Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2019

Новости за 14.09.2019

Разаков: Ворух - Ак-Сай маселесинде чыңалуу бар

Azattyk.org 

«Азаттыктын» 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин бул жолку коногу - вице-премьер-министр Жеңиш Разаков. Жеңиш Разаков Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларындагы талаштуу аймактардын чоо-жайы, Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын иши, Кыргызстандын Ирактагы жана Сириядагы кыргызстандык балдарды кайтарып алуу аракеттери тууралуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

Нур-Султанда күч сынашкан балбандар

Azattyk.org 

Казакстандын борбору Нур-Султанда күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтүп, кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков беттеште коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Президент Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушту

Azattyk.org 

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен жолукту. Мамлекеттик резиденцияда кечке жуук уюштурулган жабык жолугушууга Убактылуу Өкмөттүн 12 мүчөсү катышкан. Ал эми Болот Шер ден соолугуна байланыштуу барган эмес.  Жолугушуудан чыккан мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев жолугушуу ачык-айкын өтүп, өлкөдөгү бардык маселе талкууланганын билдирди.  Убактылуу Өкмөттүн курамына кирген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев азыр камакта.  Жолугушуунун алдында Убактылуу Өкмөттүн... Читать дальше...



Каракол ашлямфусу Москвага жетти

Azattyk.org 

Калиевдердин үй-бүлөсү Караколдун айтылуу ашлямфусун Москвада жасап сатышат. Мигранттын чакан батиринде башталган бул бизнес азыр бир нукка түшкөн. Бул тамакты эңсеп ичкендердин саны арбын. Жубайлар ашлямфу үчүн керектүү азыктарды Кыргызстандан гана алдырышат.

Тажикстан дагы бир чектеш аймакка шагыл төккөнү кабарланды

Azattyk.org 

Тажикстанда Кыргызстан менен чектеш аймактардын эки жерине курулуш ишин баштоо аракети жүрүп жатканы кабарланууда. Биринчиси - Лейлек районундагы Максат айылы менен Тажикстандын Овчу-Калача айылынын чектешкен жеринде, экинчиси Баткен районуна чектеш аймакта экенин тургундар "Азаттыктын" кабарчысына айтышты. Лейлектеги чек ара аймагында курулуш жүрүп жатканы, Баткен районуна жакын жерге шагыл төгүлүп, тактайларды алып келишкени маалымдалды.  Лейлек жана Баткен райондорунун акимдери коңшулар менен тактоо иштери жүрүп жатканын билдиришти. Читать дальше...

Кадыров: Атамбаевдин иши ар бир бийликке сабак

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, ички иштер министринин мурдагы орун басары, "Чындык" саясий партиясынын төрагасы Кубанычбек Кадыров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келе электе үй-бүлөсү менен катышып, саясий санаалаш, үзөңгүлөш катары жүрүп, 2010-жылдан соң кандайча эки ажырым жолго түшкөнүн эскерди.



Сауд Арабиянын эки ири мунай кенинде өрт чыкты

Azattyk.org 

14-сентябрга караган түнү Сауд Арабиянын эки ири мунай кенинде өрт чыкты. Мамлекеттин Ички иштер министрлиги дрон чабуулдарынан улам жалын тутанганын билдирди.  ​Букайк деген жердеги мунай чыккан жайлар дүйнөдөгү эң ири кен катары белгилүү. Перс булуңу аркылуу дүйнө базарына жеткириле турган мунайдын чоң бөлүгү ушул жерлерден алынат.  Өкмөткө караштуу "Aramco" мунай компаниясы өрттүн себептери тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп бере элек.  Сауд Арабиядагы мунай кендерине дрон чабуулдары алгач ирет болуп жаткан жок. Читать дальше...

Текебаев: Президент менен жолугушуу зарыл

Azattyk.org 

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен президенттин жолугушуусу зарыл экенин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Мындай пикирин ал 14-сентябрда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Бишкектеги "Ынтымак" эс алуу багына барып, көчөт тиккен учурда "Азаттык" радиосунун кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып айтты: "Бул жолугушуу абдан зарыл. Биринчиден, бул - президент Жээнбековдун Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр менен кызматташууга даяр экенинин белгиси. Экинчиден, Убактылуу өкмөт бул - тарых. Читать дальше...

