Расул Мирзаев против Шамиль Шахбулатов / Полный бой ACA 99 / Жесткий нокаут
294 просмотров всего, 294 просмотров сегодня
294 просмотров всего, 294 просмотров сегодня
Ошто "Азаттыктын" кызматкери Айбек Кулчумановго кол салып, техникалык жабдууларын карактап алгандардын тек-жайы такталды. Бирок тергөө кызыкчылыгынан улам алардын аты-жөнү жана канча киши экени айтылбай турганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына караганда, кол салгандардын баары Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун туугандары. Бирок ал кишинин өзүнөн же туугандарынан муну тактоого мүмкүн болгон жок. Кулчуманов... Читать дальше...
161 просмотров всего, 161 просмотров сегодня
Кыргызстандагы жеке менчик "Next TV" телеканалы "Азаттык" радиосунун оператору Айбек Кулчумановго карата кол салуу боюнча билдирүү таратты. Анда телеканалдын жамааты “Азаттыктын” кабарчыларына карата болуп жаткан каралоону Кыргызстандагы сөз эркиндигине болгон чабуул катары сыпаттай” турганы белгиленген. “Бүгүн “Азаттыкка” чабуул болсо, эртең дагы башка медиага кысым болбойт деп ким айта алат? Андыктан “Азаттыктын” журналисттерине болгон кол салууну укук коргоо органдары тарабынан тыкыр иликтенишин талап кылып, бир муштумга биригели. Читать дальше...
Ооганстандын Памириндеги кыргыздар урпактарынын келечеги туңгуюкка кептелип баратканына кабатыр. Ооган кыргыздарынын жашоосун, тарыхын беш жылдан бери изилдеген швейцариялык антрополог Тобиас Маршаллдын баянын сунуштайбыз.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2003-2016-жылдары Орусияда спирт ичмдиктерин ичүү 43 пайызга азайганын, мындан улам адамдардын өмүрүн узактыгы жогорулаганын билдирди. Аталган уюм муну мамлекеттин алкоголдун сатылышын чектеген, дени сак жашоого үгүттөгөн чаралары менен негиздеди. Баяндамада "Орусия узак убакыт арак көп ичкен жарандардын мекени деп эсептелип келген. Бул 1990-жылдарда адам өлүмүнүн көбөйүшүнө себеп болгон. Акыркы жылдары бул абал оңоло баштаганы байкалат", - деп айтылат. Буга... Читать дальше...
Чүйдүн Сокулук районунун тургуну үч аялды кулчулукта кармап, алардын бирин чынжыр менен бутунан байлап койгону жөнүндө маалымат коомчулуктун үрөйүн учурду.
Орусиянын Борбордук банкы быйыл алты ай ичинде Орусиядан КМШ мамлекеттерине 5 миллиард 720 миллион доллар которулганын билдирди. Акча которуу жагынан Борбор Азиянын үч мамлекети алдыда турат жана сап башына Өзбекстан чыккан. Ага ылайык, Орусиядан бул өлкөгө быйылкы жылдын биринчи кварталында 2 миллиард 800 миллион, экинчи кварталда 1,2 миллиард доллар которулган. Экинчи орунда Тажикстан, үчүнчүдө Кыргызстан турат. Тажик мигранттары Орусиядан мекенине 1,1 миллиард, ал эми кыргызстандыктар 930 миллион доллар салган. Читать дальше...
Бүгүн, 1-октябрда Тажикстанда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат беште "Азаттыктын" тажик кызматынын сайты, "Facebook" жана "YouTube" социалдык тармактары ачылбай калды. Тажик телекоммуникациялык кызматынын аткаруучу директору Илхом Атоев сайттарга бөгөт коюлганы тууралуу анын кабары жок экенин билдирди. Айрым эксперттердин айтымында, буга бозгунда жүргөн тажик оппозициясынын лидери Мухиддин Кабиринин Варшавада ЕККУнун жыйынында сүйлөгөн сөзүнүн түз көрсөтүлүшү себеп болушу мүмкүн. Өткөн... Читать дальше...
Финансы полициясы "Манас" аэропортунда беш жыл мурдагы коррупциялык ири иштердин бетин ачканын жарыялады.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда жаңы 13 күбө дайындалып, кезектеги отурумда көбү суралды.
Кумтөр алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө келерки жылга 20 млн доллар жумшоо пландалууда. Бул тууралуу 1-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кенди иштеткен канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын президенти Скотт Перри билдирди. Жолугушууда айтылгандай, былтыр компания геологиялык чалгындоо боюнча эки жылдык иш башталганын жарыялаган. 2018-жылы 6,5 млн доллар бөлүнгөн, быйылкы жылы жалпысынан дагы 24 млн жумшоо каралууда. 2020-жылы 20 млн доллар жумшалат. Читать дальше...
