Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2019

Новости за 01.09.2019

Ооганстанда "Талибан" чабуулдарын күчөттү

Azattyk.org 

Талип согушкерлери эки күндүн ичинде Ооганстандын эки шаарына чабуул коюшту. 1-сентябрда жоочулар Баглан чөлкөмүнүн борбору Пули Хумридеги бир нече жайды ээлеп алышты.

Кызыл Чырым: Йеменде соккудан 100дөн көп киши өлдү

Azattyk.org 

Йемендеги козголоңчуларга каршы күрөшкөн Саудия баштаган коалиция Дхамар шаарына урган соккулар түрмөгө тийип, 100дөн көп киши өлдү. Бул тууралуу Эл аралык Кызыл Чырым комитети билдирди. Комитеттин маалыматы боюнча бери дегенде 40 киши аман калды, алар ооруканаларга жеткирилди. Кызыл Чырым комитетинин Йемендеги делегация башчысы Франц Раухенштайн 1-сентябрда окуя болгон жерге барып кетти. Анын айтымында, уранды алдындагы сөөктөр толугу менен алынып чыга элек. Иранга ыктаган хуси козголоңчулары... Читать дальше...

«Дориан» ураганы Флоридага жакындап калды

Azattyk.org 

Флорида штатына жакындап келаткан «Дориан» ураганы күчтөнүүдө. Шамалдын ылдамдыгы эпицентрде саатына 260 километрге жетти. Бул тууралуу америкалык метеорологдор маалымдашууда. Ушу тапта ураган Багам аралдарына жакындап калды. Абако аралынын жашоочуларына атайын жайларга жашынууга же жээктен алыс болууга кеңеш берилди. Флориданын чыгыш жээгине ураган болжолу менен дүйшөмбү же шейшемби күнү жетет. Айрым прогноздор шамал түндүк тарапка багыт алып, Жоржиа жана Түштүк Каролина штаттары да жабыркашы мүмкүн экенин көргөзүүдө. Читать дальше...



Йемендеги козголоңчулар 60 киши өлгөнүн билдиришти

Azattyk.org 

Сауд Арабия баштаган Йемендеги аскердик коалиция баш калаа Санаанын түштүк ыптасында хуси согушкерлерине каршы абадан сокку урушканын 1-сентябрда билдирди. Козголоңчулар Дхамар шаарындагы түрмөгө урулган соккудан кеминде 60 киши набыт болгонун билдиришти. Кызыл Чырым Эл аралык комитетинин Йемендеги делегация башчысы Франц Раухенштайн “мындай кабарларды олуттуу кабыл алышаарын” айтып, кырдаал менен таанышуу үчүн Дхамарга аттанды. Саудия баштаган коалиция хусилердин дрондору менен ракеталары сакталган жайларга сокку урушканын... Читать дальше...

Беслан трагедиясына 15 жыл болду

Azattyk.org 

Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепте 1 миң 128 кишинин барымтага алган окуядан бери 15 жыл өттү. Жылдагыдай жекшембиде шаарда эскерүү иш-чаралары өттү. Мемориалга айландырылган мектептин урап калган спортзалынын жанына курман болгондордун жакындары, барымтадан куткарылгандар чогулушту. 2004-жылдын 1-сентябрында чечен согушкерлери Бесландагы Биринчи мектепте Билим күнүнө арналган линейкага чогулган балдарды, ата-энелерди, мугалимдерди барымтага алышкан.Террорчулар орусиялык аскерлерди Чеченстандан чыгарууну талап кылышкан. Читать дальше...

Немис президенти поляктардан кечирим сурады

Azattyk.org 

Германиянын президенти Франк-Валтер Штайнмайер тарыхтагы эң кандуу жаңжал үчүн Польшадан кечирим сурады. Президент жекшембиде 1939-жылдын 1-сентябрында нацисттер тарабынан биринчи болуп аткыланган жана бомбаланган Велюнь шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганынын 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышты. “Германиялык тираниянын курмандыгы болгон поляктарга таазим этем жана кечирим сурайм”, -деди Штайнмайер немис жана поляк тилдеринде сүйлөп. Аземге катышкан Польшанын мамлекет башчысы... Читать дальше...



