Кыйырга таанылган кыргыз аниматорлору
Кыргызстанда мыкты аниматорлор кимдер? Алардын эмгектери кайсы өлкөлөргө сатылат? Канча киреше табышат? "Азаттык +" бул жолу Кыргызстандагы анимация дүйнөсүн айтып берет.
Кыргызстанда мыкты аниматорлор кимдер? Алардын эмгектери кайсы өлкөлөргө сатылат? Канча киреше табышат? "Азаттык +" бул жолу Кыргызстандагы анимация дүйнөсүн айтып берет.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги советтик маршал Иван Коневдин Прагадагы эстелигин көчүрүү боюнча чечим «жоопсуз калбайт», анын арты «эки тараптуу алакаларга залакасын тийгизет» деп эскертти. Эстеликти Прага-6 районундагы аянттан алуу боюнча демилгени орус бийлигинин башка өкүлдөрү да айыпташты. Прага-6 районунун жетекчилиги Коневдин эстелигин музейге көчүрүүнү чечкен. Конев Экинчи дүйнөлүк согушта Чехословакияны нацисттерден куткарган Кызыл Армиянын аскердик бөлүгүн жетектеген. Бирок маршалдын... Читать дальше...
Орусия жана Беларус куралдуу күчтөрү бир апталык машыгуусун башташты. Нижний Новгород чөлкөмүндөгү иш-чарага 12 миң аскер жана 950 даана техника, ичинде согуштук оор машинелер, учактар менен тик учактар катышат. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги жума күнү кабарлады. Беларустун Коргоо министрлиги кошуна өлкөгө 4 миң жоокер, 30дан көп танк, ракета аткыч, 15 чакты учак менен тик учак жөнөткөнүн маалымдады. Август айында Беларус куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командычысы генерал Олег... Читать дальше...
Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков “Азаттыктын” “Эки-бир” берүүсүндө кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын аянты Өзбекстан менен алмашылганы тууралуу түшүндүрмө берди. Ал аталган жагдай боюнча өкмөттүн буга чейинки билдирүүсүндөгү маалыматтарды кайталап, жерди алмашууда Кыргызстан уттурбаганын билдирди. “1962-1964-1970-жылдары Кыргыз ССРнин министрлер кеңешинин токтому менен Керкидан суу сактагычына деп Араван районунун эсебинен жер бөлүнгөн. Читать дальше...
12-сентябрда Түркиялык "Pegasus" авиакомпаниясы Кыргызстанда ишмердүүлүк кылган "Air Manas" компаниясындагы 49 пайыздык үлүшүн Британиялык "AviaTrade Corp. LP" компаниясына сатканын маалымдады. Маалыматта сатуу жараяны Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык ишке ашары жазылган. "Air Manas" компаниясы Кыргызстандын жарандык авиация агенттигинде 2006-жылы катталган. "Pegasus" авиакомпаниясы Түркиянын эң кирешелүү "Сабанжы" холдингине карайт. Түркиянын ички каттамдарынан тышкары, Европага, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө бир нече каттамдары бар. Читать дальше...
2020-жылдан тарат Кытайдын жарандары Өзбекстанга визасыз каттай алышат. Визасыз режим 7 күн менен чектелет. Праганын бийлиги Интербригада аянтындагы Советтер союзунун маршалы Иван Коневдин эстелигин музейге көчүрүүнү чечти. Орусиянын Чехиядагы элчилиги муну кескин айыптады.
Жалал-Абад шаарындагы «Дина» аттуу эс алуу жайындагы топ мушташтан жабыркап, төрт күндөн бери эсине келе албай жаткан Базар-Коргон районунун 26 жаштагы тургуну Мунарбек Бекишев каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан билдиришти. Дарыгерлер анын мээси жабыркап, башына кан уюп калганын билдирип, абалын өтө оор деп аныкташкан. Окуяда жабыркаган эки бала Базар-Коргон райондук ооруканасына орто жараат алып кайрылган. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып... Читать дальше...
Жол эрежелерин бузуунун сегиз түрү боюнча айып пулду азайтуу жөнүндөгү өкмөттүн мыйзам долбоору, Жогорку Кеңештин кароосуна октябрдын башында киргизилет. Ага ылайык суммасы 3000 сомдук айыптар 1000 сомго чейин төмөндөйт.
Украин президенти Владимир Зеленский АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трампка 250 миллион доллар аскердик жардам бергени үчүн рахмат айтты. Каражат негизинен орусиячыл жикчилерге каршы беш жылдан бери күрөшүп келе жаткан армияны машыктыруу, жабдууга жумшалмакчы. Жума күнү Зеленский Киевдеги жыйында Вашингтонду “маанилүү стратегиялык өнөктөш” деп атады. Өткөн аптада Ак үй аскердик жардамды кайра карап чыгарын айтып, Конгресстин жактырганына карабай акчаны берүүнү кечеңдеткен. Трамп администрациясынын... Читать дальше...
Жарандык активист Мелис Аспеков Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун мүлкүн, фирмаларын, киреше-чыгашаларын текшерүүнү талап кылып Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Аспеков өзү билдирди. - Турсунбеков Бишкектеги арак заводун жасалма банкрот кылып, арзан баада менчиктештирип алган. Биринчи кезекте мына ушуну текшерүүнү талап кылам. Прокуратурадан “Акыл инвест” банкы, салыктарды төлөбөй жатканы боюнча да дыкат иликтөөсүн талап кылдым. Себеби, бул кишиде эбегейсиз байлык болуп жатат, - деди. Читать дальше...
