Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Түштүк Корея "Sputnik V" вакцинасын өндүрөт

0
Түштүк Корея

Түштүк Кореялык "Huons Global" компаниясы коронавируска каршы Орусия ойлоп тапкан "Sputnik V" вакцинасын өндүргөн жатат. Компания тиешелүү келишимди вакцинаны сыртка экспорттоого жооптуу болгон Орусиянын Тикелей инвестициялар фонду менен түзгөнүн жана августтан тарта өндүрүштү баштай тургандыгын 16-апрелде жарыялады.

Бул үчүн "Huons Global" ишканасы дагы башка кореялык үч компания менен бирдикте консорциум түзүп, айына 100 миллион доза вакцина чыгарууга белсенип жатат.

"Huons Global" компаниясы "Sputnik V" вакцинасын өндүрүүгө келишим түзгөн экинчи түштүк кореялык компания болуп калды. Былтыр жыл соңунда "GL Rapha" биотехнологиялык компаниясы Тикелей инвестициялар фонду менен жылына 150 миллион доза препарат өндүрүүнү макулдашкан.

Орусиялык вакцинаны өндүрүү планын кореялык компания Иран бул препараттын 60 миллион дозасын сатып алаарын жарыялагандан бир күндөн кийин шардана кылды.

Ирандын Москвадагы элчиси Казем Жалали 15-апрелде 30 миллион кишини эмдөөгө жетчү вакцинаны июндан тарта ала тургандыгын билдирген.

Учурда Иранда коронавирустун жаңы толкуну жайылып жатат. Мамлекеттик сыналгы каналы 15-апрелде 83 миллион киши жашаган өлкөдө жугуштуу вирустун кесепетинен улам төрт мүнөт сайын бирден адам жарыкчылык менен кош айтышып жатканын кабарлады.

Пандемия башталгандан бери Иранда 2,1 миллиондон ашык киши коронавирусту жугузса, 65 миңден ашуун бейтап анын айынан көз жумду.

Ага чейин дүйнөдөгү калкы көп өлкөлөрдүн бири болгон Индия "Sputnik V" вакцинасын эмдөө үчүн колдонууга уруксат берген. Ал эми өлкөнүн Орусиядагы элчилиги препарат апрелдин аягынан тарта жеткириле баштай тургандыгын билдирди.

Калкы 1,3 миллиард болгон Индияда пандемиянын экинчи толкуну учурунда СOVID-19 вирусуна каршы вакцина тартыштыгы жаралды.

“Sputnik V” Индияда колдонууга уруксат берилген үчүнчү вакцина болуп калмакчы. Буга чейин өлкө дарыгерлери "AstraZeneca" жана "Bharat Biotech" компаниясы өндүргөн "Covaxin" вакцинасы менен эмдөө жүргүзүп келишти.

“Sputnik V” вакцинасы 2020-жылы Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Николай Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология институтунда иштелип чыккан. Анын СOVID-19 вирусуна карата натыйжалуулугу алгач күмөн жаратып, жыйынтыктоочу үчүнчү сынак бүтө электе эле Орусияда расмий катталганы сынга алынган.

Бирок “The Lancet” журналы орус вакцинасы дээрлик 92% натыйжа көрсөткөнүн жазып чыкканы медициналык чөйрөдө ишенимди жаратты.

Европа Sputnik V вакцинасын изилдеп жатат

Европа Бирмдигинин Дары-дармектер агенттиги (EMA) "Sputnik V" вакцинасын текшерип жатканын билдирип келет. Буга чейин Евробиримдикке мүчө айрым өлкөлөр бул препаратты сатып алууга кызыкдарлыгын билдирген.

Коронавирустун үчүнчү толкуну жыйылып жаткан Европада вакцина тартыштыгы сезилип жатат. Европа Биримдиги "Pfizer /BioNTech" вакцинасынын 50 миллион дозасы эртелеп, ушул айдан тарта келээрин жарыялады. Башында түзүлгөн келишим боюнча аталган препарат жыл аягында алынаары айтылган эле.

Ал ортодо Кошмо Штаттар "Johnson & Johnson" (J&J) вакцинасы менен эмдөөнү убактылуу токтотту. Учурда адистер препарат менен эмделген адамдарда кан уюусу (тромб) пайда болушу мүмкүнбү? деген суроону изилдеп жатат.

Буга чейин дал ушундай эле маселе "AstraZeneca" вакцинасында жаралып, бир катар өлкөлөр эмдөөнү токтоткон. Акыркылардан болуп Даниянын бийлиги дал ушундай чечимди кабыл алды.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиянын жалгыз айласы катары жапырт эмдөөгө үмүт артылып жаткан чакта, вакциналардын айланасындагы күмөн суроолор абалды дагы татаалдаштырып жатат.

Бельгиядагы Льеж ооруканасынын директору Жулиан Компере "AstraZeneca" менен эмдөөнү токтотуу Европада кырдаалга терс таасирин тийгизерин белгилейт:

“Чынын айтканда, биз кабыл алынган чечимдерге таң калып жатабыз. Эгерде цифраларды карай турган болсок, вакцинанын кесепеттери деле анча деле көп эмес. Бул чынында көйгөй жаратат. Анткени, Европадагы мамлекеттер "AstraZeneca" вакцинасын сатып алууну каалаган эле”.

Азыркы тапта Германия, АКШ, Индия жана Аргентинада СOVID-19 вирусун жугузгандардын саны басаңдабай жатат.

Кытайдын экономикасы тездик менен калыбына келүүдө

Ал ортодо СOVID-19 вирус алгач табылган Кытайдын экономикасы күтүлгөндөн ылдамдыкта калыбына келип жатканы белгилүү болду. Расмий маалыматтар боюнча, быйылкы жылдан биринчи кварталында Кытайдын ички-дүң өнүм 18,3 пайызга өскөн. Буга өлкө ичинде жана четте кытайлык товарларга талаптын өсүшү жана чакан кампанияларга мамлекеттик колдоо көрсөткөнү себеп болду. Былтыр жыл аягында Кытайдын экономикасы 6 пайыздын айланасында гана өсүш көрсөткөн эле.

Ал эми АКШнын экономикасы болсо жыл башындагы 6,8 пайызга чейинки кескин төмөндөөгө карабай соңку мезгилде калыбына келе баштады.

Дүйнөдө вирус жугузуп алгандардын саны боюнча алгачкы орунга чыккан Кошмо Штаттарда катуу чектөөлөр, ишканаларга мамлекеттик колдоо экономиканын жанданышына түрткү болду.

Буга чейин президент Жо Байден АКШдагы экономиканы сактап калуу үчүн 1,9 триллион доллар жардам каралган пакетке кол койгон.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на должность премьер-министра РФ


Спорт в России и мире
Москва

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Открытый чемпионат Италии: Новак Джокович получил сильный удар после выхода в третий раунд после Корантена Муте | Теннисные новости


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Озоновые Дыры: Вызов современности, Взгляд Романа Терещенко





Путин в России и мире
Москва

Слова Путина сказанные на Параде Победы в Москве вызвали негодование у Британии


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Святая миссия русского солдата


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



ABBA

У участников ABBA были непростые жизненные истории



Москва

Коммунальная квартира в разрезе.

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net