Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 16.04.2021

Баткен: Калайман мушташтан жабыркаган төрт окуучунун экөө ооруканада жатат

Azattyk.org 

Баткенде окуучулардын калайман мушташынан жабыркаган төрт баланын экөө ооруканада жатат. Бул тууралуу 16-апрелде “Азаттык” радиосуна өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 15-апрелде Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов атындагы орто мектебинде болгон. Калайман мушташ учурунда жараат алган төрт окуучуга облустук ооруканада медициналык жардам көрсөтүлгөн. Алардын экөө ошол күнү үйүнө чыккан, экөө жактырылган. Баарынын абалын... Читать дальше...

Пакистан соңку тоз-тополоңдон улам соцтармактарды убактылуу жапты

Azattyk.org 

Пакистанда Ички иштер министрлигинин сунушу менен  Twitter, Facebook, WhatsApp, YouTube жана Telegram өңдүү социалдык тармактарды убактылуу жабылды. Буга ишмердигине жаңы эле тыюу салынган ашынган исламчыл партиянын тарапкерлеринин тоз-тополоң менен коштолгон карл=шылык акцияларынегиз болду. Буга чейин полиция  "Техрик-и-Лаббайк" (TLP) партиясынын санаалаштарын интернетте соцтармактарда такталбаган маалыматтарды таратууга, башаламандыкка чакырган, коомду козуткан билдирүүлөр үчүн айыптаган.   Өткөн шаршембидеги башаламандыкта беш адам... Читать дальше...

"Кемпир-Абад" суу сактагычынын кыргыз тарабында нааразылык акциясы өтүүдө

Azattyk.org 

Ошто кыргыз-өзбек чек арасына жакын тилкеде жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясы уланууда. “Азаттыктын” кабарчысы 16-апрелде жеринен маалымдагандай, Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын 30 чакты тургуну акциясын бир жума мурда башташкан. Алар "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстан тарапка өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтып жатышат. Өзүн Ынтымак айылынын тургуну Нурлан Маматов деп тааныштырган адам талаптар мамлекет башчысына... Читать дальше...



Коронавирусту уу коргошун менен дарылоо сынга кабылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги COVID-19 вирусуна каршы элди уу коргошун чөбүнүн тундурмасы менен дарылап жатканын жарыялады. Саламаттык жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска чалдыгып, ооруканада жаткандарга соңку 15 күндөн бери Ысык-Көл тамыры деп аталган чөптүн тундурмасы берилип жатканын кабарлады. Ал мындай дарылоону президент Садыр Жапаров сунуштаганын, бейтаптарды дарылоодо дозаны аныктоо үчүн президенттен кеңеш сурап жатканын айтты. Читать дальше...

Кургак учук болгон жоокерлер арасат абалда

Azattyk.org 

Аскердик кызматын өтөп жүргөндө кургак учук жугузуп алган ондогон жоокердин ата-энелери, жакындары Коргоо министрлигине нааразы болуп чыгышты. Алар уулдарына эми “аскерге жараксыз” деген документ берилерин айтып, кабатыр болуп жатышат.

ДССУ: Уу коргошундун натыйжалуулугу тууралуу маалымат жок

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 16-апрелде өлкөдө коронавирусту дарылоодо уу коргошундун колдонулушу тууралуу билдирүү таратты. Анда дүйнөдө препараттарды иштеп чыгууда клиникалык изилдөөлөр маанилүү экени, анын натыйжалуулугу менен коопсуздугу иликтене турганы айтылат. Ошондой эле уу коргошундун коронавирусту дарылоодо натыйжалуулугу тууралуу ДССУнун маалыматы жок экени белгиленген. Уюмдун билдирүүсүндө, мындай маалымат алуу үчүн чөптүн фармакологиялык касиетин эл... Читать дальше...

Франция менен Германиянын лидерлери Зеленский менен жолугат

Azattyk.org 

Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон 16-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугат. Бул кездешүү орус-украин чек арасына жакын аймактарда Москва аскерлерин жайгаштырып, мындан улам жагдай курчуп жаткан маалга туш келди. Макрон Зеленскийди Парижде тосуп алат, экөө Меркель менен видео аркылуу байланышат. "Украинанын эгемендиги коркунучта. Ошондуктан биздин бардык иш-аракетибиз курч кырдаалды жөнгө салып, чыңалууну азайтууга багытталат"... Читать дальше...

Олимпиадага үч ай калды, Спорт агенттигинин 45 млн. карызы бар. Даярданып жетишеби?

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Токио Олимпиадасына үч ай гана убакыт калды. Машыгуулар пандемия шартына туура келгенине карабастан кыргызстандык спортчулар ондон ашык жолдомо алды. Алдыда бир нече лицензиялык турнир бар.



