Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2019

Новости за 09.09.2019

МАГАТЭ: Иран жаңы центрифугаларды орнотууда

Azattyk.org 

2015-жылдагы өзөктүк келишимде тыюу салынганына карабастан, Иран акыркы үлгүдөгү, жаңы центрифугалардын жардамы менен уран байытууну өндүрүүгө камылга көрүүдө. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) 9-сентябрда кабарлады. Центрифуга - уран байытууда колдонулган негизги жабдуу. 2015-жылкы көп тараптуу келишимде Ирандын уранды байытуусуна он жылдык чектөө коюлган. Бул мезгил ичинде уран байытуу үчүн колдоно турган центрифугалардын саны 5060тан ашпашы керектиги каралган. Читать дальше...

АКШ "Талибан" менен сүйлөшүүнү токтотту

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөн атайын чабарманын чакыртып алды. Анын алдында президент Дональд Трамп “Талибандын” лидерлери менен жашыруун сүйлөшүүдөн баш тартканын билдирген.

Орусия менен Франциянын министрлери Москвада жолукту

Azattyk.org 

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан жана коргоо министри Флоренс Парли 9-сентябрда Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу менен «2+2» форматында жолугушуу өткөрдү. Мындай форматтагы жолугушуу 2014-жылы Орусия Украинанын Крым аймагын аннексиялап алганда токтоп калган. Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан биргелешкен маалымат жыйынында «ишенбөөчүлүктү азайтуу багытында иштей турган убакыт келгенин» айтты. «Биз президенттин атынан... Читать дальше...



Рогундун кубаты дагы күчөдү

Azattyk.org 

Тажикстанда Рогун ГЭСинин экинчи агрегаты эксплуатацияга берилди. Кошмо Штаттар Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөн атайын чабарманын чакыртып алды. Орусияда өткөн аймактык жана жергиликтүү шайлоодо бийликтен көрсөтүлгөн талапкерлердин басымдуусу жеңишке жетти.

Жаш комузчулар Жалал-Абадды шаңга бөлөштү

Azattyk.org 

9-сентябрда Кыргызстанда Комуз күнү биринчи ирет белгиленди. Майрамды утурлай өлкөнүн ар кайсы облустарында түрдүү иш-чаралар өтүп жатат. Ошто кечээ күнү 500 комузчу “Маш ботой” күүсүн чертсе, Баткенде бүгүн 250 комузчу белгилүү кыргыз күүлөрүн аткарып, миңге жакын адам жөө жүрүшкө чыкты. Жалал-Абадда болсо музыкалык мектептин комузчулары аянтта комузда кол ойнотту.

Кылмышты жашырган кыңыр иш

Azattyk.org 

Жарандык активисттер Бишкекте эки кишини сабаган бир туугандарды калкалап, аларды жаап-жашырууга катышы бар деп шек саналган милициянын чоңдору жоопко тартылбай жатканын айтып чыгышты.

Москва оппозицияны колдоду

Azattyk.org 

8-сентябрда Орусияда өткөн аймактык жана жергиликтүү шайлоодо бийликтен көрсөтүлгөн талапкерлердин басымдуусу жеңишке жетти. Бир гана Москва шаардык думасында оппозициянын 20 өкүлү депутаттык мандат ала турган болду.

ЖЭБ иши боюнча сотто мурдагы тышкы иштер министри сурак берди

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн, 9-сентябрда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча сот иши уланып, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев суралды. Бул тууралуу камакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди. "Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде Соода экономикалык маселелер боюнча кеңеш деген бөлүм бар. Эрлан Абдылдаевге ушул бөлүмдүн Кыргызстандын президентинин аппаратына, башка министрликтерге «ЖЭБди... Читать дальше...



Бишкекте автокырсыктан төрт киши мүрт кетти

Azattyk.org 

Бишкекте жеңил автоунаа менен эл ташыган автобус катышкан жол кырсыгынан төрт киши каза болуп, бир нече адам жаракат алды. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык бүгүн, 9-сентябрда саат 15:00дөргө жакын Чыңгыз Айтматов проспектисинде болгон. «Шкода Октавия» жеңил унаасынын айдоочусу Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй кетип баратып, карама-каршы тилкеде келаткан №8 автобус менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил машинедеги төрт эркек киши мүрт кеткен. Читать дальше...

