Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2019

Новости за 30.09.2019

“Азаттык” кызматкерлеринин коопсуздугунан улам ИИМге кайрылды

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосу өз кызматкерлерине карата коркутуу чакырыктары болуп жатканына байланыштуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге расмий кат жолдоду. Буга соцтармакта жарыяланып жаткан айрым пикирлер, алардын арасындагы “Азаттыктын” "эл бузарлары" Оштон чыгып кетсин" деп жаштар чогулуп жатыптыр!” деген өңдүү радикалдык маанайдагы билдирүүлөр себеп болду. Мыйзамга ылайык, «журналист маалымат алууга укуктуу, иштеп жатканда анын коопсуздугун мамлекет толук камсыз кылып бериши керек». 28-сентябрда... Читать дальше...

ЕККУ бийликти «Азаттыктын» операторуна кол салууну тыкыр иликтөөгө чакырды

Azattyk.org 

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчумановго жасалган кол салуу боюнча камтамачылыгын билдирди. «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчумановго өткөн ишембиде Ош шаарында төрт белгисиз адам тарабынан жасалган кол салууга тынчсыздануу билдирем. Маалымат каражатынын кызматкерине карата мындай мамиле кабыл алынгыс. Мен бийликти бул окуяны тыкыр иликтөөгө чакырам», деп жазды «Твиттер» баракчасына уюмдун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир. 28-сентябрда... Читать дальше...

Парижде Франциянын экс-президенти Жак Ширактын зыйнаты өттү

Azattyk.org 

30-сентябрда Францияда мурдагы президент Жак Ширактын сөөгү жерге берилди. Анын зыйнатына президент Эммануэль Макрон, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон сыяктуу азыркы жана мурдагы дүйнө лидерлери катышты. Жак Ширак 26-сентябрда 86 жашында көз жумган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында ал саламаттыгынан улам коомчукка көп аралашпай, көрүнбөй калган. 2005-жылы саясатчы оор инсультка кабылган, андан кийин да бир нече ирет ооруканага түшкөн. Жак Ширак өлкө башында 1995-жылдан 2007-жылга чейин турган.



Тажикстан камактагы 48 ооган жаранын Ооганстанга өткөрүп берди

Azattyk.org 

Тажикстан 30-сентябрда өз түрмөлөрүндө отурган 48 ооган жаранын өткөрүп берди. Дүйшөмбүнүн маалыматына ылайык, алардын көбүнө маңзат соодасына байланыштуу айып тагылган.  Буга чейин Ооганстан "ашынган террорчулук ишмердигине" байланыштуу камалган бир канча тажик жаранын Дүйшөмбүгө өткөрүп бергенин билдирген, бирок алардын саны айтылган эмес.  Эки өлкө ушул жылы жайында дагы бири-бири менен абактагы жарандарын алмашкан. Анда Дүйшөмбү Кабулга 80 адамды жөнөткөн.  Тажикстандын Ооганстандагы элчилигинин... Читать дальше...

«Азаттыкка» каршы тараптын адвокаты өзүн «опер» деп тааныштырганы айтылууда (видео)

Azattyk.org 

«Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салып, техникалык жабдууларын карактаган тараптын адвокаты Амантур Медербек уулуна окшош адам Ош шаардык соттук-медициналык экспертиза борборуна келип, өзүн милициянын ыкчам кызматкери катары тааныштырды. Аны «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков видеого тартып, чоо-жайын сураганга аракет кылган кезде качып кетти. Окуя 30-сентябрда кечки саат 16:10до болду. Соттук-медициналык экспертизада Кулчумановдун саламаттыгынын чоо-жайына байланыштуу текшерүү жүрүп жаткан. Читать дальше...

Соттук өкүлчүлүктүн сырдуу иши

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) өкмөткө караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун ишмердигин иликтеп жатат.

Түркиядагы жер титирөө мигранттарды чочутту

Azattyk.org 

26-сентябрда Стамбул шаарында жер силкинип, сейсмологдор анын кубаты 6 баллга жакындаганын маалымдашкан. Түркиялык адистер акыркы 20 жылдан бери өлкөдө катуу жер титирөө болушу мүмкүн экенин эскертип, андан сактануунун жолдорун калкка айтып келишкен.



Кыргыз-тажик чегиндеги көпүрө оңдолду

Azattyk.org 

Сауд Арабиясынын ханзадаасы, тактынын мураскери "Иранды ооздукташ үчүн чечкиндүү аракеттер көрүлбөсө, дүйнөдө мунай болуп көрбөгөндөй кымбаттайт" деп эскертүү жасады. 33 жаштагы Себастьян Курц кайрадан Австрияны башкара башташы мүмкүн. Анын партиясы парламенттик шайлоодо башкалардан көп добуш алды. Ишкер Илон Маск жаңы космос кемесин элге көрсөтүп, эмки жылдан тарта Айга же Марска жүргүнчү ташууга мүмкүн деп убада берүүдө. Кыргызстандын Кулунду жана Тажикстандын Овчи-Калача айылдарын байланыштырган көпүрө кайра оңдолду.

