Орус жана беларус аскерлери бир апталык машыгуусун баштады
Орусия жана Беларус куралдуу күчтөрү бир апталык машыгуусун башташты. Нижний Новгород чөлкөмүндөгү иш-чарага 12 миң аскер жана 950 даана техника, ичинде согуштук оор машинелер, учактар менен тик учактар катышат. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги жума күнү кабарлады.
Беларустун Коргоо министрлиги кошуна өлкөгө 4 миң жоокер, 30дан көп танк, ракета аткыч, 15 чакты учак менен тик учак жөнөткөнүн маалымдады.
Август айында Беларус куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командычысы генерал Олег Белоконев Европадагы кырдаалды курчутпоо үчүн машыгуу Евробиримдиктин чек арасынан алыс жерде өтөрүн айткан.
Эки өлкөнүн эки жылда бир өтчү аскердик машыгуулары Батыштын назарында болуп келет.