Навальныйга абактагы кысым азая элек
Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный аны абакта мажбурлап тамак ичирүүгө аракет кылып жатышканын билдирди.
Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный аны абакта мажбурлап тамак ичирүүгө аракет кылып жатышканын билдирди.
Беларуста оппозициячыл “Беларус элдик фронту” партиясынын лидери Григорий Костусев камакка алынды. Анын жакындарынын маалыматына караганда, саясатчы 12-апрелде өлкө чыгышындагы Шклов шаарында кармалып, Минскиге алынып келген. Азырынча полиция Костусевдин жагдайы тууралуу расмий маалымат бере элек. 64 жаштагы Костусев беларус бийлигин сындап, бир нече жылдан бери оппозиция болуп келет. Ал 2010-жылы президенттикке талапкер болгон, кийин нааразылык акциясына катышканы үчүн кармалган. Беларуста былтыр... Читать дальше...
14-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24 Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23 Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10... Читать дальше...
Дүйнөдө коронавируска чалдыккандар кайрадан көбөйүп жаткан маалда мусулмандар үчүн ыйык Орозо айы башталды. Адистер ооз ачуу, башка жөрөлгөлөргө киши көп чогулуп, эпидемиологиялык абал ого бетер начарлашы мүмкүн деп кооптонушат.
Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 13-апрелде "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду актаган чечим чыгарды. Жараянда прокуратура Текебаев менен Чотоновдун "Мегаком ишине" байланыштуу коррупцияга тиешеси бардыгы далилденген жок деген негизде айып коюудан баш тартты. Өмүрбек Текебаев прокуратуранын мындай кадамы күтүүсүз болгонун билдирди. Эки саясатчы 2017-жылы «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей... Читать дальше...
Бүгүн, 13-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебав менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, аны актоо тууралуу өкүм чыгарды. Жараянда прокуратура Текебаев менен Чотоновдун "Мегаком ишине" байланыштуу коррупцияга тиешеси бардыгы далилденген жок деген негизде айып коюудан баш тартты. Өмүрбек Текебаев прокуратуранын мындай кадамы күтүүсүз болгонун билдирди. Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул... Читать дальше...
Жумшак мукаба, Оптом 300 нускадан кем эмес 0700949180
Талас облустук милициясы Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында жашаган тургундун эки жашар уулун издеп жатат. Ички иштер бөлүмүнө наристе жоголгону тууралуу кабар 12-апрелде түшкөн. Ага ылайык, бала ошол күнү саат 15:30 чамасында үйүнүн жанында ойноп жүргөн маалда жоголуп кеткен. Бул фактыны райондук милиция Маалыматтарды эсепке алуу журналына каттады. Алар наристенин сүрөтүн жарыялап, анын негизги белгилерин сүрөттөдү: бою болжолу менен 55-65 см, дене түзүлүшү толук, чачы кыска, күрөң түстө, көздөрү дагы күрөң. Читать дальше...
11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого 5300дөн ашык аял ат салышты. Шайлоого көз салган "Социалдык технологиялар агенттиги" уюмунун аткаруучу директору Зулфия Көчөрбаева 13-апрелдеги басма сөз жыйынында бул ирет аялдар мурдагы шайлоого салыштырмалуу 4 эсе көп мандатка ээ болорун билдирди. Кыргызстан боюнча 420 айылдык кеңешке бөлүнгөн 7 560 депутаттык мандаттын 2 900ү аялдарга тиешелүү. Көчөрбаеванын айтымында, жергиликтүү кеңештерде аялдарга 30% квота берген мыйзам кабыл алынгандан... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматына караганда, Талас шаардык кеңешке катышкан он бир партиянын бешөө босого чектен өттү. Алар “Асыл-Мурас жаштар”, “Аманат” “Ыйман Нуру” “Республика” жана “Кыргызстан” саясий партиялары. Шайлоодо маарага жетпей калган “Айкөл”, “Ата-Журт Кыргызстан” “Улуу Журт” жана “Социал-демократ” саясий партиялары болсо добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып чыкты. Алар шайлоо добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып нааразы болуп жатышат. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жаткан президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев үй камагына чыкканы белгилүү болду. Дыйканбаевдин бөгөт чарасын Биринчи май райондук соту 1-апрелде караган. Чечимге ылайык, ал үй камагында 24-майга чейин болот. Курманбек Дыйканбаевди УКМК былтыр 24-ноябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармаган. УКМК Дыйканбаевди 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоо учурунда «саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп... Читать дальше...