Жердин "өпкөсү" өрттөндү

Azattyk.org 

Тажикстанда ун кымбаттап, карапайым элди убайымга салды. Казакстанда эл менен бийликти байланыштырган Улуттук кеңеш ишин баштады. Жергиликтүү эл Сибирдеги токойдун өрттөнгөнүнө мыйзамсыздык менен кайдыгерлик себеп дешет.

АКШ менен Түркия Сирияда биргелешкен кайгуул уюштурду

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар менен Түркиянын куралдуу күчтөрү 8-сентябрда Сирияда биргелешкен кайгуул операциясын уюштурушту. Түрктөрдүн "Анадолу" агенттиги кабарлагандай, эки өлкөнүн оор техникалары Евфрат дарыясынын батыш тарабында коопсуздук тилкелери түзүлүшү ыктымал аймактарга топтолушту. Кайгуул миссиясы үч саатка жакын созулду. Вашингтон менен Анкара август айынын башында Сириянын түндүгүндө коопсуздук тилкелерин түзүүгө макулдашкан. Бирок анын майда бараты аныктала элек. Анткен менен Түркиянын президенти... Читать дальше...

Казакстанда кытай компанияларына каршы нааразылык уланууда

Azattyk.org 

Казакстандын Маңгыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарынын тургундары өлкөдө кытай заводдорунун курулушуна каршы жетинчи күн катары менен нааразылыкка чыкты. 9-сентябрда калаанын борбордук аянтына чогулган жарандар бийликти “заводорду куруу сыяктуу долбоорлор менен ишке ашып жаткан кытай экспансиясын” токтотууга чакырды. Алар Кытайдан гана эмес, Европа, Жапония жана Америкадан инвестиция тартууну талап кылышууда. Алар буга чейин президент Касым-Жоомарт Токаевди ушул жумада Кытайга боло турган сапарынан баш тартууга да чакырышкан. Читать дальше...

Онкодиагностиканын жаңы ыкмасы Бишкекте

Azattyk.org 

Кыргызстанда оорулардын алдын алып, онкологиялык илдеттерди, жүрөк, кан тамыр дарттарын текшере турган мамлекеттик бирдиктүү система жок. Бирок акыркы убакта менчик ооруканалардын көмөгү менен акырындап бул ыкма кире баштады.

Дүнүйө жыйгыча ден соолукка карайлы

Azattyk.org 

Кыргызстанда оорулардын алдын алып, онкологиялык илдеттерди, жүрөк, кан тамыр дарттарын текшере турган мамлекеттик бирдиктүү система жок. Бирок акыркы убакта менчик ооруканалардын көмөгү менен акырындап бул ыкма кире баштады.

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Azattyk.org 

Чукул билдирүү: 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 11-12-сентябраларда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2 градус болуп үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин... Читать дальше...

Макрон менен Путин Украинадагы кырдаалды талкуулашты

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон 8-сентябрда телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинанын чыгышындагы жаңжалды жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашууну талкуулады. Бул тууралуу Кремль маалымдады. Путин менен Макрондун телефон аркылуу сүйлөшүүсү Москва менен Киев туткундарды алмашкандан кийинки учурда болуп отурат. Макрон камактагыларды алмашууну оң баалаган. Орусия менен Франция президенттеринин пикир алмашуусу Москвада эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери жолугушардын алдында болду. Читать дальше...

Тажикстанда Рогун ГЭСинин экинчи агрегаты ишке киргизилди

Azattyk.org 

Тажикстанда 9-сентябрь, эгемендик күнүндө Рогун ГЭСинин экинчи агрегаты ишке кирди. Салтанаттуу иш-чарага президент Эмомали Рахмон баш болгон жогорку даражалуу аткаминерлер, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү катышты. Бийлик Рогун ГЭСинин өлкө үчүн мааниси жогору экенин белгилеп, гидротүйүндүн бүт кубаттуулугу ишке кирсе, Тажикстан энергетикалык жактан толук көз карандысыздыкка жетерин айтып келишет. ГЭСтин биринчи агрегаты былтыр ноябрда ишке кирген. Рогун - Тажикстандын тарыхындагы эң кымбат долбоорлордун бири. Читать дальше...


