Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2019

Новости за 18.09.2019

"Эч качан көргөн эмес!" Роналду атасы жөнүндө айтканда ыйлап жиберди. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Интернет айдыңында атактуу спортчу, футбол жылдызы Криштиану Роналдунун интервью учурунда атасы, маркум Жозе Диниш Авейру тууралуу сөз болгондо ыйлап жиберген видеосу тарады.

АКШ: Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи кызматына Роберт О’Брайен сунушталды

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматына Роберт О’Брайендин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Трамп 18-сентябрда "Твиттердеги" баракчасына жазды. Роберт О’Брайен ушул тушта Мамлекеттик департаментте иштейт жана президенттин туткундар маселеси боюнча атайын кеңешчиси кызматында турат. Буга чейинки президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон ушул айдын башында кызматтан алынган. Дональд Трамп анын себебин Болтондун бир топ кеп-кеңешине макул болбогону, ынабаганы менен түшүндүргөн. Читать дальше...



"Равшан жайдары, боорукер жигит эле..."

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда болгон атышууда кыргызстандык чек арачы, 41 жаштагы Равшан Муминов окко учту. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Камактагы тажикстандык адвокатка эл аралык сыйлык ыйгарылды

Azattyk.org 

Варшавада узак мөөнөткө эркинен ажыратылган тажикстандык адвокат Бузургмехр Ёровго белгилүү укук коргоочу Файзиннисо Вохидова атындагы эл аралык сыйлык берилди. Аны камактагы адвокаттын Европада жашаган бир тууганы Жамшед Ёров алды. Буга чейин Бузургмехр Ёров Европа кеңешинин адам укуктары багытындагы өзгөчө эмгеги үчүн берилчү Вацлав Гавел атындагы сыйлыкка көсөтүлгөн. Ал Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалып, 28 жылга кесилген.

Чек ара кызматы такталбаган аймакта курулуш токтотулганын кабарлады

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотту. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Максат айылына жакын жердеги курулушту тажик тарап 16-сентябрдагы ок атыштан кийин токтоткон. Бүгүн Баткен районунун Жака-Өрүк аймагына жакын жердеги курулуш иштери токтотулду. Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин белгилеп, эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүнү улантып жатканын кабарлады. Читать дальше...

Тажик мигранттары партия түзүштү

Azattyk.org 

Ооганстандагы удаалаш жардыруулардан кийин "Талибан" кыймылы кепке келерин билдирди. Беларус менен АКШ «тоңуп» турган мамилелерин элчилерди дайындоо менен жандантууну чечишти. Камактагы Гүлнара Каримованын кызы Иман өзбек бийлигине эскертүү берди. Орусиядагы тажик мигранттары саясий партия түзгөнүн жарыялашты.

«Равшандын үч баласы жетим калды»

Azattyk.org 

16-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде, кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда курман болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминовдун сөөгү 18-сентябрда Исфана шаарында жерге берилди.



АКШ-Беларус алакасындагы "тоң" эриди

Azattyk.org 

АКШ менен Беларус 11 жылдан кийин бирине-бири кайрадан өз элчилерин жөнөткөнү жатышат. Байкоочулар муну ири дипломатиялык жылыш катары баалашууда.

"Талибандын" чабуулдан кийинки сүйлөшүү ниети

Azattyk.org 

Ооганстанда 17-сентябрда эки аймакта болгон жардырууда өлгөндөрдүн саны 48 кишиге жетти. Бул Ооганстанда 10 күндөн кийин өтө турган президенттик шайлоонун алдындагы жана АКШ менен "Талибандын" тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурагандан берки эң кандуу чабуул болуп калды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда кыргызстандык аскердин окко учканы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган факты Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренесинин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Мындан сырткары чек арадагы окуяда аскер кызматкерлеринин жана жергиликтүү тургандардын жарадар болгону, үй, мектеп, байкоо салуучу мунараны аткылаган факты «Киши өлтүрүүгө... Читать дальше...

