyk.org 

Заманбап калемгер саясий турмушту сатира тили менен куйкалап чагылдыра алганы кызыгуу жаратат.  Самат Уранкай өзүнүн "Сынган миллион" китеби тууралуу баарлашат.

"Кемпир-Абаддагы" жердин берилишине каршылар чогулду

Azattyk.org 

Ош шаарынын Кара-Суу районунда 16-апрелде Савай айыл өкмөтүнө караган Ынтымак айылынын 50дөн ашык тургуну нааразылык билдирип чыгышты. Алар "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтып, мөөнөтсүз акция баштады. Боз үй тигип алган жергиликтүү тургундар атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышууда.



Иран уранды 60% байыта баштаганын жарыялады

Azattyk.org 

Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы парламенттин төрагасы Мухаммед Багер Калибафага шилтеме кылып кабарлады. Анда Ирандын окмуштуулары уранды байытууну мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге, тагыраагы 60%га чейин чыгарганы айтылат. Калибафанын мындай билдирүүсү Тегерандын өзөктүк программасы тууралуу дүйнөлүк державалар менен 2015-жылы түзүлгөн келишимдин келечеги жөнүндө Венадагы сүйлөшүүлөргө туш келди. Ирандын атом энергиясы боюнча уюмунун башчысы Али Акбар Салехи мамлекеттик телеканалдан... Читать дальше...

"Кемпир-Абаддагы" акцияга чыккандар Ташиевди чакырды

Azattyk.org 

Акыркы 15 күндө Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка уу коргошун берилип, байкоо жүргүзүлдү. Ошто «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар боз үй тигип, тегерегине Кыргызстандын мамлекеттик туусун илишти. Коронавирус менен ооруп кенемте алалбай жаткан медицина кызматкерлери Бишкекте митингге чыгышты.

Айсулуу Тыныбекова төртүнчү ирет Азия чемпиону болду

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн төртүнчү жолу Азия чемпиону аталды. Мелдеш ушу тапта Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Азия чемпиондугунда Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, финалда монголиялык Болортуей Хурелхууну 11:0 эсебинде жеңип, алтын медаль алды. Финалга чейин Тыныбекова төрт беттеш өткөрүп, Индиядан, Казакстандан, Түштүк Кореядан жана Өзбекстандын чыккан атаандаштарын уткан. 15-апрелде Тыныбекова Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмуна маек куруп... Читать дальше...

ИИМде Айзаданын өлүмүн иликтөөнүн жүрүшү талкууланды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши Айзада Канатбекованын ишинин иликтениши боюнча маселени талкуулады.   Мекеменин басма сөз кызматы 16-апрелде билдиргендей, жыйында  Коомдук кеңештин мүчөлөрү эгерде милиция кызматкерлери бардык чараларды көрүшкөндө, бул каргашалуу окуяны алдын алмак деген пикирге келишти.   ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары Жолболду Көчкөнов тыкыр кызматтык иликтөө жүргөнүн, анын жыйынтыгында шалаакылык үчүн 44 кызматкер жазаланып, бир нече жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулганын билдирди. Читать дальше...

Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды

Azattyk.org 

Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Президент Садыр Жапаров бул тууралуу жарлыкка кол койгонун 16-апрелде мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады. 55 жаштагы Акматов кесиби боюнча экономист. 1991-2000-жылдары Ысык-Көл жана Чүй облустарында ревизор, бухгалтер, инспектор болуп иштеген. Эсептөө палатасынын системасында 2000-жылдан бери алгач адис, кийин инспектор, бир катар облустук өкүлчүлүктөрдө жетекчи болуп эмгектенген. Быйылкы жылдын февраль айынан бери Эсептөө палатасынын аудиотору болуп иштеп жаткан. Читать дальше...



Талас: Абакта баласын эмизе албай ооруп калган келин боюнча териштирүү башталды

Azattyk.org 

Таласта кылмышка шектүү 27 жаштагы келиндин ымыркайын эмизүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, милициянын убактылуу кармоочу жайында ооруп калганы боюнча кызматтык териштирүү башталды. Бул тууралуу 16-апрелде «Азаттык» радиосуна облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Кара-Буура районунун тургуну, үч баланын энеси быйыл 1-февралда Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде кармалган. Азыр ал райондук милициянын камагында отурат. Жети, төрт жаштагы... Читать дальше...

