Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 11.04.2021

Добуш берүүгө 183 эл аралык байкоочу көз салып жатат

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бүгүн референдумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону 183 эл аралык байкоочу көзөмөлдөп, 200дөн ашуун медиа каражаты чагылдырууда. Шайлоо процессин 11 коомдук уюм көзөмөлдөп, дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 179 журналист каттоодон өткөн. 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болууда. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын жаңы долбоору референдумга коюлуп жатат. (BCh)

Ош шаарынын мэри административдик ресурс колдонбоого чакырды

Azattyk.org 

Мэр Таалайбек Сарыбашов административдик ресурс колдонууну болтурбоо үчүн бир нече жолу жыйналыш өткөргөнүн, эгер мамлекеттик кызматкерлер аралашкан мыйзам бузуу катталса, аларга чара колдонуларын билдирди. «Мен шаар башчысы катары мэриядагы кызматкерлердин бир да админресурс колдонбоого, шайлоочуларга тоскоолдук жаратпоого чакырып, эки жолу штабдын жыйынын өткөрдүк. Координациялык кеңешмеде чечим кабыл алып, укук коргоо органдарына тапшырмалар берилди», - деди Сарыбашов. Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык... Читать дальше...

Кыргызстандагы референдумдардын таржымалы

Azattyk.org 

Кыргызстанда конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өтүүдө. Бул - эгемендиктин 30 жылдык тарыхындагы тогузунчу жалпы элдик референдум. Мындай элдик добуш берүүлөр буга чейин кандай өткөн жана алардын сабагы эмнеде?



Нарындагы добушканадан репортаж

Azattyk.org 

Кыргызстандын бардык аймагында жергиликтүү шайлоо жана референдумда добуш берүү үчүн шайлоо тилкелери ачылды. 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат.

Бишкектеги добушкананын ачылышы

Azattyk.org 

Кыргызстандын бардык аймагында жергиликтүү шайлоо жана референдумда добуш берүү үчүн шайлоо тилкелери ачылды. 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат.

БШК: мыйзам бузуу боюнча 106 арыз түштү

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) мыйзам бузууга байланыштуу 106 арыз каралып жатат. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча 36, административдик ресурс боюнча 23 кайрылуу келип түшкөн. Калгандары ар кандай мыйзам бузуулар. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров кабарлады. Ал эми өлкөнүнү Ички иштер министрлигине (ИИМ) мыйзам бузуу жөнүндө 255 маалымат түшкөн. Буга чейин НДПК, "Реформа", "Республика", "Реформа", "Республика", "Кыргызстан социал демократтары", "Улуу Журт", "Ак Бата" партиялары... Читать дальше...

БШК: Добушканалардын 85% майыптарга ылайыкташкан

Azattyk.org 

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Бахтияр Кадыров Кыргызстандагы добушканалардын 85 пайызында майыптыгы бар адамдар үчүн пандустар бар экенин кабарлады. Пандустардан тышкары азистер үчүн коштоп жүрүүгө ыктыярчылар да тартылган. "БШК мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарына байланыштуу туруктуу картаны иштеп чыккан. Майыптыгы бар адамдарды каттоого алып жатабыз. Бүгүнкү референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого добуш берүү үчүн 20 187 майыптыгы бар адам каттоодон өткөн". Читать дальше...



Милиция: кызга бычак менен кол салган шектүү кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык милициясы көчөдө кызга бычак менен кол салган деген шек менен 44 жаштагы киши кармалганын кабарлады. Шектүү шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, кармалган кишини тинтүү учрурунда далил буюм катары бычак табылган. 10-апрелдин түнүндө милицияга Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүндө бараткан кызга бейтааныш адам бычак менен кол салганы боюнча арыз түшкөн. Октябрь райондук милициясы бычак кыздын ийнине тийгенин, учурда шектүүгө издөө жарыялаганын кабарлаган. Читать дальше...

