"Реформа" көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды
"Реформа" партиясы Бишкек шаардык кеңешине көчмө добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар боюнча билдирүү таратты.
Аталган партия көчмө добуш берүүдө үй жана квартал комитеттеринин төрагаларынын шайлоочулардын атынан арыз беришин – административдик ресурс катары баалап жатат.
Мындан сырткары, сырттан добуш берген шайлоочулардын арызы мыйзамга шайкеш келер-келбесин текшерүүнү, аны текшерген топко саясий партиялардын өкүлдөрүн кошууну суранды.
Көчмө шайлоодо Бишкектеги бир нече добушканалардагы эреже бузуулар боюнча Аймактык шайлоо комиссиясынын отурумун өткөрүүгө чакырды.
Бишкек боюнча 10-апрелдеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну, ал күнү административдик ресурс колдонду деген жана башка орой мыйзам бузууга жол берген саясий партиялар менен талапкерлерге чара көрүүнү талап кылган.
11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга келе албаган жарандар 10-апрелде көчмө үкөктөр аркылуу добуш беришкен. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, тыштан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алуу арызы менен 4900дөн ашык адам кайрылган. Алардын ичинен арызды өз алдынча же болбосо жакындары аркылуу берип жибергендердин саны 648 адамды түзгөн. 4 322 арыз үй жана квартал комитеттеринин жетекчилери аркылуу берилгени кабарланды. (NT)