Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2019

Новости за 23.09.2019

Кой-Таш окуясы: комиссия эки депутат боюнча спикерге кайрылат

Azattyk.org 

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги отурумуна Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова келген жок. Комиссиянын төрагасы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алар комиссиянын жыйынына келүүдөн баш тартканын жана бул алардын жеке чечими экенин билдирди. Бирок комиссия мүчөсү Исмаил Исаков эл өкүлдөрүнүн жыйынга катышуусун камсыз кылыш керек деген пикирин айтты:  - Биз алардын позициясын билбей туруп чечим чыгарып койсок... Читать дальше...

Израил президенти «Ликуд» менен «Көк жана акты» биригүүгө чакырды

Azattyk.org 

Израилдин президенти Реувен Ривлин премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун «Ликуд» партиясы менен анын саясий атаандашы Бенни Ганцтын «Көк жана ак» партиясын биригип, башкаруучу коалиция түзүүгө чакырды. Ал эгер бул эки партия чогуу өкмөт курай турган болсо коалициялык көпчүлүк туруктуу болоорун айтты. Израил президенти өкмөттү куроо мүмкүнчүлүгүн кимге ыйгарарын аныктоо максатында партия лидерлери менен сүйлөшүү өткөрүп жатат жана Ривлин мөөнөтүнөн мурда дагы бир шайлоо өткөрбөш үчүн болгон аракетин жумшай турганын белгиледи. Читать дальше...

Мигрант атанын арманы

Azattyk.org 

Анарбек Орунбеков 2008-жылдан бери Москвада көп кабаттуу үйдө вахтер болуп иштейт. Балдарын эки-үч жылда бир көргөн мекендештин жашоосу сагыныч менен өтөт. Орусияда жүргөн Анарбектин баянын сунуш кылабыз.



АКШнын элчиси кыргызстандыктарды жаңылмач айтып куттуктады

Azattyk.org 

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу жана элчиликтин айрым кызматкерлери кыргыз тилинде жаңылмач айтып, кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. - Ар улуттун энеси улуу, тили улуу. Кыргыз тил күнү куттуу болсун!, - деди элчи. Быйыл Кыргызстанда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу иш-чарада «Мамлекетти, эгемендикти коргоо кандай кажет болсо... Читать дальше...

Ооган аскерлеринин соккусунан 35 жайкын тургун ажал тапты

Azattyk.org 

Гилменд провинциясынын жетекчилери ооган аскерлеринин чабуулунан кеминде 35 адам өлүп, 10дон ашыгы жарадар болгонун билдирди.  Кандуу окуя 22-сентябрда түндө болду. Ооганстандын атайын даярдыктагы аскерлери «Талибан» кыймылы жанкечтилерди даярдайт деп шек саналган үйгө чабуул коюшкан. Провинциялык кеңештин өкүлү Аттаулла Афган билдиргендей, сокку бутага алынбаган жайларга да урулган.  - Күнөөсүз өлгөн адамдар сокку урулган жайдан анча алыс эмес жерде, Хаксар районунда үйлөнүү үлпөт тоюна катышып жаткан, - деди Афган. Читать дальше...

24-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында 24-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27; Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27; Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23; Нарын облусунда түнкүсүн 4…9... Читать дальше...

Балбандар дагы кайсы турнирлерден Олимпиадага жолдомо алса болот. Тизме

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Sputnik маалымат агенттиги Бириккен күрөш уюмунун (UWW) календарына баш багып, кыргызстандык балбандар Токиодо өтө турчу Олимпиадага баруу үчүн кайсы турнирлерден лицензия алса болорун билди.



Нур-Султан: митингде кармалгандардын баары коё берилди

Azattyk.org 

Казакстан баш калаасында, полиция 21-сентябрда митингге чыкккан элүүдөй адамды кармаган. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Ички иштер министрлигинде өткөн брифингде Нур-Султан шаардык полиция департаментинин башчысы Ерлан Саденов кабарлады. Ага ылайык, кармалгандардын төртөөнө административдик айып салынгандан кийин, калгандары профилактикалык сүйлөшүүдөн соң коё берилген.  Буга чейин бийлик өткөн ишембиде Нур-Султан менен Алматы шаарларында «уруксат берилбеген митингге катышты» деген айып менен 60 чакты... Читать дальше...

