Ирина Карамушкина: менин ишим «өзгөчө оор кылмыш» катары каралууда
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Жогорку Кеңештин депутаты, КСДПнын мүчөсү Ирина Карамушкина анын иши «өзгөчө оор кылмыш» катары каралып жатканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Буга байланыштуу ал депутаттык кол тийбестигинен ажыратылып жатканын да билдирип, Башкы прокуратуранын аракеттерин сындаган. Карамушкина өзү Жогорку Кеңештин депутаты экенин, мыйзам боюнча анын кол тийбестигин алуу парламенттин макулдугу менен болушу керектигин белгилеген. Ирина Карамушкина - 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Читать дальше...