Жаңы өкмөт өнөктөш өлкөлөр менен диалогун улантууда
Кыргызстан коңшу жана башка өнөктөш өлкөлөр менен дипломатиялык диалогун улантууда. Өкмөттүн маалыматына караганда, 15-октябрда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өкмөт башчы Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Арипов мамилелерди кеңейтүүгө жана чыңдоого ишеним билдирди. Өз кезегинде Жапаров куттуктоо үчүн ыраазычылык айтып, бир тууган эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Читать дальше...