123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2019

Новости за 10.09.2019

Жон Болтон кызматтан бошотулду

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду кызматтан бошотконун "Твиттердеги" баракчасына жазды. "Кечээ кечинде мен Жон Болтонго Ак үйдө анын кызматы мындан ары бүткөнүн айткам. Мен администрациядагы башка адамдар сыяктуу эле анын көпчүлүк кеп-кеңешине макул болбодум, ошондуктан анын кызматтан кетүүсүн өтүндүм. Ал мага арызын бүгүн эртең менен берди" - деп жазды Трамп. Жон Болтон АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчисинин кызматына 2018-жылы 9-апрелде дайындалган.

Жалгыз мугалим, ишкер эне

Azattyk.org 

Жолу жок, свети жок алыскы Зардалы айылындагы мугалим эжейдин түйшүктүү турмушу. Жаңы кесипти өздөштүрүп, балдары менен иш баштаган жалгыз бой эне. Кеселдин боорун каккан, айдоочунун машинесин талкалаган Нарындагы жаман жол. Токтогул суусунун боюндагы тамчы сууга зар Кетмен-Төбө айылы. Жылына 5 млн. киловатт электр энергиясын өндүргүсү келген баткендик ишкер.

Кетмен-Төбө тамчы сууга зар

Azattyk.org 

Жаңы кесипти өздөштүрүп, балдары менен иш баштаган жалгыз бой эне. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы тандыр жасап саткан үй-бүлөнүн тиричилиги. Айдоочунун машинесин талкалаган жаман жол. Нарын районундагы Чет-Нура айылынын эли борборго кеткен жолун оңдото албай убара. Сууга мол Токтогул районунун тамчы сууга зар айылдары бар. Ичүүчү суу түгүл агын сууга жетпей келаткан Кетмен-Төбө айыл тургундарынын бийликке дооматы күч. Жылына 5 млн киловатт электр энергия өндүргүсү келген баткендик ишкер.



Украина орусиялык эки жоокерди Крым активистин уурдаган деп айыптоодо

Azattyk.org 

Украин бийлиги беш жыл мурда Москванын Крымдын басып алышына каршы чыккан активистти уурдап кеткен деп шек саналгандар табылганын билдирди. Активист күндүз жоголуп, бир нече жумадан кийин сөөгү табылган.  Украин прокуратурасы 10-сентябрда билдиргендей, 39 жаштагы Решат Аметовду уурдоого эки орусиялык аскер катышкан. Маалыматта Аметов 2014-жылы Симферополь шаарында Орусияга каршы нааразылык акциясына чыккан жеринен кармалып, дайынсыз болгону айтылат. Эки жумадан кийин анын сөөгү шаардан 60 чакырым аралыктагы токойдон табылган. Читать дальше...

Мурдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жолугушту

Azattyk.org 

2010-жылдагы окуялардан кийин түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жакында абактан чыккан саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов менен учурашуу үчүн жолугушту. Бул маалыматты “Азаттыкка” убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров ырастады: -Үй камагына түрмөдөн чыккан Убактылуу Өкмөттүн эки мүчөсү менен учурашып, кыргыздын салтына ылайык ак калпак кийгизип, чай ичтик. Болгону ушул. Алар буга чейин өз айылдарына барышты. Ошондуктан расмий түрдө эми учураштык. Жолугушууга Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева... Читать дальше...

Өкмөт: "Кумтөр голдго" кошумча жер берилген эмес

Azattyk.org 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер «Кумтөр» долбооруна кен казууга берилип кеткен деген маалыматты четке какты.

Алфавит реформасы кайра талкууга түштү

Azattyk.org 

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жыйындар залында «Кыргыз латын алфавитинин» долбоору талкууланды. Ага илимий интеллигенция өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.