Москвада актёр Устиновду колдогон акция өтүп жатат

Azattyk.org 

Орусиянын борбору Москва шаарында, сот чечими менен үч жарым жылга абакка кесилген 23 жаштагы актёр Павел Устиновду колдогон акция өтүп жатат. Президенттик администрациянын алдына чогулган жүзгө чукул актёрлор Устиновду бошотууну талап кылган плакатты ар бири бир мүнөттөн, улам кезектешип көтөрүп турушат.  Орусиянын мыйзамдарына ылайык, өзү жалгыз пикетке чыккан адам бийликтен уруксат сурабай койсо болот. Бирок аймакта жүргөн полиция кызматкерлеринин бири пикетчилердин бир эле плакатты кармап турушканын... Читать дальше...

Тажик мигранттары бир партияга бириккени жатат

Azattyk.org 

Орусиянын Москва шаарында жашаган тажикстандык укук коргоочу Иззат Амон «Өзгөрүү, реформа жана өнүгүү» деген жаңы партия түзгөнүн жарыялады. Ал партиянын башкы максаты чет жерде иштеп, жашап жүргөн мигранттарды Тажикстандагы саясий жашоого аралаштыруу, парламенттик жана президенттик шайлоого катышуу экенин билдирди.  Иззат Амон партияны жакында Тажикстандын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүп, аймактарда бөлүмдөрүн ачуу жагы караштырылып жатканын айтты.  Тажикстанда буга чейин да мигранттарды... Читать дальше...

Эр-Рияд Перс булуңунда коопсуздукту коргогон коалицияга кошулду

Azattyk.org 

Сауд Арабиясы Перс булуңунда ары-бери каттаган кемелердин коопсуздугун камсыз кылган, АКШ баштаган коалицияга кошулганын жарыялады. Расмий Эр-Рияд мындай чечимин 14-сентябрда эки мунай заводуна дрондон сокку урулгандан кийин жана Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Саудияга келер алдында кабыл алды.  Вашинтон Сауд Арабиясындагы мунай өндүрүүнүн азайып кетишине себеп болгон бул окуя үчүн Иранды айыптап жатат. Эр-Рияд болсо бул чабуулда «Ирандын курал-жарактары» колдонулганын билдирүүдө. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш акыйкатчынын баяндамасын жактырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысынын жана Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун 2018-жылга карата баяндамасын жактырды. Ага 85 депутат «макул» деп добуш берди. Акыйкатчы Токон Мамытов 2018-жылы Акыйкатчы институтунун борбордук жана аймактык бөлүктөрүнө укугу бузулганын билдирип 11 миң 260 адам кайрылганын, алардын ичинен 3 237 кайрылуу кат жүзүндө келгенин билдирди. Мамытов кайрылуулардын көбү сот бийлигиндеги адилетсиздикке туура келерин, жарандар соттун чечимдерине... Читать дальше...

Иман Каримова Ташкентти опузалады

Azattyk.org 

Ташкентте Гүлнара Каримованын үстүнөн дагы бир жашыруун сот иши башталганын анын адвокаты жарыялады. 16-сентябрда Каримованын кызы Иман Каримова Шавкат Мирзиёевдин бийлигине "жакынкы күндөрү Өзбекстандагы коррупция боюнча жашыруун маалыматтарды жарыялайм" деп эскертти.

«Жалал-Абад электро» мекемесинин жетекчилери алмашты

Azattyk.org 

Директорлор кеңешинин чечими менен «Жалал-Абад электро» ишканасынын директору болуп Дурусбек Рахманов дайындалды. Ал буга чейин Жалал-Абад облустук электр тармактарын башкарып келген. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Муну менен катар директордун эки орун басары тең алмашып, алардын ордуна Мыктыбек Жумабаев жана Мирлан Байсымаков келди. «Улуттук энергохолдинг» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакыт Есенбаева жаңы дайындалган жетекчилерди компаниянын жамааты менен тааныштырды. Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

Александр Розенбаум рассказал о дополнительном источнике дохода: "Не бомжовые заведения"





Персональные новости
Арцах

Спецвыпуск журнала «Стратегии развития» посвященный героям Великой Отечественной войны и Специальной военной операции





Разаков: чек ара боюнча сүйлөшүү аяктай элек

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу сүйлөшүүлөр уланып жатат. Сүйлөшүү Овчу-Калача чек ара аймагында өтүп жатат. Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов, Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев катышууда. Тажик делегациясынын толук курамы азырынча белгисиз.  Буга чейин Тажикстандын «Азия-плюс» агенттиги сүйлөшүү бүгүн эртең мененки саат 7:30да башталып, 10до бүткөнүн жазган. Читать дальше...