Гонконгдо полиция демонстранттарга желим ок атты

Azattyk.org 

Өткөн ишембиде Гонконгдун полициясы митингчилерге каршы суу атуучу курал колдонуп, желим ок атты. Шаардык жетекчиликтин тыюу салганына карабай түмөндөгөн демонстранттар жүрүш жасашты. ВВС бир нече активисттер камалганын маалымдады. Акциянын катышуучулары шаардын борборунда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине Молотов кошулмасы менен каршылык көрсөтүп жатышты. CNN полиция аларга каршы көздөн жаш агызуучу граната колдонгонун кабарлады. Акциянын бир нече катышуучусу кармалды. Күч түзүмдөрү шаардын администрациясын курчап... Читать дальше...

Ала-Арчада 30 гектарды каптаган өрт өчүрүлдү

Azattyk.org 

Ала-Арча эс алуу жайындагы 31-августта тутанган өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Тоонун боорундагы жана чокусундагы бадал менен куураган чөптөн башталган өрт 30 гектарга жакын аянтты каптаган. Өрт 1-сентябрда саат 13:03тө толук өчүрүлдү. Учурда ал жерде 10 куткаруучу нөөмөттө калды.    Буга чейин милиция кырсыктын себептери аныкталып жатканын билдирген. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 287-берене («Токойго зыян келтирүү») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Читать дальше...

Казакстан: Темир-Тоодогу өрттө 700дөн ашык дача өрттөндү

Azattyk.org 

Караганда облусундагы Темир-Тоо шаарына жакын жердеги дача аймагында 29-августта чоң өрт чыккан. Баштапкы маалымат боюнча тилсиз жоодон 700дөн ашык ээсиз дача өрттөнүп кеткен. Андан сырткары өрт 20дай киши жашап жаткан үйлөрдү каптаган. Кырсыктан улгайып калган эки аял жабыркаган.   Өрттүн себептери, анын жалпы чыгымы азырынча аныктала элек. Бирок бул дача аймагында ширетүү иштери жүрүп жатканы кабарланды. Ошондой эле өрттөнүп кеткен мүлк үчүн кенемте төлөнүп берилери белгисиз. (TSh)

АКШ Сирияда «Аль-Каидага» сокку урду

Azattyk.org 

Ишемби күнү АКШ Сириянын түндүгүндөгү «Аль-Каида» террористтик тобу турган аймакка сокку урду. АКШнын Куралдуу күчтөрү сокку «америкалык жарандарга, биздин өнөктөштөргө жана тынч элге чабуул коюп, коркунуч туудурган «Аль-Каиданын» жетекчилигине каршы багытталган» деп билдирди. Маалыматта кандай куралдан сокку урулганы айтылган жок. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан, адам укуктарына мониторинг кылган Сириядагы борбор бул чабуулдан кыркка жакын адам өлгөнүн, анын ичинде «Аль-Каида» тобунун лидерлери бар экенин ырастады. Читать дальше...

«Ак шумкарлар» дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына даярданууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычына даярдыгын баштады. Бул тууралуу кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.  Башкы машыктыруучу курама командага жалпысынан 23 оюнчуну чакырган. Окуу-машыгуу иштери бүгүн, 1-сентябрда башталат. - Биздин максат - биринчи эле тандоо оюндарында Азия Кубогуна өтүү, 12 мыкты команданын катарына кирүү. Читать дальше...

Ала-Тоо аянтынан 10 тонна таштанды тазаланды

Azattyk.org 

31-августтагы эгемендик майрамынан кийин Бишкекте 16 тонна таштанды тазаланды. «Тазалык» ишканасы анын 10 тоннасын Ала-Тоо аянтынан чыгарды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы кабарлады. Ала-Тоо аянтында майрамдоо учурунда 60тай бала жоголуп, аларды милиция кызматкерлери таап беришкен. Мыйзам бузуу катталган жок. Шаардын муниципалдык кызматтары түн ортосуна чейин иштешти. 31-августта Кыргызстан эгемендик алганынын 28 жылдыгын белгиледи. Ага байланыштуу Ала-Тоо аянтында шаардыктар үчүн майрам уюштурулган. Читать дальше...