Өкмөт “Азаттык” кабылган окуя боюнча пикирин билдирди

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү “Азаттык” радиосу кабылган окуянын сөз эркиндигин чектөөгө тиешеси жок экенине ишенгиси келет. Бул тууралуу 30-сентябрда өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.  "Кыргыз өкмөтү “Азаттык” радиосунун журналисти менен болгон окуяга тынчсызданат, бирок биз бул окуянын себептерин жана бардык деталдарын козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө аныкташы керек деп эсептейбиз. Ошол эле учурда окуяга турмуштук пикир келишпестик себеп болгонуна жана сөз эркиндиги менен... Читать дальше...

Вацлав Гавел атындагы сыйлык Кытайда камакта отурган уйгур окумуштууга берилди

Azattyk.org 

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) быйылкы Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты Кытайда 2014-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган уйгур тектүү окумуштуу, укук коргоочу Илхам Тохтиге берди. Бээжин Тохтиге жикчилдик тууралуу айып таккан. Бул сыйлыкка быйыл Тажикстанда камакта отурган адвокат Бузургмехр Ёров да көрсөтүлгөн. Ал "Ислам кайра жаралуу" партиясынын мүчөлөрүнүн укугун коргогону үчүн 28 жылга кесилген. Европа кеңешинин адам укуктары багытындагы өзгөчө эмгеги үчүн берилчү Вацлав Гавел... Читать дальше...

Ооганстанда Абдулла шайлоодо өзү жеңгенин жарыялады

Azattyk.org 

Ооганстандын премьер-министри Абдулла Абдулла президенттик шайлоодо башкы саясий атаандашы, учурдагы президент Ашраф Ганини утуп чыкканын жарыялады. Ал 30-сентябрда Кабулдагы басма сөз жыйынында добуштарды өздөрү эсептеп чыккандан кийинки жыйынтыкка таянып билдирди.  - Биз шайлоодо көп добуш алдык жана шайлоонун экинчи айлампасы болбойт, - деди Абдулла. Ооганстанда 28-сентябрда «Талибан» кыймылынын бийлиги кулагандан берки 4-ирет президенттик шайлоо өттү жана анда шайлоочулардын 20дан ашыгыраак гана пайызы добуш берди. Читать дальше...

Исламабад: Пакистан-Индия чек арасындагы атышууда эки адам өлдү

Azattyk.org 

Пакистандын бийлиги Кашмирдин талаштуу аймагында Индиянын аскерлери менен атышууда эки адам окко учканын, дагы төрт киши жарадар болгонун билдирди. Нью-Дели бул окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.  Эки өлкөнүн жоокерлери Гималай аймагында маал-маалы менен атышып турат. Бирок тирешүү Индия өкмөтү Кашмирди өзгөчө автономия макамынан ажыратарын билдиргенден кийин айрыкча күчөдү.  Өткөн айда Индиянын өкмөтү Баш мыйзамды өзгөртүп, Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарарын жарыялаган. Читать дальше...

Кулчумановго кол салгандардын бири Матраимовдун жакын тууганы экени аныкталды

Azattyk.org 

Ошто «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салып, техникалык жабдууларын карактагандардын бири Райымбек Матраимовдун жакын тууганы экени аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Бирок тергөө кызыкчылыгына байланыштуу анын аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок. 28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан. Читать дальше...

Жээнбеков ЕАЭБ форумуна катышуу үчүн Ереванга жөнөп кетти

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Армениянын борбору Ереван шаарына учуп кетти. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков 1-октябрда Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын «Евразиялык континенттин транзиттик дарамети» форумунун ишине катышат. Кыргыз делегациясынын курамында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов... Читать дальше...

Ош мэриясы: Саркарбаев ишке чыкты, атышууга тиешеси бар-жогу териштирилет

Azattyk.org 

Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев жумушка чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров билдирди. Анын айтымында, коомчулукта көп талкууга себеп болгонуна байланыштуу Саркарбаевге карата кызматтык иликтөө болот. Криминал менен байланышы, атышууга тиешеси тууралуу айтылып жаткан сөздөр канчалык негиздүү экени териштирилет. 22-сентябрда Кара-Суу районунун Фуркат айылында Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу жаран октон жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Читать дальше...


