Йемендеги козголоңчулар 60 киши өлгөнүн билдиришти
Сауд Арабия баштаган Йемендеги аскердик коалиция баш калаа Санаанын түштүк ыптасында хуси согушкерлерине каршы абадан сокку урушканын 1-сентябрда билдирди. Козголоңчулар Дхамар шаарындагы түрмөгө урулган соккудан кеминде 60 киши набыт болгонун билдиришти.
Кызыл Чырым Эл аралык комитетинин Йемендеги делегация башчысы Франц Раухенштайн “мындай кабарларды олуттуу кабыл алышаарын” айтып, кырдаал менен таанышуу үчүн Дхамарга аттанды.
Саудия баштаган коалиция хусилердин дрондору менен ракеталары сакталган жайларга сокку урушканын, карапайым адамдарды коргоо чаралары көрүлгөнүн ырастоодо.
2015-жылдын март айында Сауд Арабия жана башка суни араб мамлекеттери аскердик кампания баштагандан бери Йемендеги уруш 10 миңге жакын адамдын өмүрүн кыйды. Алардын жарымынан көбү жайкын адамдар. Көпчүлүгү аба соккуларынан каза тапкан.
Улуттар Уюму Йемендеги гуманитардык кырдаалды "эң олуттуу кризис" деп баалайт. Жаңжалдан улам 22 миллиондой киши гуманитардык жардамга муктаж экени белгилүү.