Грэпплинг: кыргызстандык Муртазалиев дүйнө чемпиону болду
Кыргызстандык спортчу Абдурахманхажи Муртазалиев Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду. Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Муртазалиев бүгүн, 23-сентябрда грэпплингдин Gi түрүнөн 84 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, үч беттеш өткөрдү.
Алгач америкалыкты, андан соң жарым финалда италиялык спортчуну жеңип, финалга чыкты. Алтын байге үчүн таймашта польшалык Павел Недзини жеңип, дүйнө чемпиону аталды.
Абдурахманхажи Муртазалиев 25 жашта. Жиу-житсунун не-ваза түрүнөн Азия чемпионатынын алтын (2017-ж.) жана күмүш байгесинин ээси (2016-ж.). Дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган (2017-ж.). Жабык имарат ичиндеги таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарынын чемпиону (2017-ж.). Азия оюндарында коло байге алган (2018-ж.).
Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюму уюштурган грэпплинг боюнча дүйнө чемпионаты 22-сентябрда башталган. Таймаштар аталган спорттун Gi жана No-Gi түрүнөн эректер жана кыз-келиндер арасында өтүп, жалпысынан 26 медаль топтому ойнотулду.
Муртазалиевдин байгесинен сырткары кыргыз спортчулары бир күмүш жана жети коло байгеге ээ болушту. Күмүш байгеге грэпплингдин Gi түрүнөн 71 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Абдылдабек Кекенов ээ болду. Ал финалда орусиялык спортчу Гаирбек Ибрагимовго жеңилип, 2-орунду алды. Коло байгелерди No-Gi түрүнөн Арген Кайдыбаев (62 кг.), Токторбай Жусуп уулу (66 кг.), Азамбек Шамшиев (77 кг.), Достук Жолдошов (84 кг.),Бексултан Өмүрзаков (92 кг.), Нуржанат Бегматова (53 кг.) жана Даяна Жакып кызы (71 кг.) алды. (ECh)