Эркин Асрандиев аман-эсен табылды
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Тоң районунун Бар-Булак айылындагы көл жээгинен табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев "Азаттыкка" билдирди. - Биз азыр аны Ысык-Көл районуна алып келебиз. Медкызматкерлерди чакырдык, - деди Данир Иманалиев "Азаттыкка" сүйлөп жатып. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиевди Ысык-Көлдө сүзүп баратканда коштоп жүргөн Нарынбек Кемелов "Азаттыктын" Ысык-Көлдөгү кабарчысы Кундуз Сырдыбаевага окуянын чоо-жайын кыскача баяндап берди. Читать дальше...