Музыкальные новости
Юрий Башмет

Концерт «Юрий Башмет, Константин Хабенский, ансамбль «Солисты Москвы». К. Сен-Санс «Карнавал животных»





Персональные новости
Алексей Сёмин

Сергей Лёвкин: утверждены изменения в СП по инженерной защите территорий, зданий и сооружений от оползней и обвалов





Жөө күлүк Юлия Андреева олимпиадага жолдомо алды

Azattyk.org 

Жеңил атлетчи Юлия Андреева 2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын баш катчысы Иван Щербаков билдирет. Маалыматка караганда, Юлия Андреева 8-августта Нур-Султан шаарында өткөн эл аралык марафондо, 42 чакырым 192 метр аралыкты - 2 саат 28 мүнөт 42 секундада чуркап өтүп, мара сызыгына биринчи келген. Бул көрсөткүч менен Андреева олимпиадалык нормативди толтуруп, жолдомого ээ болгон.  “Олимпиадалык көрсөткүч 2 саат 29 мүнөт 30 секунданы түзөт. Читать дальше...

Парламент комитети билим берүү министринин кызматына Исаковдун талапкерлигин жактырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды. Аны комитет мүчөлөрүнө бүгүн, 9-сентябрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. Исаковду аталган кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн. Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызматын аркалап келет. Мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева... Читать дальше...

Бишкек ЖЭБине көмүр ташый турган компания аныкталды

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) 2019-2020-жылдары күз-кыш жылытуу мезгили үчүн көмүрдү жеткирүүчү компания аныкталды. «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева «Азаттыкка» көмүр ташуу үчүн тендерди «КонтактУглеПром» ТОО компаниясы утканын кабарлады. Тендердин жыйынтыгы 6-сентябрда чыгып, «КонтактУглеПром» ТОО Жылуулук электр борборуна Д, ДГ жана Г маркаларындагы көмүрдү жеткирүү милдетин алды. График боюнча ишкана көмүрдү 2020-жылдын мартына чейин ташыйт. Отундун биринчи көлөмү сентябрда келет. Читать дальше...

Ирандагы өзгөчө кесипти аркалаган айымдар

Ca-irnews.com (kg) 

Заманбап чыгыш маданияты менен үстүртөдөн тааныш болгон көпчүлүк адамдар Ирандагы аялдардын тагдыры  – бир гана үй-тиричилиги менен алектенип, бала тарбиялап үйдө отурушу керек деп ойлошот.

АКШ менен Орусия терроризмге каршы күрөштү талкуулайт

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Салливан менен Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Олег Сыромолотов 9-сентябрда Венада жолугуп, терроризмге каршы күрөш боюнча кезектеги жолугушуусун өткөрөт. - Салливан Сыромолотов менен маалымат алмашуу, Бириккен Улуттар Уюмунда террорчулардын тизмесин аныктоо, чет элдик согушкерлер, терроризмди каржылоо, авиациялык коопсуздук жана эл аралык терроризм коркунучу жана башка актуалдуу темаларды талкуулайт - деп айтылат Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө. Читать дальше...

"Дориан" куюну Канаданын чыгышына жетти (видео)

Azattyk.org 

Буга чейин Виржин, Багам аралдарын, Түндүк Каролина штатын каптаган куюн Канаданын Галифак шаарындагы бир катар үйлөрдүн чатырын учуруп, бактарды кулатты. Синоптиктер катуу шамалдын күчү дүйшөмбү күнү кечке жуук гана басаңдай турганын божомолдоп жатышат. Дориан бир апта мурда Багам аралдарында бир топ кыйроолорду алып келген. Күчү беш баллга жеткен катуу шамал 44 адамдын өмүрүн алып, миңдей турак жайды кыйраткан. Түштүк Каролина жана Жоржия штаттарындагы 220 миңдей тургун жарыксыз калды.

Спорт в России и мире
Москва

Генерал-полковник Алексей Воробьев высоко оценил подготовку кинологов Росгвардии к предстоящим соревнованиям по профессиональному многоборью


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

«Был риск завершить борьбу еще в первом матче». В России оценили победу Рыбакиной в Штутгарте


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Цветение березы началось в столице





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о формировании взаимовыгодного международного сотрудничества


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко пообещал потенциальным агрессорам ответ всеми видами оружия




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Татьяна Рязапова

Предложения АИРР поддержала комиссия Госсовета



Москва

ЮKassa: число самозанятых россиян в 2023 году увеличилось на 34%

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net