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириядагы согуш аягына чыкканын билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков 13-сентябрда, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алып, мамлекеттик каражаттарды башкаруу чөйрөсүндөгү азыркы жагдай менен таанышты. Министр республикалык бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүн аткаруунун жүрүшү, салыктык кирешелердин түшүүсү, сот-укуктук реформаны, ипотекалык насыялоону, райондук маанидеги жолдорду, социалдык турак жай объектилерин курууну, күз-кыш мезгилине даярдык иш-чараларын каржылоо, жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын жогорулатуу... Читать дальше...
Хушанг Моради Кермани ирандын белгилүү заманбап жазуучусу иран жылнамасы менен 1323-жылы 16-шахриварда башкача айтканда 1944-жылы 7-сентябрда Керман провинциясынын Сирч айылында жарык дүйнөгө келген. Хушанг Моради Кермани белгилүү “Мажиддин аңгемелери” чыгармасынын автору.
Бишкек, 13.09.19 /Кабар/. Филиппиндин президенти Родриго Дутерте өз өлкөсүнүн жарандарына пара талап кылган чиновниктерди ошол замат өлтүрбөй, жарадар кылып атууга уруксат берди.
Кыргыз тилиндеги латын арибин реформалоо жаатында долбоор кызуу талкууда. Анкара университетинин профессору Гулзура Жумакунова бир канча жылдан бери дал ушул долбоордун үстүндө иштеп, илимий эмгектерин жазган. Илимпоз кыргыз тилин латин арибине өткөрүү дүйнөлүк техноолгияны өздөштүрүүгө өбөлгө болорун белгилейт.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) депутат Асел Кодуранова төрайымдык кылган бөлүгүнүн мүчөлөрү өздөрүнүн кеңсеси жайгашкан «Медиа Форум» ишканасынан компьютерлердин, документтердин алынышы боюнча аскердик прокуратурадан маалымат алды. Бул тууралуу Кодуранова өзү аталган мекемеге кирип чыккандан кийин журналисттерге билдирди. Анын айтымында, аскердик прокуратура чараны Биринчи май райондук сотунун санкциясынын негизинде жүргүзгөнүн билдирген. Мекеме ошондой эле бөлмөлөрдүн сыртында... Читать дальше...
Чехиянын борборундагы Прага-6 районунун жетекчилиги Советтер Союзунун маршалы Иван Коневдин Интербригада аянтында турган эстелигин музейге көчүрүүнү чечти.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Турук көмүр кенине өткөн аукционду «Ырыс-Кен» аттуу жоопкерчилиги чектелген коому утуп алды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет билдирди. Сынакка аталган фирмадан сырткары «Дигитл Трейд», «Майнинг ресурс», «Нукер Бишкек» аттуу компаниялар да катышкан. 3263 доллар старттык баа менен башталган аукциондо «Ырыс-Кен» 205 миң доллар сунуш кылган. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, «Ырыс-Кен» фирмасы 14-августта катталган. Читать дальше...
АКШ Конгрессинин комитети атайын буйрук чыгарып, эмки жумада президент Доналд Трамптын Ооганстан боюнча өкүлү Залмай Халилзаддын көрсөтмөлөрүн угууну көздөп жатат. Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитетинин төрагасы, демократ Элиот Энгел Трамптын администрациясы Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу маалыматты Америка коомчулугунан жаап-жашырганын айыптады. "Рейтерстин" маалыматына караганда, Мамлекеттик департамент Халилзадды комитетке расмий чакырган буйрук боюнча комментарий берүү өтүнүчүнө жооп кайтарган жок. Читать дальше...
Бишкектеги Москва күндөрүнүн алкагында Кыргызстандын жана Россиянын жаш самбочулары жолдоштук мелдеш өткөрдү.
Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына эки жаңы катышуучу Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана Бишкек шаардык "Тез жардам" бекетинин мурдагы жетекчиси Жаркынбек Касымбеков киргизилди. Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, жаңы мүчөлөр премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругунун негизинде кошулган. Аталган комиссияда Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев... Читать дальше...
13-сентябрда Чүйдүн Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында элүүдөн ашык ата-эне мектептеги фондго акча чогултууга нааразы болуп митингге чыгышты. Алар мектеп жетекчилиги кошумча китепке, тамакка да акча сурап жатканына даттанышты. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чогулгандарды атайын залга чакырып жолугушту. Ата-энелердин жүйөлөрүнө айрым депутаттар каршы чыгып, чырдашып кете жаздашты. Тараптар жакалашканга чейин барды. Айылдык кеңештин депутаты Алмазбек Бузурманкулов акцияга чыккандар ушул жердин тургундары эмес экенин... Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 12-сентябрда кол койгон буйрукка ылайык, эмдиги жылдан тартып Кытайдын жарандары жана Гонконг паспортторунун ээлери Өзбекстанга визасыз каттай алат. Визасыз режим жети күн менен чектелет. Бирок алардын маршруту үчүнчү өлкөнү камтыса, Өзбекстанда беш эле күн тура алышат. Расмий Ташкент билдиргендей, өкмөт муну менен сырттан туристтерди тартууну көздөйт. Эксперттердин баамында, Мирзиёев мамлекет башына келген төрт жыл ичинде Өзбекстанга саякаттаган туристтер кескин арбыды. Читать дальше...
Ирандын куралдуу күчтөр штабынын президенти Кытай аскеринин биргелешкен штабынын төрагасынын чакыруусу менен Шанхай аскер-деңиз базасы менен таанышты.
Мушкердин беттеши Жакарта шаарындагы One FC: Dawn Of Valor турниринин алкагында болот. Ал швециялык мушкер Себастьян Кадестан менен жолугат.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.