Грэпплинг: кыргызстандык Муртазалиев дүйнө чемпиону болду
Кыргызстандык спортчу Абдурахманхажи Муртазалиев Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду. Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Муртазалиев бүгүн, 23-сентябрда грэпплингдин Gi түрүнөн 84 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, үч беттеш өткөрдү. Алгач америкалыкты, андан соң жарым финалда италиялык спортчуну жеңип, финалга чыкты. Алтын байге үчүн таймашта польшалык Павел Недзини жеңип, дүйнө чемпиону аталды. Читать дальше...