Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Айзаданын өлүмү: Кызматтык жаза, кыскарбаган кылмыш

0
Айзаданын өлүмү: Кызматтык жаза, кыскарбаган кылмыш

Уурдалып, кийин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ички иштер органындагы 44 кызматкер жазага тартылды. Эки күн мурда өкмөт үйүнүн астына нааразылык акциясына чыккандар министр Улан Ниязбековдун дагы отставкасын талап кылышкан.

Жамы журтту селт эттирген Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча иликтөөдөн кийин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бир катар милиция кызматкерлери иштен бошотулду.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 9-апрелдеги буйругуна ылайык, Бишкек ШИИББнын башчысы Бакыт Матмусаев, анын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Эрлан Атантаев, Бишкек ШИИБнин Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов кызматынан кетти.

Булардан тышкары министрдин буйругу менен Биринчи май РИИБнүн башчысы Акылбек Казакеев, орун басарлары Искен Базаркулов, Кубан Суранчиев, Айбек Озубеков, тергөөчүлөр жана нөөмөтчү кызматкерлер иштен алынды. Кызматтан бошотулгандардын катарында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) эки нөөмөтчү кызматкери да бар.

Булардан тышкары ИИМдин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ), Биринчи май РИИБнүн жана Чүй облустук ОИИБнин бир нече кызматкерлерине “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү”, "катуу сөгүш" берилди.

Жалпысынан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ички иштер органындагы 44 кызматкер жазага тартылды.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Айзаданын өлүмү үчүн Ички иштер министри Улан Ниязбеков дагы кызматтан кетиш керек эле деген пикирде.

«Иштебеген орган болсо башчысы жооп бериш керек да. Жумуштан алды дегендин далайын көрүп эле жүрөбүз. Алып коет дагы, кайра эле булардын баарын жумушка алат».

Ички иштер министрлиги Улан Ниязбеков окуя учурунда чет жакта иш сапарында жүргөнүн билдирди. Ошондой эле министрлик кызматта иштеп жатканына аз гана убакыт болду – дейт Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов.

«Ал мезгилде министр иш сапарында болчу, Казакстандан келип, Тажикстанга барып, ички иштер министрлери менен жолугушуп сыртта болгон. Ошол учурда болгон окуя. Ошон үчүн келип, тактап, анан жазаларын берди».

Айзаданын уурдалып, өлтүрүлүшүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин аракетин Бишкек шаардык прокуратурасы иликтеп жатат. Башкы көзөмөл органы «шалаакылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Тергөө ишин жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгына тапшырылган.

Үч жыл мурун Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө Бурулай Турдаалы кызын аны үйлөнүү максатында уурдап бараткан эркек мыкаачылык менен өлтүргөн.

Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев шалаакылык кылган милиция кызматкерлери жазасыз калганын айтты.

«Министрдин орун басары окшойт бирөө Бурулайдын ишинде 14 киши жоопко тартылды деп сүйлөп жатат. Ошол жерде болгондо мен “эй акмак, он төртү тартылган жок, үчөө гана жоопко тартылды. Тартылганда да айыпка гана жыгылды, эч ким жаза алган жок”, - деп айтмакмын. Булар териштиргенде жок дегенде бир жыл сүйрөйт да. Анан өзүң деле жадайсың. Кандай өлкөдө жашап жатканыбызды кээде түшүнбөй кетем».

 

Бурулайдын өлүмүнөн кийин Ички иштер министрлиги 23 милиция кызматкери жазага тартылып, алардын бешөө иштен айдалганын, сегизи кызматтарынан бошотулганын, калганына эскертүү жана сөгүш жарыяланганын билдирген.

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу иштен алынган Чүй облустук милициясынын орун басары Марлис Асановду ички иштер министри Улан Ниязбеков 17-февралда Талас милициясынын начальниги кылып дайындаган.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн 5-апрелдин таңында белгисиз үч адам күчтөп автоунаага салып кеткен.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция адам уурдоого жана өлтүрүүгө шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач Айзада Канатбекованы футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди. Теңизбаев Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду. Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт адам кармалды. Теңизбаевдин сөөгү 10-апрелде Оштун Алай районунун Жошолу айылына коюлду.