Башкы прокуратура Матраимовдун иши жабылганы туура экенин билдирди

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча чечимин изилдеп чыгып, аны жокко чыгарууга негиз жок деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу 16-апрелде башкы көзөмөл мекемесинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, атайын кызматтын чечиминин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу текшерилди. Буга Матраимовдун кылмыш ишинин токтотулушу жөнүндө коомчулукта пайда болгон реакция себеп болгону айтылды. Читать дальше...

Саясий кастыкты козуткандарды жазалоо сунушталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда тийиштүү мыйзамдарга «саясий кастыкты козутуу» деген түшүнүк киргизилип жатат. Өкмөт, анын ичинде Ички иштер министрлиги бул берене экстремизм менен күрөшүү үчүн кабыл алынып жатканын кабарлоодо. Ошол эле учурда коомчулукта аталган жагдай оппозициялык маанайдагы саясатчыларга каршы колдонулушу мүмкүн деген кооптонуу жаралды. Эктремизмдин жаңы аталышы Жаңы түшүнүк камтылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорду өкмөт сунуштады. Читать дальше...

"Медицина уу коргошунду колдонууга тыюу салат"

Azattyk.org 

Уу коргошун абдан кооптуу өсүмдүк, жүрөктүн токтоп калышына алып келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу, профессор Аида Зурдинова "Азаттыктагы" маегинде билдирди.

Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттардагы элчиси Болот Отунбаев кызматтан бошотулуп, анын ордуна Бактыбек Аманбаев дайындалды. Президент Садыр Жапаров бул тууралуу жарлыктарга кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы 16-апрелде кабарлады. Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын акыйкатчысы болуп иштеген. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон. Ошол жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин быйыл февралга чейин өкмөттүн аппаратын жетектеген. Отунбаев... Читать дальше...

Оштогу заводдо кран башкарган айымдар

Azattyk.org 

Динара Султанова Ош шаарындагы заводдордун биринде кранды башкарат. Анын кесиби сейрек кездешкени менен өндүрүштөгү орду чоң. Кранды башкарууну үйрөнүп, шаардагы авто мектептерден атайын билим алган. "Азаттыктын" кабарчысы ал иштеген заводго барып, аны менен чогуу иштеген башка айымдар менен да баарлашып кайтты.

Интернетте таанышуу кооптуубу?

Azattyk.org 

"Азаттык плюстун" кезектеги чыгарылышында интернетте таанышуунун кооптуу жактарын талкууладык. Адистер бул тууралуу эмне дешет? Жаштар кандай окуяларга кабылган? Таанышууда эмнелерди эске алуу керек? Бул чыгарылышта ушул суроолорго жооп издедик.

АКШ Матраимовдун бошотулушун “көңүл калтырарлык иш” деп атады

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттары Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бошотулганына байланыштуу билдирүү таратып, муну “көңүл калтырарлык иш” деп атады. 16-апрелде Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги тараткан билдирүүдө бажыдагы коррупциялык схемага катышканы, натыйжада кеминде 700 миллион доллар адалданганы үчүн Матраимов “Магнитский тизмесине” киргизилгени жана визалык чектөөгө алынганы, бул акчаны кыргыз өкмөтү саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарбасы тармактарына жана пенсияга колдонсо болмоктугу белгиленди. Читать дальше...

Бишкекте медкызматкерлер нааразылык акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Бишкектеги Ак үйдүн алдында башкалаадагы жүзгө чукул медициналык кызматкер тынчтык акцияга чыгышты. Алар коронавирус пандемиясынын шартында иштегени менен "өкмөт убада кылган кенемте берилбеди, айлыктар көтөрүлгөн жок" деп нааразылык билдиришти. Акцияга чыккандардын бири Кемелбек Мамыров ооруган кызматкерлердин баарына кенемтени тегиз берүүгө бийликти чакырды. Чогулгандардын айрымдары "Өкмөттүн компенсация төлөө убадасы аткарылган жок!", "Медайымдарга да 1-апрелден тартып 100% айлык!" деген жазууларды көтөрүп турушту. Читать дальше...