Удмуртияда өзүн өрттөгөн окумуштуу каза болду

Azattyk.org 

Альберт Разин 10-сентябрь күнү эртең менен Удмуртиянын Мамлекеттик Кеңешинин алдына пикетке чыккан. Колуна кавказдык акын Расул Гамзатовдун «Эртең тилим жок болору чын болсо, анда бүгүн жан кыюуга даярмын» деген ыр саптары жана «Менин мекеним барбы?» деген жазуусу бар плакаттарды кармаган карыя окумуштуу бийликтен удмурт улутун жана тилин коргоону талап кылган.  Бир нече убакыттан кийин ал өзүнө от койгон. Өрт өчүрүүчүлөр отту өчүрүп, окумуштууну ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер анын денеси дээрлик 100 пайыз күйүп калганын айтышкан. Читать дальше...

Көлдүктөрдүн бала бакча убарасы

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусундагы Каракол, Балыкчы шаарларында кенже жана мектепке чейинки курактагы кеминде 3 миӊ баланын ата-энеси муниципалдык жана тармактык балдар бакчаларына кезек күтүүдө.

ММК: АКШнын чалгыны орусиялык тыңчыны 2017-жылы чыгарып кеткен

Azattyk.org 

АКШнын маалымат каражаттары өлкөнүн Борбордук чалгын башкармалыгы – (БЧБ) 2017-жылы президент Владимир Путинге байланыштуу жашыруун маалымат берип жүргөн орусиялык жаранды алып чыгып кеткенин жазып чыгышты. Ал Орусиянын 2016-жылкы АКШда өткөн шайлоого кийлигишкени тууралуу да маалыматка ээ болгон деп айтылат. «New York Times», CNN жана «Washington Post» жазгандай, ал киши АКШнын чалгын кызматтары үчүн өтө баалуу болгон. Анткени ал жарандын Орусиянын коопсуздук пландарын жана башка жашыруун маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүгү болгон. Читать дальше...

Боронов: Эми кенге лицензия берилгенде сөзсүз мамлекеттин үлүшү болот

Azattyk.org 

Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 10-сентябрдагы жыйынында айтты. Ушундай эле талап көмүр кендерине да тиешелүү болот. 2019-жылдын январь айында Коопсуздук кеңешинде жарыяланган маалыматка караганда, Кыргызстанда жалпысынан кен тармагында 2571 лицензия берилген. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 2012-2018-жылдар аралыгында кен тармагына байланыштуу 70тен ашык кылмыш ишин козгогон жана зыяндын өлчөмүн 1 миллиард сомго баалаган. Читать дальше...

Өзбекстан Араванда чек араны тосо баштаганы нааразылыкка себеп болду

Azattyk.org 

Өзбекстандын аскерлери Араван районунун Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокту тосуп алганы кыргызстандык тургундардын нааразылыгын жаратып, тирешке себеп болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев билдирди:  - Бул жерде такталган, Кыргызстан менен Өзбекстан алмаштырган жерлер бар. Төө-Моюндагы ошондой жерлердин бирин Өзбекстан тосо баштаган экен. Бул жерлердин делимитациясы бүтүп, демаркациясы бүтө элек. Булар болсо баштап жиберишиптир. Азыр ошону токтоттурдук. Читать дальше...

Базар-Коргон айыл өкмөтүнө 8-жолу башчынын милдетин аткаруучу дайындалды

Azattyk.org 

Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Теңирберди Жолдошев соттук териштирүү бүткөнгө чейин убактылуу жумуштан алынып, анын ордуна Икрам Чолпонов кайрадан үчүнчү ирет айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мындай буйрукка район акими Айбек Бегимкулов кол койгонун райондук администрация «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, 2017-жылы Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы болуп шайланган Чыңгыз Сариевге каршы «бак-дарактарды мыйзамсыз кыйгган» деген негизде кылмыш иши козголуп... Читать дальше...

"Алибаба" ишенимдүү колго өтөт

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп "Талибан" кыймылы менен сүйлөшүү токтогонун билдирди. Түндүк Корея кайрадан эки ракетасын сынады. Кытайлык "Алибаба" компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма шейшембиде кызматтан кете турганын билдирди.