Эрдоган Йеменге кол салуу уланып жатканын сынга алды

Ca-irnews.com (kg) 

Түркиянын президенти акыркы жолу Сауд Аравиясынын мунай объектилерине болгон кол салуулар тууралуу билдирүүсүндө: “Йемен элине каршы аскердик кол салууларды биринчи ким баштаганын эстен чыгарбашыбыз керек”, - деди.

Казакстанда Кытай долбоорлоруна каршы чыккандар соттолду

Azattyk.org 

Казакстанда Нур-Султан жана Алматы шаарларында сот ушул айдын башында казак-кытай биргелешкен долбоорлоруна каршы нааразылык акцияларына чыккан жарандык активисттерди административдик жазага тартты. Ага ылайык, Нур-Султан шаарынын тургундары Куат Толепбергенов менен Марат Темирбеков 10 күнгө эркинен ажыратылды. Алматы шаарында сот Айдос Базарханов менен Асхата Жексебаевди 10 күнгө, ал эми Мурат Шорманов менен Ермек Казиевди 15 күнгө камоо тууралуу өкүм чыгарды.  Нур-Султанда полиция макулдашылбаган... Читать дальше...

Аба ырайы: жамгыр жаабайт

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында 19-сентябрда жамгыр жаабайт. Шамалдын багыты улам өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 24…29°; Таласта түнкүсүн 4…9°, күндүз 23…28°; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 11…16°, күндүз 26…31; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9°, күндүз 16…21°; Нарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 17…22°; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 3…8° болот. 19-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Читать дальше...

Адвокат: Ташкентте Гүлнара Каримованын жашыруун соту башталды

Azattyk.org 

Өзбекстанда мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримовага байланыштуу жашыруун сот жараяны башталды. Бул тууралуу анын Швейцариядагы адвокаты Грегуар Манжа 16-сентябрда «Твиттердеги» баракчасына жазды.  Ушул эле күнү Гүлнара Каримованын Лондондо жашап жаткан кызы Иман өзбек бийлигин бул өлкөдөгү жашыруун фактылар, коррупция тууралуу маалыматтарды дүйнөлүк коомчулукка ашкерелей турганын эскертти.  Расмий Ташкент экс-президенттин кызынын айланасындагы соңку жагдайга байланыштуу комментарий бере элек. Читать дальше...

Жанарбек Акаев Токон Мамытовдун ишин сынга алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев акыйкатчы Токон Мамытовду «карапайым элдин эмес, бийликтин акыйкатчысы болуп жатканын» айтып сындады. Ал бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Кыргызстанда адам укуктары одоно бузулуп жатканын билдирди: - Күч органдарына болгон элдин ишеними өтө төмөн. Чак түштө мушташып атышат, камалгандар кайра чыгып кетет. Адилеттик издегендер өз укугун коргой албай жатат. Карапайым адамдар эле эмес, саясатчылар, министрлердин орун басарлары, өкмөт башчы укугун коргой албай атат. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Как Рыбакиной стать второй ракеткой мира: расклад от WTA


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве в парке нашли труп мужчины





Путин в России и мире
Москва

Путин поздравил Леонида Рошаля с днем рождения


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Басманный суд Москвы арестовал продюсера Reuters Константина Габова за помощь ФБК в подготовке материалов



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Джиган запретит дочери Ариеле встречаться с определенной категорией парней



Москва

Кулич не простой, а золотой: какие блюда на Пасху готовят московские рестораны

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net