Москва АКШнын жаңы санкцияларына илинди

Azattyk.org 

Кремлдин кескин эскертүүлөрүнө карабай Кошмо Штаттары Орусиядагы төбөлдөргө, Путиндин айланасындагы олигархтарга жана орусиялык мекемелерге каршы жаңы санкцияларды киргизди.

Жол боюндагы камераны талкалап кеткен айдоочуга иш козголду

Azattyk.org 

Чүйдө жол кыймылын көзөмөлдөөчү аппаратты талкалап кеткен айдоочу боюнча сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 210-беренесинин (Бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу) негизинде жүрүп жатат. Бул тууралуу 16-апрелде “Азаттык” радиосуна ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаев билдирди. Анын айтымында, кылмышка шектүү адам ким экени аныкталып, машинасы дароо атайын токтотмого киргизилген. Окуя 15-апрелде Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 90-чакырымында... Читать дальше...

Кыргыз экономикасы улам төмөндөп баратат

Azattyk.org 

Кыргызстандын экономикасы жыл башынан бери 9,4% төмөндөдү. Мунун ичинде өндүрүш, курулуш, соода жана башка тармактар да ылдыйлап жатат. Өкмөт экономиканы турукташтыруу үчүн реформаларды кабыл алып жатканын билдирүүдө. Эл аралык институттар болсо өлкөнүн көрсөткүчтөрү бир-эки жылда барып калыбына келерин болжоп жатышат. Артка кеткен сандар Жылдын алгачкы кварталынын жыйынтыгын адаттагыдай эле Улуттук статистика комитети чыгарды. Андагы сандар кубантарлык эмес. Экономика биринчи айда 7,6% түшсө... Читать дальше...

Талас дарыясына чөгүп кеткен эки жашар наристе табыла элек

Azattyk.org 

Таласта сууга чөгүп кеткен наристени издөө бүгүн, 16-апрелде да уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 15-апрелде жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12 куткаруучу, милициядан 80 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, натыйжа болгон жок. Кырсык Бакай-Ата районунда 12-апрелде кечке жуук болгон. Өзгөрүш айылында эки жашар бала Талас дарыясына чөгүп кеткен. Кыргызстанда 2019-жылы 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жайкы сезондо), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу. Читать дальше...

Кыргыз референдумуна чет жактагы реакция

Azattyk.org 

Кыргызстан 11-апрелдеги референдумдун жыйынтыгы менен кайрадан президенттик башкаруу формасына өттү. Муну менен өлкө бийлик бир колго топтолгон Борбор Азиядагы төрт мамлекеттин катарына кошулду. Кыргызстандагы мындай өзгөрүүлөр дүйнөдө жана чөлкөмдө кандай кабыл алынууда?

Алтын фондду толтурган инсан эле...

Azattyk.org 

Бишкекте Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчиев 83 жашында дүйнө салды. Ардагер журналист тууралуу 2019-жылы жазылган макаланы окурмандардын назарына сунуштайбыз.

Коронавирус төрт бейтаптын өмүрүн алды, 230 кишиден аныкталды

Azattyk.org 

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы төрт киши каза болду. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, алардын үчөө Бишкекте, бирөө Чүйдө ооруканада жаткан. Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1544кө жетти. 16-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 230 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (131), андан кийин Чүй облусунда (70)... Читать дальше...

«Медиазона»: Москвада уурдалган тажик жараны мекенине жеткирилген

Azattyk.org 

1-апрелде белгисиз адамдар 30 жаштагы Кием Гуловду Москвадагы батиринен кармап кетип, Тажикстанга жеткиришкен. Мекенинде ал терроризмди каржылаган деп айыпталууда. «Медиазона» басылмасынын маалыматына караганда, батирдин ээси курулушта иштеп жүргөн Гуловду алып кетүү үчүн келген кишилер өздөрүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери деп тааныштырышкан. Кием Гулов Москвага 2016-жылы барган. Туугандарынын айтымында, 2017-жылы ал Сауд Арабиясына окууга кетиши керек болгон жердешине баш калка берип, батиринде чогуу жашап калган. Читать дальше...

Аргентина «Спутник V» вакцинасынан кийинки коркунучту каттады

Azattyk.org 

Аргентинанын Саламаттык сактоо министрлиги вакцина коопсуздугу тууралуу отчетунда Орусияда жасалган "Спутник V" вакцинасы менен эмдөөдөн кийин канда тромбоциттердин деңгээлин азайтуучу (тромбоцитопения) оору козголору, бул кан токтобоо коркунучуна жана тромбозго алып келгени тууралуу кабарланган. «Фармацевтикалык кабарчы» журналы мындай окуя Аргентинада 1,5 млн. адам эмделден кийин аныкталганын жазды.Ага ылайык, мындай коркунуч эмдөөнүн 0,008% түзөт. Аргентинада жалпысынан Орусияда жасалган... Читать дальше...