Ислам дүйнөсүнүн илимге кошкон салымы

Azattyk.org 

Мусулмандардын дүйнө цивилизациясына кошкон салымы жана ислам дүйнөсүндөгү илимий ачылыштардын солгундап кеткени жөнүндө көп сөз кылса болот.

2-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

2-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26; Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25; Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29; Баткенде түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12... Читать дальше...

Асрандиев: өзүмдү бир аз күнөөлүү сезип жатам

Azattyk.org 

Ысык-Көлдү сүзүп өтмөкчү болуп дайынсыз кетип, сегиз сааттан кийин табылган Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев «Фейсбук» баракчасы аркылуу коомчулукка ыраазычылык билдирди. Асрандиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, куткаруучуларга ыкчам иштери үчүн рахмат айтып, баарын дүрбөлөңгө түшүрүп убара кылганы үчүн өзүн бир аз күнөөлүү сезип жатканын белгилеген. Ал өзү жана командасы баары жайында экенин айтып, өз окуясына кыскача токтолгон. «Мындай сүзүүгө жана коштоого тажрыйбасы бар эки коштоочу кайык... Читать дальше...


Музыкальные новости
Песня

Вывод Песни, Альбома, Клипа в ТОП Музыкальных Чартов – iTunes, Apple Music, Youtube Music, Яндекс.Музыка, ВК и Boom, Spotify.





Персональные новости
Олимпиада

Олимпиада по финансовой грамотности МГУ проходит при поддержке СберСтрахования жизни





«Ынтымак кербени» иш-чарасы уланууда

Azattyk.org 

1-сентябрда Ысык-Көл облусунун бийлик өкүлдөрү «Ынтымак кербени» аттуу иш-чаранын алкагында келген Оштун делегациясы менен жыйын курушту. Анда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов мындай жолугушуулар элдин биримдигин бекемдей турганын белгиледи. Оштун делагациясы Ысык-Көлгө 30-августта келген. Анын мүчөлөрү маданий комплекстерге барып, көлдүн жээгинде эс алышты. Аймактар арасындагы ажырымды токтотуу жана ынтымакты бекемдөө максатын көздөгөн «Ынтымак кербени»... Читать дальше...

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанды эгемендик күнү менен куттуктады

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди жана өзбекстандыктарды бул өлкөнүн эгемендик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды. Жээнбековдун куттуктоосунда «Өзбекстан аймакта жана эл аралык маселелерде таштаган чечкиндүү кадамдарынын натыйжасында дүйнөлүк аренада татыктуу орунду ээледи» деп жазылган. Шавкат Мирзиёев - эгемен Өзбекстандын экинчи президенти. Ислам Каримов 1989-жылы СССР мезгилинде Өзбекстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчылыгына дайындалган. Читать дальше...

АКШдагы Кыргызстандын эгемендик деми

Azattyk.org 

АКШнын Огайо штатындагы мекендештер жыл сайын 31-август - Кыргызстандын эгемендик күнүндө өтүүчү «Ынтымак» кубогунун 10 жылдыгын белгилешти.

Кыз белгиси үчүн соттолгон кыз-келиндер

Azattyk.org 

Ооганстанда «моралдык кылмыш» же кыздык белгиси жок деген айып менен эркинен ажыратуу токтой элек. Чейрек кылымдай согуш баскан өлкөдө кыздардын кыздык белгисин текшерүү кадыресе көрүнүшкө айланган.

Спорт в России и мире
Москва

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Арина Соболенко

Арина Соболенко призналась в том, что не любит женский теннис


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

АО «Транснефть – Прикамье» провело свыше 3 тыс. экологических исследований в I квартале 2024 года





Путин в России и мире
Москва

Строители мостов и дорог удостоены государственных наград


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил, что не собирается проводить в Белоруссии мобилизацию




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Михаил Кутушов

Токсиколог Кутушов рассказал почему возникает похмелье



Москва

RT: куриный шашлык в России за год подорожал на 25%

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net