Добушканалардагы коопсуздукту 11 миңдей милиция көзөмөлдөп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 11-апрелде өтүп жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жана Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу референдумда өлкөдөгү добушканалардын, шайлоочулардын коопсуздугун 11 миң милиция кызматкери көзөмөлдөп жатат. Тартип сакчылары добуш берүүнүн жүрүшүн, шайлоо тилкелериндеги кырдаалды карап, коомдук тартипти жөнгө салып турушат. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы коронавирус шартына байланыштуу добуш берүүдө санитардык эпидемиологиялык коопсуздукка да көңүл бурулганын билдирди. Мекеме добушканалар маал-маалы менен тазаланып... Читать дальше...

Алты добушканада шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы алты добушканада 10-апрелде көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. "Республика" партиясынын арызы менен кечээ беш добушканадагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Андан кийин социалдык медиада дагы башка партиялардын арыздары да жарыяланып, дагы бир тилкедеги добуштарды жокко чыгардык", - деди Маматов. 10-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо... Читать дальше...

Шайлоо жана референдум: Кыргызстанда добушканалар ачылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын бардык аймагында жергиликтүү шайлоо жана референдумда добуш берүү үчүн шайлоо тилкелери ачылды. 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу. Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет. Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Читать дальше...

Грекияда тележурналист киши колдуу болду

Azattyk.org 

Грекиянын баш калаасы Афиныда коррупцияга байланыштуу иликтөөлөрү менен таанымал, "Star" телеканалынын журналисти Йоргос Караиваз киши колдуу болду. Ал 9-апрелде жумуштан чыгып, үйүнө бара жатканда мотоцикл айдаган эки киши 15 жолу ок атышкан. Бул тууралуу Эл аралык француз радиосу кабарлады. Соттук медициналык кызматкерлер журналисттин сөөгүнөн он окту алып чыгышкан. 52 жаштагы Йоргос Караиваз коррупция, кылмыштуулук тууралуу күнүгө атайын берүүлөргө катышчу. "Bloko" деп аталган жемкорлуктун бетин ачкан порталды негиздеген. Читать дальше...

Бир нече партия көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды

Azattyk.org 

10-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого жана Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга байланыштуу референдумга көчмө добуш берүү болду. Ага 17 099 адам добуш берүүчү катышты, алардын 4 990у Бишкек шаарынан. Мыйзам боюнча шайлоо тилкесине келе албагандар арыз менен кайрылып, бир күн мурда үйүндө добуш берсе болот. Добуш берүүдөн соң НДПК, "Реформа" жана "Республика" партиялары Бишкек шаарындагы көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышты. Читать дальше...

Марипов "COVIDсиз саякатта" долбоорун тездетүүнү талкуулады

Azattyk.org 

Премьер-министр Улукбек Марипов 10-апрелде өкмөт мүчөлөрү жана жарандык авиациянын өкүлдөрү менен коронавирустун шартында кыргызстандыктардын чет өлкөгө чыгуусу, саякаттоосу жана учак билеттеринин баасына байланыштуу маселелерди талкуулады. 1-апрелден тартып ишке кирүүсү пландалып, бирок кечигип жаткан "COVIDсиз саякаттоо" долбоору тууралуу сөз болуп, өкмөт башчы чет өлкөгө чыгууга негиздеме катары талап кылынган ПЧР анализдерине байланыштуу кырдаал ишкердикке айланып кетти деп сындады. "Сиздер долбоорду иштеп чыгып... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Как Рыбакиной стать второй ракеткой мира: расклад от WTA


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Huawei представила IDS на 26-м Всемирном энергетическом конгрессе





Путин в России и мире
Москва

Педагогов Калмыкии приглашают принять участие в Форуме классных руководителей


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Дух разделения в Святой Руси, или Можно ли лишиться сана за отпевание Навального*



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Баста

Рэпер Баста благословил девушку на брак во время своего концерта



Москва

Обожал русскую жену и боялся кузнечиков: биография Сальвадора Дали

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net