Аба ырайы: 15-сентябрда жаан жаайт

Azattyk.org 

“Кыргызгидромет" агенттиги 15-сентябрда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөрүн кабарлады. Кээ бир райондордо нөшөр төгөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21; Нарын жергесинде түнкүсүн2...7, күндүз 16...21; Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 11...16, күндүз 19...24; Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 12...17; Чүй өрөөнүндө 8...13... Читать дальше...

Чек ара: тажик тарап такталбаган аймакта курулуш ишин баштады

Azattyk.org 

14-сентябрь күнү Баткендин Лейлек районундагы Максат айылы менен Тажикстандын Овчу-Калача айылынын чектеш аймагына тажик тарап курулуш ишин баштаганын жергиликтүү тургундар “Азаттык” радиосуна билдиришти.  Муну Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов да “Азаттык” радиосуна такстыктап, өзү ошол аймакта жүргөнүн билдирди. Бул жагдайга байланыштуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү бийлиги менен сүйлөшүү аракетинен азырынча майнап чыкпаганын кабарлады. Азырынча тажик тараптан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Читать дальше...

Күрөш чемпионаты: Тынар Шаршенбеков чейрек финалда утулду

Azattyk.org 

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 кг. чейинки салмакта алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалда утулуп калды. Биринчи болгариялык Румен Савчевди 8:1 эсебинде утуп, экинчи беттешинде жапониялык балбан Шиноби Отага жеңилди. Эми Шаршенбеков көңүл жубатуучу күрөшкө чыгат. Чемпионат Казакстандын борборунда 14-сентябрда башталды. Ага Кыргызстандан 22 балбан катышууда. Буга чейин грек-рим күрөшчүлөрү Асан Сулайманов (55 кг.)... Читать дальше...

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Москвага барышты

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылынын делегациясы 12-сентябрда Москвага барып, Ооганстанда тынчтык орнотуу жаатында орусиялык өкүлдөр менен жолукту. Бул визит АКШ президенти Дональд Трамптын "Талибан" менен тынчтык келишимин түзүү тууралуу бир канча айдан берки сүйлөшүү биротоло токтогонун айткан учурга туш келди.  Орус тарап жолугушуу учурунда талибдер менен АКШнын ортосунда сүйлөшүүлөр кайрадан жанданышы керектигин айткан. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарованын айтымында, Москва Ооганстандан чет элдик... Читать дальше...

Шнобель сыйлыгынын ээлери аныкталды

Azattyk.org 

Гарвард университетинде 12-сентябрда Шнобель сыйлыктары тапшырылды. Илим-билимдин 10 тармагы боюнча эң беймаани ачылыштар үчүн жыл сайын берилип келген сыйлык тапшыруу аземи ушуну менен 29-ирет уюштурулду.  Шнобель сыйлыгына татыгандар арасында Британия, Сауд Арабия, АКШ жана Сингапур мамлекеттеринин окумуштуулары бар. Алар адамды кытыгылаганда ала турганы ыракаттын изилдегенге аракет кылышкан.  Ирандык бир илимпоз ымыркайдын жалаягын алмаштырган жабдык жасаганы үчүн сыйлыкка татыктуу деп табылды. Читать дальше...

Күрөш чемпионаты: Тынар Шаршенбеков алгачкы беттеште жеңди

Azattyk.org 

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков алгачкы атаандашын жеңди. Ал 63 килограммга чейинки салмакта болгариялык Румен Савчевди 8:1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Эми жапониялык балбан Шиноби Ота менен беттешет. Чемпионат Казакстандын борборунда 14-сентябрда башталды. Ага Кыргызстандан 22 балбан катышууда. Буга чейин Асан Сулайманов (55 кг.), Руслан Царев (72 кг.) жана Калидин Асыкеев (82 кг.) алгачкы беттештеринде жеңилип калышты. Читать дальше...

Ысык-Көлдө #EUBeachCleanUp акциясы өтүп жатат.

Azattyk.org 

14-сентябрда дүйнөнүн 75 өлкөсүндө, анын катарында Кыргызстанда көл жээктерин таштандыдан тазалоо акциясы уюштурулду. Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар Уюму демилгелеген #EUBeachCleanUp деп аталган дүйнөлүк акция экологияны желим таштандылардан тазалоо максатын көздөйт. Кыргызстандагы акцияны уюштурууну "Экодеми" коомдук фонду колго алган. Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы өнөктүккө Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, БУУнун кеңсесинин, Германия жана Британиянын элчиликтеринин... Читать дальше...