Музыкальные новости
НОПРИЗ

В Москве наградили победителей Международного профессионального конкурса НОПРИЗ на лучший проект – 2023





Персональные новости
Кремль

Ведущие «Авторадио» исполнили в Кремле культовую песню о самой масштабной стройке XX века





Гонконгдо Жимми Лай баштаган демократиячыл активисттер соттолду

Azattyk.org 

Гонконгдун соту 16-апрелде 2019-жылдагы Бээжин бийлигине каршы акцияларга катышканы үчүн оппозициячыл Apple Daily басылмасынын кожоюну, 73 жаштагы миллиардер Жимми Лайды 1,2 жылга эркинен ажыратты. Анын оппозициячыл маанайдагы саясий ишмердигине байланыштуу экинчи ишинде сегиз айга камоого өкүм чыкты. Бирок сот бул эки ишти бириктирип, ага жалпысынан 14 ай жаза мөөнөтүн чегерди. Лайдан сырткары буга чейин Бээжиндин аталган аймактагы катаал саясатына каршы нааразылык акцияларга катышканы үчүн кармалган бир нече жарандык активист... Читать дальше...

Активист министр Бейшеналиевге каршы прокуратурага даттанды

Azattyk.org 

Активист Умай Арыкова саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу Арыкова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, арыз 16-апрелде Башкы прокуратурага онлайн түрүндө жазылды. Анда ал баш прокурор Курманкул Зулушевден министрдин уу коргошун боюнча айткандарына укуктук жана юридикалык баа берүүнү талап кылган.   Умай Арыкова министрдин аракетине  "Саламаттыкка атайлап зыян келтирүү" беренеси менен баа берүү керек деп эсептейт. Читать дальше...

АКШ Орусияга каршы санкциялык тизмесин кеңейтти

Azattyk.org 

Вашингтон АКШдагы соңку шайлоого таасир этүүгө аракет кылып, кийлигишкени үчүн Орусиядагы 16 орусиялык аткаминер менен ишкерге жана 16 мекеме-уюмга  санкция салды. Президент Жо Байдендин жарлыгына ылайык, он орус дипломаты Кошмо Штаттарынан чыгарылат. Бул тууралуу Ак үй кабарлады.  “Голос Америки” сайты алардын арасында дипломаттык кол тийбестигин пайдаланган, Вашингтондогу орус элчилигинде иштеп жүрүп чалгынчылык менен алектенгендер аныкталганын жазды.  Мындан сырткары АКШнын Финансы министрлиги... Читать дальше...

17-апрелдин аба ырайы

Azattyk.org 

17-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаайт, Жалал-Абад, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 5...10... Читать дальше...

Казакстанда мунайчылар маянаны көтөрүүнү талап кылышты

Azattyk.org 

Казакстандагы Кызылордо облусунда мунай бургулаган "Қуат Амлон Мунай" казак-кытай биргелешкен компаниясынын үч жүздөн ашуун жумушчусу эмгек акыны жогорулатууну талап кылып жатат. Нааразы болгондор эгер алардын талабы аткарылбаса, жакынкы күндөрү иш ташташарын эскертишти. Мунайчылардын айтымында, азыр алардын бир айлык маянасы 110 миң теңге, же 250 АКШ долларын түзөт. “Биз айлык акынын өлчөмүн жок эле дегенде 250 миң теңгеге чейин көбөйтүүнү талап кылабыз. Азыр биздин арабызда ай-сайын болгону 90 миң теңге алып... Читать дальше...

УКМК: Июнь окуясы боюнча иш кайра тергеле баштады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата козголгон кылмыш ишин кайра тергей баштады. Атайын кызмат кайра тергөө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча башталганын 16-апрелде билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал иш Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу. УКМКнын өкүлү Назгүл Кыдыралиеванын айтымында, кылмыш... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Труп мужчины найден в лесопарковой зоне в Сокольниках





Путин в России и мире
Москва

Петербургский автопром вышел из кризиса, заявил Беглов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Дух разделения в Святой Руси, или Можно ли лишиться сана за отпевание Навального*



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Рэпер Джиган вызвал Тимати на поединок после публичных насмешек в свою сторону прямо во время шоу



Москва

Лотерея, мастер-классы и шоу. В Москве пройдет фестиваль «Пасхальный дар»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net