11-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

11-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22; Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20; Ош, Жалал-Абад аймактарында  түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24 Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20; Нарында түнкүсүн 1…6... Читать дальше...

Президент: судьяларды тандоодо ыйманына, адебине да көңүл бургула

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка бош орундарга талапкерлерди кароодо алардын кесипкөйлүгүнө гана эмес, адеп-ахлагына, ыймандуулугуна да көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу ал 10-сентябрда, Судьяларды тандоо кеңешинин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алган учурда айтканын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчы жолугушууда судьялар үчүн тандоо сынагынын сапатын жогорулатуу керек экенин айтып, Судьяларды тандоо кеңеши өзү ачык иштеп, бардык мүмкүн болгон коррупциялык... Читать дальше...


Музыкальные новости
Григорий Лепс

Лоза о ситуации с Лепсом и фанаткой: он повел себя вспыльчиво и импульсивно





Персональные новости
Динамо

«Динамо» (Москва) одержало победу в третьем матче полуфинала





Сот менен карызга чырмалган музей иши

Azattyk.org 

Улуттук тарых музейинин оңдолушуна байланыштуу соттук иш дагы эки апта артка жылды. Буга башкы айыпталуучу, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ооруп жатканы себеп болду.

Боронов: Өкмөт «Кумтөр» долбооруна кошумча бир да гектар жер берген эмес

Azattyk.org 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «мамлекеттик корукка кирген 16 миң гектар жер «Кумтөр» долбооруна кен казыш үчүн берилип кеткен» деген маалыматты четке какты.  Ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында Кумтөрдү иштетүү боюнча 1997-жылы жаңы лицензия берилгенин, анда 26 миң 660 гектар жер берилгенин айтты:  - Кумтөр боюнча ар бир жаңы келишимде ар кандай сандар жазылган. Бирок 26 миң 660 гектар жер 1997-жылы эле берилген. Читать дальше...

Осмонбетов ушул күнгө чейин Кумтөрдөн канча алтын казылганын айтты

Azattyk.org 

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун маалыматына караганда, Кумтөр кени иштетиле баштаган 1997-жылдан 2018-жылга чейин кенден 374,3 тонна алтын өндүрүлгөн. Андан тышкары быйыл дагы 12 тонна алтын казылып алынган. - Бүгүнкү күндө борбордук карьерде 77 тонна 595 кг, Сары-Төрдө 16 тонна 614 кг, түштүк-батыш карьеринде 10 тонна 136 кг алтындын запасы бар. Жалпысынан 104 тонна 345 кг алтын бар. Андан тышкары дагы 23 тоннадай алтын бар деген божомол бар. Читать дальше...

Роберт Кочарян камакта калды

Azattyk.org 

Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарянга каршы козголгон кылмыш ишин кыскартып, эркиндикке чыгарууга эч негиз жок. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы маалымдады. 9-сентябрда Ереванда өткөн сотто адвокаттар да, прокурорлор да өз талаптарын айтышты. Буга чейин Кочаряндын жактоочулары Конституциялык соттун чечимине ылайык, аны бошотууну талап кылган доо арыз менен кайрылышкан. Аз убакыт мурда Конституциялык сот экс-президенттин июль айындагы камалышын мыйзамсыз деп тапкан. Бирок прокурорлор... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Тамбовские синхронистски заработали две медали на первенстве города Королёв


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Что чаще всего едят на завтрак дети Елены и Новака Джокович?


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Литва настраивает темп российским путешественникам





Путин в России и мире
Москва

Рязанские дизайнеры представили свой бренд одежды на модном показе Estet Fashion Week


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко сравнил Всебелорусское народное собрание с «пустотой»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Владимир Зеленский подтвердил ракетный удар по аэродрому в Джанкое


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Серов

«У меня такого не было»: Лоза предположил, почему зрители ушли с концерта Серова



Москва

Открытие паназиатского бистро PAPAYA на Павелецкой

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net