Нур-Султандагы күрөш чемпионатына 22 кыргыз балбаны катышууда

Azattyk.org 

14-сентябрда Нур-Султан шаарында Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн таймаштар өтүп жатат. Кыргызстандык үч балбан таймашка түшүп, жеңилип калышты. Алар - Асан Сулайманов (55 кг.), Руслан Царев (72 кг.) жана Калидин Асыкеев (82 кг.). 55 килограммга чейинки салмактык бөлүктө килемге чыккан кыргыз балбаны Асан Сулайманов орусиялык балбан Виталий Кабалоевге 9:0 эсебинде жеңилди. Балбан Руслан Царев египеттик Насан Ахмад Мохамедди 9:1 эсебинде жеңип... Читать дальше...


Музыкальные новости
Шапка

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)





Персональные новости
Алексей Сёмин

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии





Чүйдөгү Шамшы жайлоосунда жоголгон тогуз чабан изделип жатат

Azattyk.org 

Чүй облусундагы Шамшы жайлоосунда 9-сентябрда жааган калың кардан кийин дайыны чыкпай жаткан тогуз чабан изделүүдө. Алар менен мал-жандыктарды кайтарып жүргөндө байланыш үзүлгөнү тууралуу жакындары кабарлашкан.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова "Азаттыкка" ыкчам топ түзүлүп, издөө иштерин жүрүп жатканын билдирди.  Чабандардын арасында өспүрүмдөр да бар экенин туугандары кабарлашууда.  14-сентябрдагы расмий маалыматка ылайык, жалпы республика боюнча ушул күндөрү жайлоодон 40 чабан 299 жылкы... Читать дальше...

Кыргыз-казакка болушкандар соттошууда

Azattyk.org 

Казакстанда «Ата журт ыктыярчылары» коомдук бирикмекси Юстиция министрлигин сотко берди. Буга министрлик бирикмени расмий каттоодон баш тартканы негиз берген. Аталган уюм Шинжаңдагы казактар менен кыргыздардын укуктарын коргоп келгени менен белгилүү.

Ташкентте 25 жаштагы кумсаны мууздап кетишти

Azattyk.org 

Өзүнүн кумса экенин "Инстаграмда" ачык айткан өзбекстандык Шакир Шавкатовду 12-сентябрда Ташкентте мууздап кетишти.  Окуя кечинде болгонун, кылмышка шек саналып 40 жаштардагы эки эркек кармалганын Ташкенттин Юнусабад райондук милициясынан "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиришти.  Бул иш райондук прокуратурада Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 97-беренеси (Атайылап адам өлтүрүү) менен иликтене баштады.  Маркум Самарканд облусунун тургуну. Анын апасы баласынын сөөгү Ташкенттеги ооруканалардын биринде өлүкканада экенин 13-сентябрда маалымдады. Читать дальше...

Иракта кыргызстандык 78 бала бар экени такталды

Azattyk.org 

Иракта согуш тутанган аймактардагы лагерлерде кыргызстандык 78 бала бар экени такталды. Алардын апалары түрмөдө отурат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "Азаттык" радиосуна билдирди. Аталары жөнүндө маалымат айткан жок.  Кыргыз өкмөтү балдарды мекенине кайра алып келип, медициналык-психологиялык реаблитациядан өткөрүүгө камынып жатат: "Ар бир баланын тууганы табылды, "аларды кабыл алабыз деген макулдугу" алынды. Экинчи маселе - ар бир балага Ирак мамлекетине 400 АКШ долларынын тегерегинде айыппул төлөш керек экен. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

РОСГВАРДИЯ ОБЕСПЕЧИЛА ПРАВОПОРЯДОК ВО ВРЕМЯ ФУТБОЛЬНОГО МАТЧА «ЦСКА» - «СПАРТАК» В МОСКВЕ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Опыт проведения Всероссийской акции «Вода России» представлен на межведомственном заседании в Ташкенте





Путин в России и мире
Москва

Путин поручил сократить время движения поездов от Москвы до курортов Черноморского побережья до 16 часов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Барыкин

«Летели с девятого этажа»: Александр Барыкин чуть не погиб при падении лифта



Москва

"Ярсы", "Искандеры" и "Тайфуны": Военная техника проехала по центру Москвы перед репетицией парада Победы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net