Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2019

Новости за 12.09.2019

Токаев Бээжинде юандын зоболосун көтөрдү

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кытайдагы мамлекеттик сапары аяктады. Ал Бээжиндеги ишкерлер форумунун ачылышында Кытайга Казакстандан айыл чарба азыктарын экспорттоону көбөйтүүнү жана юандын дүйнөлүк ролун көтөрүүнү сунуш кылды.

Текебаевдин сот ишиндеги бурулуш

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишиндеги мурда каралбай калган жаңы жагдайларды териштирүүгө киришти.

Орусия АКШнын тыңчысы деп эсептеген Смоленков боюнча Интерполго кайрылды

Azattyk.org 

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги президенттик администрациянын мурдагы кызматкери Олег Смоленковдун табылганына байланыштуу Интерполго кайрылды. Министрликтин басма сөз өкүлү Мария Захарова «Интерфакс» маалымат агенттигине комментарий берип жатып, «Орусияда бул жаран дайынсыз жоголгон деп эсептелет. Ал чет өлкөдө жүргөндө үй-бүлөсү менен кошо кат-кабарсыз кеткен. Анын жоголгонуна байланыштуу Орусияда кылмыш иши козголгон. Эми эки жылдан соң АКШдагы басылмалар Сммоленков Кошмо Штаттарда жашап жүргөнүн жазышты», деди. Читать дальше...



Өзбекстан: муфтий тууралуу так эмес маалымат жазган порталдын редактору иштен кетти

Azattyk.org 

Өзбекстанда Azon.uz маалымат порталы «муфтий Усманхан Алимов кызматтан кетти» деген такталбаган маалымат таратканы үчүн анын башкы редактору иштен алынды.  «2019-жылдын 10-сентябрында «Azon New Media» чукул жыйынга чогулду жана анда маалыматты даярдап чыгарууда шалаакылык кылганы үчүн башкы редакторду иштен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынды», деп айтылат портал тараткан маалыматта.  Мунун алдында бир катар жергиликтүү маалымат агенттиктери Усманхан Алимов Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигинен бошогону тууралуу жазышкан. Читать дальше...

Европа сотунда Украина менен Орусиянын өкүлдөрү кайым айтышты

Azattyk.org 

Европа соту 11-сентябрда Украинанын Орусияга каршы доо арызын карады. Анда Киев менен Москвадан келген өкүлдөр кайым айтыша кетти.  2014-жылдын март айында Орусия Крымды аннексиялап алганына байланыштуу Украина Европа сотуна доо арыз менен кайрылган. Киевдин көз карашында, аннексияга чейин эле, жарым аралда дүйнө коомчулугу тааныбаган референдум өтүп жаткан маалда ал жакта орусиялык аскерлер жайгаштырылган жана алар жергиликтүү элдин укуктарын одоно бузуп турушкан.  Орусия бул дооматтардын баарын такай четке кагып келет. Читать дальше...

Жогорку сот мигранттардын укуктарын чектеген Трамптын буйругун колдоду

Azattyk.org 

АКШда Жогорку сот 11-сентябрда президент Дональд Трамптын баш калка сурап кайрылган мигранттардын укуктарын кескин чектеген буйругун күчүндө калтырды. Трамп «Твиттердеги» баракчасына «Биз бараандуу жеңишке жеттик» деп жазды.  Бул буйрукка ылайык, Кошмо Штаттар өз мекенинен чыкканда алгач барган өлкөдөн баш калка сурабай, АКШнын бийлигине кайрылган мигранттардын документтерин кабыл албайт. Маселен, бул Латын Америкасынан чыгып, Мексика аркылуу АКШга кирүүнү каалаган мигранттардын баары алгач Мехикого кайрылышы керек дегенди билдирет. Читать дальше...

Текебаев: Жээнбековго жолугуп калсам кылмыш ишим жөнүндө айтылбайт

Azattyk.org 

Үй камагындагы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мурдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга расмий чакыруу албаганын маалымдады. Ал бул маалыматты массалык маалымат каражаттарынан укканын жана чакыруу болсо кабыл аларын айтты. Текебаев Жээнбеков менен жолугуп калса кылмыш иши жөнүндө кеп козгобой турганын билдирди: - Дүйнөдө жана Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды талкуулайбыз. Бирок менин кылмыш ишим боюнча ал жакта кеп болбойт деп ойлойм. Читать дальше...

Керкидан суу сактагычы Өзбекстанга толугу менен өткөрүлгөнбү? – Кыргыз Өкмөтүнүн маалыматы

Ca-irnews.com (kg) 

Ош, 12-сентябрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Кыргызстандын өкмөтү Өзбекстандын башка жер тилкесине алмаштырылган Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын тагдыры тууралуу маалыматтарды баштан-аяк тактап, билдирүү таратканын "Азаттык” сайты жарыялады.



Тынчыбаган «Талибан», инвестор качкан Кыргызстан

Azattyk.org 

АКШ менен «Талибан» кыймылынын тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурады. Ооган жергесинде ондогон жылдардан бери аягы тыйылбаган зордук-зомбулукту кантип токтотсо болот? Деги эле согушкер кыймыл менен бир мунасага келүү мүмкүнбү? Тынчыбыган Ооганстандын Борбор Азияга таасири кандай болмокчу?