Музыкальные новости
Тимати

«С новосельем, моя сладкая!»: бабушка Симона показала дом дочки Тимати





Персональные новости
Александр Лукашенко

Лукашенко отдал куртку ветерану ВОВ на параде Победы в Москве





Орусия АКШнын он дипломатын өлкөдөн чыгарат

Azattyk.org 

Бул АКШ тарабынан 15-апрелде киргизилген санкцияларга жооп экенин Мамдуманын эл аралык иштер комитетинин төрагасынын орун басары Алексей Чепа "Интерфакс" агенттигине билдирген. «Албетте, биз дагы он кызматкерди чыгарабыз. Биздин ички иштерге кийлигишкени үчүн аларга да бериле турган жооп бар. Бул кадам эл аралык кырдаалды жакшыртпаса да биз ага барууга аргасызбыз», - деди Чепа. АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы мурдараак Орусияга карата санкцияларын кеңейтерин билдирген. Ага ылайык... Читать дальше...

Жапаров элди коронавируска каршы вакцина алууга чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 15-апрелде Бишкектеги жана Чүйдөгү бир катар медициналык мекемелерди кыдырды. Ал Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Улуттук госпиталга жана Токмок аймактык ооруканасына барып, ал жерде COVID-19 вирусунан дарыланып жаткандардын абалы менен таанышты. Андан кийин мамлекет башчы кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Президент жалпысынан өлкөдө абал өтө коркунучтуу эмес деп баалады. Ал оорунун белгилери байкалган учурда эле ооруканага, дарыгерге кайрылуу зарылчылыгын айтты. Читать дальше...

Өкмөт "саясий кастыкты козутуу" түшүнүгүн киргизүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодексине "саясий кастыкты козутканы жөнүндө" түшүнүк киргизүү тууралуу өкмөттүн сунушун Жогорку Кеңеш 15-апрелде карады. Депутат, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев ИИМдин бул демилгеси адам укугун коргоого каршы келерин айтты: «Орусияда дал ушул түшүнүк менен 16 жаштагы баланы телеграмм-каналынан Путинди сындап койгону үчүн түрмөгө камашты. Бизде да ушундай болобу? Саясий күрөш, сын деген болушу керек да. Адамдар өз пикирин да айта албай калышабы эми? Эгер эртең президентти сындап... Читать дальше...

Навальныйды колдоп жүргөн ырчынын концерттери болбой калды

Azattyk.org 

"Ногу свело!" рок-группасынын лидери, орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапкери Максим Покровский Сибирге пландалган концерттик туру болбой калганын билдирди. Ырчы мунун себебин жергиликтүү бийликтер тарабынан концерт уюштуруруучуларга коркутуп-үркүтүүлөр болгону менен байланыштырды. "Ногу свело!" рок-группасы 25-апрелден 6-майга чейин Сибирь аймагындагы Омск, Новосибирск, Томск, Кемерово, Красноярск, Абакан жана Иркутск шаарларын кыдырып, концерт бермек. Максим Покровский концерттерге билеттер жакшы сатылганын белгиледи. Читать дальше...

Театр: Адали жана канышага ышкысы өчпөгөн 90догу зергер

Azattyk.org 

Кыргыз театр өнөрүнө баарандуу салым кошуп келе жаткан өнөрпоз, Кыргызстандын эл артисти Анатолий Курбанович Адали (Толкунжан Курбан уулу Ахмадалиев) 80 жылдык мааракесин британдык драманын кейипкерин ийисине жеткирип ойноо менен тосууда. Театр таануучу Аманбек Дилденбай уулу Жапаровдун блогу. Алгы сөз Анатолий Адали деген адабий ысымы менен Евразиянын орус тилдүү театр өнөрүнө таанымал инсан – заманбап кыргыз театр өнөрүнүн өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан таланттуу жана мээнеткеч өнөрпоз. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В столице на фестивале «Московская весна» на Коптевском бульваре проходят спортивные конкурсы


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Рафаэль Надаль

Рафаэль Надаль первым в истории тенниса выиграл 200 матчей на грунтовых «Мастерсах»


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Озоновые Дыры: Вызов современности, Взгляд Романа Терещенко





Путин в России и мире
Москва

Кировчанин с позывным Струна стоял рядом с Владимиром Путиным 9 Мая в Москве


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Святая миссия русского солдата


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Концерт "Две музы"



Москва

Девочка упала в строительную шахту и скончалась на западе Москвы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net