Музыкальные новости
Желдорреммаш

Улан-Удэнский ЛВРЗ подвел производственные итоги первого квартала 2024 года





Персональные новости
Антонина Арталевская

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week





Москва шаардык соту Устиновдун жазасын жумшартты

Azattyk.org 

Москва шаардык соту 30-сентябрда актёр Павел Устиновдун ишин карады. Анда соттук коллегия Устиновдун өтө оор кылмыш кылган деген айыбын да, жазасын да жумшарткан өкүм чыгарды. Ага ылайык, Устинов бир жылга шарттуу эркинен ажыратылды.  Мунун алдында прокурорлор актёрду үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратууну өтүнүшкөн эле.  Москвадагы Тверь райондук соту 16-сентябрда Устиновду 3,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал 3-августта Москвада таза шайлоого чакырган митинг өтүп жаткан аймакка жакын жерде камакка алынган. Читать дальше...

«Ыкчам кызматкербиз» дегендер Кулчумановдун кайда экенине кызыгышты

Azattyk.org 

Өзүн милициянын ыкчам иликтөө тобунун кызматкери деп тааныштырган кишилер «Азаттыктын» карактоого кабылган оператору Айбек Кулчумановдун кайсы ооруканада дарыланып жатканына кызыгышты. Алар 30-сентябрда эртең менен Кулчумановдун мыйзамдуу өкүлү Анара Мамиевага телефон чалышкан. - Мен «Айбектин коопсуздугу үчүн анын кайсы ооруканада экенин айта албайм», дедим. «Силердин кызыкчылыгыңар кандай? Сурак болобу? Беттештирүү болобу?» деп сурап, Айбек менен чогуу барарымды же өзүм барышым мүмкүн экенин айттым. Читать дальше...

Ташкент: Францияда кармалган теннисчи айым - өзбек жараны эмес

Azattyk.org 

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Францияда камакка алынган теннисчи Альбина Хабибулинага байланыштуу расмий билдирүү таратты. Анда спортчу айым 2017-жылдын август айынан тарта Өзбекстандын жараны эмес экени айтылат.  Өткөн аптанын аягында бир катар француз басылмалар кыргызстандык Ксения Палкина менен өзбекстандык Альбина Хабибулина камалганын жазып чыгышкан. Ага ылайык, спортчуларга «алдын ала сүйлөшүлгөн беттешке катышкан» деген айып коюлган. Маалыматтарга караганда, өзбекстандык оюнчу... Читать дальше...

Трамп-Зеленский сүйлөшүүсүн ачыкка чыгарган кызматкер Конгрессте маалымат берет

Azattyk.org 

Президент Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу арызданган информаторго АКШнын улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Конгрессте сөз сүйлөгөнгө уруксат берди. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасы кабарлады.  Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы бул окуяга байланыштуу Дональд Трампты «кызмат абалынан аша чапты» деп күнөөлөп, ага импичмент жарыялоо жараянын баштаган. Анын алкагында кийинки аптадан тартып Конгрессте талкуулар башталат жана мамлекеттик катчы Майк Помпео... Читать дальше...

Индиялык аналитик: "Aramco" мунай компаниясындагы чабуул Сауд Аравиянын ички күчтөрүнүн жардамы менен жасалган

Ca-irnews.com (kg) 

Индиялык аналитик Саид Нагви Сауд Аравиянын мунай объекттерине дрондон коюлган чабуул бул өлкөнүн ички күчтөрүнүн жардамы менен жасалганын билдирди.

Өкмөт башчы пенсиянын көлөмүн көтөрүү тууралуу токтомго кол койду

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев пенсияны көтөрүү тууралуу токтомго 30-сентябрда кол койду.  Расмий кабарга ылайык, 1-октябрдан тартып пенсиянын өлчөмүнө жана камсыздандыруу төлөмдөрүнө жараша пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 7 пайыздан 18 пайызга чейин жогорулайт.  Баштапкы маалыматтарга караганда, пенсиянын орточо өлчөмү 5820 сомду түзөт. 667,3 миң пенсионерди индексациялоого кошумча 659,2 млн. сом керектелет. Аны менен бирге пенсиялардын базалык бөлүгүн жогорулатуу боюнча республикалык бюджеттен 67,3 млн сом... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Вероника Кудерметова завершила выступление на турнире WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Учения по ликвидации лесных пожаров прошли в Богородском округе





Путин в России и мире
Москва

Поведение Путина вызвало резонанс, потерянные в 90–е заводы возвращаются РФ


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Продюсера Reuters арестовали за публикацию материалов на YouTube-канале «НавальныйLIVE»



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Волочкова

Волочкова оправдалась за слитые в сеть снимки: «Ничем никого не удивишь»



Москва

Меры безопасности для защиты жилья от воров на майских праздниках

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net