Президент Жапониянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамураны дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы Жапониянын элчисине өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген кыргыз-жапон мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Жапон элчиси Ёсихиро Ямамура президентке жылуу кабыл алуусу үчүн ыраызычылык билдирип, анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын өтөгөн жылдары... Читать дальше...

Караколдогу шамал ишкердин убалына калды

Azattyk.org 

10 сентябрь күнү болгон катуу шамалдын кесепетинен Каракол шаарында болжол менен 43 турак жай зыян тартты. Мындан тышкары Ак-Суу районунда 4 турак жай жана бир күнөскана чыгымга учураган. Күнөскананын ээси 20 млн. сомдон ашык чыгым болгонун билдирүүдө. Гидромед борборунун маалыматына ылайык, ошол куну болгон шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен.

Экс-депутат Асылбек уулунун соту башталды

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп "Талибан" куралдуу кыймылына мурдагыдан да катуу сокку урула турганын айтты. Алматы шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карай баштады. Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочаряндын соту ушул жумада башталат.

Кунары качкан курорттор

Azattyk.org 

Кыргызстандагы улут саламаттыгы, өлкөнүн стратегиялык маанилүү жайлары болгон курорттор эмнеге талкаланып жатат? Аларды мамлекет камкордукка алышы керекпи? Жети-Өгүз, Жыргалаң, Ысык-Ата, Жалал-Абад санаторийлеринин азыркы адам зээнин кейиткен абалы тууралуу атайын чыгарылыш.

Кой-Таш окуясы: комиссия мүчөлөрү айрым документтер менен тааныша албай жатат

Azattyk.org 

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү тергөө сырына байланыштуу бир катар документтер менен тааныша элек. Бул туурасында «Азаттыкка» комиссиянын мүчөлөрүнүн бири Артур Медетбеков билдирди. Документтерге уруксат кийинки жумада берилип калышы мүмкүн экенин айткан Медетбеков алдыда дагы бир катар карала турган маселелер бар экендигин белгиледи.  - Мына, өткөн комиссиянын отурумунда күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин маалыматтарын угуп, аларга комиссия мүчөлөрү бир катар суроолорду берип... Читать дальше...


Музыкальные новости
Баста

Рэпер Баста благословил девушку на брак во время своего концерта





Персональные новости
Газпром

ВСГ, ГМТ и платежная дисциплина. Совет директоров Газпрома рассмотрел ряд важных вопросов





Өкмөт Керкидан суу сактагычы боюнча маалыматты ачыкка чыгарды

Azattyk.org 

Кыргызстандын өкмөтү Өзбекстандын башка жер тилкесине алмаштырылган Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын тагдыры тууралуу маалыматтарды баштан-аяк тактап, билдирүү таратты. Өкмөт аппараты тараткан билдирүүдө, Керкидан (Керкидон) суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт. Анда белгиленгендей, Кыргыз ССРинин Министрлер советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы, 1970-жылдын 14-сентябрындагы токтомдору менен Керкидан суу сактагычынын объектилерине... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегация Араван районуна жөнөп кетти

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк жумушчу топтун делегациясы Ош облусунун Араван районуна жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Мекеме кабарлагандай, мунун алдында өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев, чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чыңгыз Мамат уулу, Мамлекеттик картографиялык жана геодезиялык кызматтын... Читать дальше...

Аравандагы кырдаал, алмашылган аймак

Azattyk.org 

Араван районундагы 407 гектар жер коңшулаш Өзбекстан менен алмаштырылганы маалым болду. Өкмөт бул маселени эртеби-кечпи чечүүгө туура келерин билдирүүдө. Ал эми адистер жер алмашуу тажрыйбасы элдин макулдугу менен ишке ашууга тийиш экенин айтышууда.

Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карай баштады

Azattyk.org 

Бүгүн, 12-сентябрда Казакстандагы Алматы шаардык сотунда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызы карала баштады. Аны соттун төмөнкү инстанциясы 12 жылга эркинен ажыраткан. Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес.  Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон. «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы билдиргендей... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

РОСГВАРДИЯ ОБЕСПЕЧИЛА ПРАВОПОРЯДОК ВО ВРЕМЯ ФУТБОЛЬНОГО МАТЧА «ЦСКА» - «СПАРТАК» В МОСКВЕ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

«Был риск завершить борьбу еще в первом матче». В России оценили победу Рыбакиной в Штутгарте


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

На площадке МВЦ «Казань Экспо» открылся XVIII Российский венчурный форум





Путин в России и мире
Москва

Путин поручил сократить время пути поездов от Москвы до Черного моря до 16 часов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



The Beatles

«Если прищуриться, мы похожи на The Beatles» // Евгений Цыганов о своей карьере музыканта



Москва

В Диктанте Победы приняли участие молодые сотрудники забайкальского Росреестра

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net