АКШнын Миннесота штатындагы полициянын огунан ажал тапкан 20 жаштагы Данте Райт аттуу афроамерикалык жарандын окуясынан улам башталган калайман каршылык акциялары токтой элек. Штаттагы өзгөчө абал жана коменданттык саатка карабай сүрмө топ көчөгө чыгып, айрым дүкөндөрдүн айнектерин талкалашты. Полиция аларды таратуу үчүн жаш агызчу газ жана желим ок колдонду. Полиция Райтка ок жаңылган учур тартылган өздөрүнүн ыкчам видеосун жарыялады. Тергөө материалдарына ылайык, полиция афроамерикалыкты машинеси менен жол эрежесин бузганы үчүн токтоткон... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 13-апрелде "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин карап жатат. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Чынара Жакыпбекова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жараянда прокуратура Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун коррупцияга тиешеси тууралуу далилдер табылбады деген негизде буга чейин койгон айыбынан баш тартты. Аны актоону сунуш кылганы белгилүү болду. "Азыр сот чечимин күтүп жатабыз", - деди Жакыпбекова. Өмүрбек Текебаев менен мурдагы... Читать дальше...
Токтогул районунун Үч-Терек айылынын тургуну Тагайбек Урматаев футболдун 68 жылдык тарыхын кооз кол жазма менен дээрлик 14 жыл бою кагазга түшүрүп келген. Өзгөчө кол жазманын ээси менен маекти сунуштайбыз.
Казакстандык саясат таануучу Расул Жумалы Кыргызстандын парламенттик системадан баш тартып, президенттик башкарууга кайра өткөнү тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
«"Азаттыкта" айтылды» рубрикасынын коногу - казакстандык саясат таануучу Расул Жумалы.
Европа Биримдигинин Иранга каршы чектөөлөрүнүн кийинки жылдын апрелине чейин кеңейтилишинен кийин расмий Тегеран адам укуктары, качкындар, террорчулукка жана баңги заттарынын мыйзамсыз ташылышына каршы күрөшүү жаатында кызматташууну убактылуу токтотконун жарыялады. Европа Биримдигинин чектөөлөрүнүн кеңейтилишине жооп иретинде Иран Евробиримдик менен бир катар тармактардагы кызматташтыгын убактылуу токтотту. Ирандын Тышкы иштер министрлиги 12-апрелде (дүйшөмбү күнү) айрыкча, адам укуктары, террорчулукка... Читать дальше...
Турнирге 20 өлкөнүн күчтүү спортчулары катышканы белгиленди. Алтын медалды Авазбек Аманбеков, Рустам Ибрагимов жана Марат Мусаев алды.
"Достук үчүн футбол" — балдардын эл аралык социалдык программасы, 2013-жылы негизделген. Ага 211 мамлекеттен 15 миң спортчу катышат.
Баштапкы маалыматтарга караганда, добуш берүүгө катышкан 37,4% шайлоочунун 79% Конституциянын жаңы долбоорун колдошту. Айрым эксперттер жарандар өздөрү түшүнбөй эле добуш берип коюшканын айтса, башкалары жетиштүү маалымат берилгенин, кыргызстандыктар өз тандоосун жасашканын билдирди. Аймактагылардын 80 пайызы президенттик башкарууну жактаган Баш мыйзамды жактырышса, борбор калаада бул көрсөткүч айырмаланат. Бишкектиктердин 36% Конституциянын жаңы долбооруна каршы добуш беришкен. Кандай болгон күндө да... Читать дальше...
Таймаш Triller аянтчасындагы шоунун экинчи башкы беттеши болот. Ал ар бири эки мүнөттөн турган сегиз раундга эсептелген.
Ооган талиптери 16-апрелде Түркияда башталаары болжолдонгон Ооганстан боюнча эл аралык тынчтык жыйынына катышууга даяр эместигин билдиришти. Талиптер кыймылынын Катардагы саясий кеңсесинин басма сөз катчысы Мохаммед Найим өз кыймылы бул жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө кийинчерээк башка күнү деле катышаар-катышпастыгы да чечиле электигин 12-апрелде "Азаттыкка" билдирди. Найим мырза бул арсар кырдаалдын чоо-жайын түшүндүрүп отурган жок. Талиптердин мындай чечими – ооган өкмөтү менен талиптердин... Читать дальше...
Орусия бийлиги Түркияга аба каттамдарын токтоткондугу тууралуу 12-апрелде өлкөнүн вице-премьери Татьяна Голикова маалымат таратты. "Орусия 15-апрелден 1-июнга чейин Түркия менен Танзанияга аба каттамдарын токтотту", - деп Голикова айым билдирди. Анын айтымында мындай чечимге Түркия менен Танзанияда коронавирусту жугузуп алгандардын саны кескин көбөйгөнү себеп болгон. Эгерде Түркияда эпидемиологияык кырдаал жеңилдесе, анда орусиялык туристтерге Түркияга барууга кайрадан уруксат берилээри кошумчаланган. Читать дальше...
Марттын башында Миландагы мода жумалыгында италиялык дизайнер Стелла Жан кыргызстандык уз айымдар менен бирге жараткан коллециясын тартуулады. Ысык-Көлдүн Барскоон айылындагы аялдардын чакан жамааты жасаган эмгектерге суктанган дизайнер келечекте алар менен кызматташууга кызыгып, кыргыздын эзелки маданий мурасын аздектеп, сактап калууга адамзат салым кошууга тийиш деп эсептейт.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.