Чек ара кызматы курман болгон чек арачынын жакындарына көңүл айтты
Кыргызстандын чек ара кызматы 16-сентябрдын кечинде, Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде, кыргыз-тажик чек арасындагы атышта курман болгон “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминовдун жакындарына көңүл айтты. Мекеме ал Максат айылындагы жаңжалда кызматтык милдетин аткарып жатып, тажик тараптын гранатометтон аткылоосунан көз жумганын белгилеген. Равшан Муминов 1978-жылы Ташкентте төрөлгөн. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды. «Тажик тарап бир канча... Читать дальше...