Бүгүн, 1-октябрда, Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 17-жыйыны өтүүдө.
Кытай Элдик Республикасынын түзүлгөнүнүн 70 жылдыгы майрамдалып, Бээжин аскердик кубатын көрсөттү. Индонезияда никеге чейинки жыныстык катнашка тыюу салчу мыйзамга каршы толкундоолор уланып, полиция менен демонстранттар кагылышты. Жоолук салынып, сакал коюуга каршы чыккан Фергана облусунун акими Сенаттан «катуу эскертүү» алып, элинен кечирим сурады. Германияда велосипедчендердин найза эрөөлү өттү.
Гонконгдо Кытай бийлигине каршы чыккан нааразылык акциясы учурунда бир адамдын төшүнө ок тийди. Муну жергиликтүү полиция ырастады жана ок өзүн-өзү коргоо максатында атылганын билдирди. Мунун алдында күч органдары эскертүү иретинде асманга ок атканын билдирген. Дарыгерлердин маалыматына караганда, Гонконгдо 1-октябрда өткөн нааразылык акциясынын учурунда кеминде 15 адам жаракат алды, алардын ичинен ок тийген адамдын абалы оор бойдон калууда. Кытай Эл Республикасы негизделгенинин 70 жылдык мааракесин... Читать дальше...
Ош, 1-октябрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Өзбекстанда оор кылмыштарга шектелип, 2010-жылдан бери издөөдө жүргөн адам Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан кармалды.
Бээжинде Кытай Эл Республикасынын 70 жылдыгына арналган ири майрамдык иш-чаралар өтүп жатат.
Токтогул районунда жеңил машине оор жүк ташуучу автоунааны сүзгөн кырсык катталды. Жалал-Абад облустук жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инпектору Айбек Сатыбалдиевдин маалыматына караганда, окуя 1-октябрда эртең менен Ош-Бишкек автожолунун 325-чакырымында, Токтогул районунун Үч-Терек айылынын тушунда болгон. Күйүүчү май ташыган машине Оштон Бишкекти көздөй баратканда күтүүсүздөн алдынан мал чыга калып, автоунаасын чукул токтотууга мажбур болгон. Күү менен келаткан жүк ташуучу автоунаанын артындагы чиркемеси үзүлүп... Читать дальше...
Америкалык телеканалдан Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы сионисттик режимди расмий түрдө таанууга даярдыгын билдиргенин жарыялады.
ЕБтин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлүнүн кеңешчиси Инстекске дагы сегиз өлкө кошуларын маалымдады.
Мурдагы элчи жана экс-министр Дүйшөнкул Чотонов 2010-жылдын 13-майында Бишкекте эмес, Ошто болгон, андыктан ага коюлган айыптар негизсиз. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Чотонов менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча отурумда айтылды. Күбө катары көрсөтмө берген он чакты адам ошол күнү өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган Чотонов Ми-8 тик учагы менен Ошко учуп барганын, бир катар жолугушууларды өткөргөнүн айтып беришти. Ички иштер министринин... Читать дальше...
Грэпплинг федерациясынын башчысы Тынчтык Сулайманов Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатына улуттук курама команда өзгөчө даярдыкта барганын айтты.
Иранда сот президент Хасан Роуханинин бир тууган иниси Хусеин Ферейдунду беш жылга эркинен ажыратты. Ал быйыл май айында коррупцияга байланыштуу камакка алынган. Сот бийлигинин өкүлү Голамхоссейн Эсмаили Ферейдунга дагы башка айыптар коюлушу ыктымал экенин билдирди, бирок анын чоо-жайын ачыкка чыгарган жок. Хусеин Ферейдун 2017-жылы өлкө президенти жана бир тууган агасы Хасан Роуханинин башкы кеңешчиси болуп турган учурунда «финансылык кылмыштарга аралашкан» деген айып менен камакка алынып, бирок көп өтпөй күрөө төлөп бошотулган. Читать дальше...
2-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл, Талас, Нарын дубандарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3 градуска чейин үшүк жүрөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +13...+18, Талас жергесинде түнкүсүн +1...+6... Читать дальше...
Казакстандын Алматы шаарында «терроризмди жайылткан, кастыкты козуткан» деген айып менен өткөн айда камалган сегиз адам дүйшөмбүдөн тартып ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу алардын жакындары айтып чыгышты. Абактагылар сот чечимин мыйзамсыз деп эсептешет. Алар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге, экс-президент Нурсултан Назарбаевге кайрылып, маселени акыйкат териштирүүнү өтүнүшкөн. Эгер бийлик чара көрбөсө абактагылардын туугандары да 10 күндөн кийин ачкачылык акциясына кошуларын айтып жатышат. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.