Кыргызстанда кылмыштуулук өстүбү?

10-апрелдин түнүндө Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүндө бараткан кызга чоочун адам бычак менен кол салганы белгилүү болду. Октябрь райондук милициясы бычак кыздын ийнине тийгенин, учурда кол салган адамга издөө жарыяланганын билдирди.

3-апрелде чак түштө Артур Богданов аттуу тургун "Кудайберген" базарындагы иштеген жеринин жанынан бычакталып өлтүрүлгөн. Богдановду бычактаган адам кармала элек.

Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда кылмыштуулук күчөп, милицияны чара көрбөй жатат деп сындады.

Акаев акыркы айларда президенттин ырайымы жана амнистиянын колдонулушу менен абактан бошотулган миңдей адам тууралуу маалымат берүүнү талап кылды.

«Кыргызстанда өзгөчө борбордо жашоо абдан кооптуу болуп калды. Жаңы конуштарды, борбордук көчөлөрдү карасаңар уурулук кескин күчөп кетти. Интернетке күндө чыгат, кепкачан, маскачан балдар кирип эле камералардан коркпой калды. Анткени аларды милиция таппай жатат да».

Ички иштер министрлигинин акыркы статистикасы боюнча Кыргызстанда жана борбор калаада кылмыштуулук мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыскарганын билдирди.

Министрлик жарандардын кооптонуусун кылмыш иштер тууралуу маалымат каражаттарында, социалдык тармакта көп жарыяланып жаткандыгы менен түшүндүрүүдө.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун ырасташынча, амнистия, ырайым аркылуу мөөнөтүнөн мурда абактан чыккандар арасында кайра кылмыш кылгандар да бар. Бирок кылмыш кылгандардын көпчүлүгү мурда жазага тартылбаган, 22-35теги кишилер болууда.

«Кылмыш жасагандар арасында түрмөдөн бошонуп келген категория бар экени чын. Бирок алардын бардыгы кайра кылмышка барды деп айтканга болбойт. Уруп-тоноого, каракчылыкка, уурулукка, адам өлтүрүүгө, зордуктоого барып жаткандардын көпчүлүгү мурда кылмыш кылбаган, айрыкча 22-35 жашка чейинки жапжаш балдар болуп жатат».

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев кылмышкерлер менен күрөшүү үчүн укук коргоо органдарына талаптагыдай көңүл буруу керек деген пикирде.

«Кылмыштуулукту түп орду менен жок кылуу мүмкүн эмес. Мына мен деле министр болбодумбу. Менин башыма да түшкөн. Биз эмнени берсек, ошону талап кылышыбыз керек. Бүгүн мамлекет милицияга жакшы көңүл бурбай жатат да. Азыр эле эмес менин убагымда да ошондой болгон. Милиция өзү менен өзү эле келатат чынында. Биз аларга татыктуу шарт түзүп бере албай жатабыз».

Бишкекте жыл башынан бери эки айда эле 3,5 миң уурулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 160 учурга көп дегенди билдирет. Мындай маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тараткан.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин фразой «ходят слухи словно мухи» прокомментировал уход замов в кабмин


Спорт в России и мире
Москва

Росгвардия приняла участие в обеспечении безопасности при проведении футбольных матчей в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Соболенко уступила Свентек в финале турнира WTA-1000 в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Синоптик Позднякова: 9 мая в Москве еще будет кружить снег





Путин в России и мире
Москва

Посвященную инаугурации Путина марку начали продавать в главпочтамте Москвы


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил о мгновенном ответе Минска на любую агрессию




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Lizzo

Тучная рэперша Lizzo показала фигуру в платье с откровенными вырезами



Москва

Омбудсмен Подмосковья проведет встречу с предпринимателями 16 мая

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net