Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Ошко иш издеп келген өзбек мигранттары

0
Ошко иш издеп келген өзбек мигранттары

Ар күнү кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинен Өзбекстандын 300 чамалуу жараны Кыргызстандын аймагына өтүп, ар кандай жумушта иштеп жатат.

Ош шаарына жакын жайгашкан “Достук” өткөрмө бекетине кошуна мамлекеттин жарандары таңкы саат 6-7де өтүп келишет. Эрте келгендери кардар менен сүйлөшүп, ошол замат ишке киришет.

“Достук” өткөрмө бекетине жакын Өзбекстандын Анжиян облусунун Төр-Абад айылында жашаган Айбек айылдаштары менен үч киши болуп келишкен. Ал кыргыз тарапта жумушчу күчүнө талап жогору болгон үчүн көп адам келээрин айтты. Жалданып иштөө үчүн Анжияндын борборуна салыштырмалуу Ош жакын болуп, жолкире жана убакыт үнөмдөлөөрүн айтты.

“Мисалы, 2-3 киши болуп шериктер менен чыгабыз. Анжиянда да жумуш бар. Бирок Анжиянга баргандан көрө бул жак бизге жакын. Кожобатка 5000ге баргандан көрө бул жакка ПЧР-тест менен эле кирип келебиз. Иш болбой калганда 1 сом да таппай калышыбыз мүмкүн. Негизи 1000-2000 сом табабыз. Эгер бир ишти баалап алсак жакшы табабыз”.

Күн сайын “Достук” өткөрмө бекетинин жанына 300 чамалуу адам топтолот. Алардын ичинде аялдар да бар. Жумушчу издеп келгендер көбүнесе курулушка жана талаа иштерине жалдап кетишет. Ал эми аялдар үй жумуштарына тартылат. Таңга жуук чыккан жумушчулар түшкө чейин жумушту макулдашып кетишет.

“Бул жерге Орусияга кетпей калгандар келишет. Андан да жеңилирээк иштеп, күнүмдүк эле акча тапкысы келгендер. Негизи жумуш жакшы эле болуп жатат”.

Бул жерге келген жумушчулардын баарын кыргызстандыктар жалдап алып кетишет. Жалданган адамдар курулушта, талаада иштейт, үй жумуштарын жасашат.

Кара-Суу районунун Маданият айылынан келген Султан Айбашев үйүнө тажрыйбалуу уста издеп келген. Ал коңшу өлкөдөн келген жумушчулар тууралуу буларды айтты:

“Биринчиден, өзбекстандыктар арзан иштешет. Мисалы, күнүнө 500-600 сомго иштешет. Таңкы сегизден кечки сегизге чейин, ал эми биздикилер 1000 сомдон аз иштешпейт. Экинчиден, булар ишти жакшы, көңүлгө жаккандай кылышат. Анан бул жерге усталар да келишет. Ал эми биздин усталар мындай мандикер базарга чыгышпайт”.

Кыргызстанда жумушсуздар көбөйдү

Ош шаары жана Ош облусу боюнча жумушсуздардын расмий саны 6 миңге чукул. Бул жыл башынан бери атайын жумушсуз катары катталгандардын гана саны. Расмий катталбагандары мындан бир нече эсе көп болушу ыктымал. 2019-жылы 4984 адам жумушсуз катары катталса, 2020-жылы бул көрсөткүч 6020га жетип, жумушсуздардын саны Ош облусунда 21 пайызга көбөйгөн.

Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Ороз Шерипбаева коңшу өлкөдөн келген жумушчу күчү Кыргызстандагы абалга да терс таасирин тийгизет деп эсептейт.

“Туура, бул миграция боюнча да катуу чара көрүү керек. Себеби биз биринчи кезекте өзүбүздүн жарандарды ишке орноштурушубуз керек. Бизге жумуш таппаган эң аялуу катмар келет. Ал эми Өзбекстандан көбүн эсе курулуш тармагына келишет”.

Өзбекстандан миграциянын агымы эки өлкөнүн чек ара бекеттери ачылган 2016-жылдан тартып көбөйгөн. Коңшу өлкөнүн жарандары Кыргызстандагы курулуш жана тейлөө тармактарында эмгектенишет.

Мигранттарды салык төлөтүү аракети

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев коңшу өлкөдөн келген жумушчуларды каттап, алар патент менен иш алып барышы керектигин айтып келет. Ал мындай демилгени 2018-жылы көтөрүп, өкмөткө сунуштаган. Депутаттын пикиринде коңшу өлкөдөн келген жумушчу күч Кыргызстандагы эмгек базарына да таасирин тийгизип, бирок алар өлкө үчүн пайда алып келбей жатат.

“Өзбекстандан келип иштейм деген бардык жарандар патент алып иштеши керек. Ошондо каттоого да туруп калат. Экинчиден, патент төлөйт. Анткени алар бул жакка келип жумушчу орундарды ээлеп жатышат. Демек бизде миңдеген адамдар жумушсуз калып жатат. Алар келип айлыкты накталай алып, бирок бир тыйын салык төлөбөйт. Эч жерде каттоодо турушпайт. Ошондуктан алар патенттин негизинде гана иштеши керек”.

Кенжебек Бокоевдин демилгеси өз учурунда өкмөттөн колдоо тапкан эмес. Ошол эле учурда коңшу өлкөдөн келип иштеген жарандардын саны жүз миңден ашаары айтылган.

Кыргызстанда расмий жумушсуз катары катталган жарандар өткөн жылы 76 миңден ашкан. Бул көрсөткүч жыл башынан бери 77 миңден ашканын Улуттук статистика комитети көрсөтүүдө.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран


Спорт в России и мире
Москва

Искусство продвинутого анализа в спортивном прогнозировании


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Хачанов вышел в третий круг турнира ATP в Риме


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Бестопливные Neutrinovoltaic электромобили проектируются в Индии





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о господдержке многодетных семей


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Ждём расстрела или отравления Зеленского в ближайшее время – Макгрегор


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Shaman

Shaman спел хит «Я русский» посреди улицы в Рязани



Москва

Зубы мудрости: когда их пора удалять и как облегчить восстановление

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net