Путиндин көрүстөнгө чапталган сүрөтүнөн улам кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Санкт-Петербург шаарында полиция Орусиянын президенти Владимир Путин жана премьер-министри Дмитрий Медведев баштаган бир топ аткаминердин сүрөтүнүн көрүстөнгө илинишине байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул факт боюнча «Агиторусия» кыймылынын үч мүчөсү кармалган, бирок кийинчерээк экөө коё берилди. Полиция камакта калтырган активистти «өлгөн адамдын денесин жана ал жаткан жайды мазактаган» деп айыптап жатат. Эгер ал күнөөлүү деп табылса беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.  Орусиянын... Читать дальше...

Иран менен Франциянын ТИМ башчылары жолугушуту

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф менен Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Нью-Йоркто жолугушуп, эки тараптуу маселелер, өзөктүк келишим, аймактык жана эл аралык маселелер туурасында пикир алмашышты.

Арашандыктар Аскер прокуратурасын айыпташты

Azattyk.org 

Арашан айылынын он чакты тургуну бүгүн, 23-сентябрда айыл өкмөтүнүн алдына чогулуп, Аскер прокуратурасы 22-сентябрь дем алыш күнү болгонуна карабай аларды бир нече саат суракка алганын айтып, нааразылыгын билдиришти. Суракка алынгандардын бири Айнагүл Сарманбетова алардан буга чейин Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн жамааттык кайрылуу боюнча маалымат талап кылынганын айтты: - КСДПнын мүчөлөрү, Кой-Таш менен Арашан айылдарынын тургундары чогулуп «күч органдары биринчи бизге чабуул кылып жатса биз да кайрылышыбыз керек» деп кайрылуу кылганбыз. Читать дальше...

«Чернобыль» сериалы «Эмми» сыйлыгын алды

Azattyk.org 

АКШнын Лос-Анжелес шаарында «Эмми» сыйлыгын 71-жолу тапшыруу аземинде «Чернобыль» чакан сериалы «жылдын мыктысы» деп табылды. Бул тасманы америкалык HBO жана британиялык «Sky» каналдары тарткан. Сериал 1986-жылдагы СССРдин тушунда Чернобыль атомдук станциясындагы авариянын кесепетин жоюудагы чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына негизделген. «Эң мыкты драмалык сериал» наамы «Тактылар оюну» сериалына ыйгарылды. Бул сериал жалпысынан 12 сыйлык алды. Тасмадагы Тирион Ланнистердин ролун ойногон... Читать дальше...

Британия: Саудияга коюлган чабуулга Иран жооптуу

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Сауд Арабиясынын мунай кеңдерине дрон аркылуу коюлган чабуулга байланыштуу Иранды айыптады. Ал ошондой эле АКШ да падышалыктын Куралдуу күчтөрүнө көмөктөшүү аракеттерине кошулушу ыктымал экенин эскертти.  Жонсон Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Лондондон Нью-Йоркко учканы баратканда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Британия өнөктөштөрүнө Жакынкы Чыгыштагы чыңалган абалды жөнгө салууга  көмөктөшөрүн билдирди. Читать дальше...

Парламент депутаттары «Үмүт 2020» кыймылынын видеосу боюнча жооп беришти

Azattyk.org 

«Үмүт 2020» кыймылы тараткан видеодо аты аталган депутаттар өз жүйөлөрүн айтып, Ширин Айтматованын дооматтарына жооп кайтарышты. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков буудайды ташып келүүдө кошумча нарк салыгынан бошотууну колдогон мыйзам кыска кызыкчылыкты колдогондуктан эмес, ал кездеги кырдаалдан улам кабыл алынганын айтты: - Мунун себеби Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кошулушу эле болгон. Ал кезде «ата мекендик өндүрүштү коргош керек, чек ара ачылган соң контрабандалык товарлар жайылып келет... Читать дальше...

Чыңгыз Айдарбеков Нью-Йоркто өткөн «С5+1» жолугушуусуна катышты

Azattyk.org 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган кыргыз делегациясы «Борбор Азия + АКШ» (С5+1) деп аталган кызматташтык форматындагы тышкы саясий мекемелердин башчыларынын жолугушуусуна катышты. Жолугушууга АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын тышкы иштер министрлери жана Түркмөнстандын АКШдагы элчиси катышты. Жолугушуунун катышуучулары чет өлкөлүк согушкерлер менен күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу, коопсуздук жаатында аймактык кызматташтыкты... Читать дальше...

Чек арадагы эски үй

Azattyk.org 

Өмүрбек Караевдин «Чек арадагы эски там» аңгемесинде ушул тапта Кыргызстан башынан кечирип жаткан талаштуу маселенин чиелениши чагылдырылган.

ЖЭБ соту: Текебаев менен Масалиевди чакыруу жөнүндө өтүнүч айтылды

Azattyk.org 

Свердлов райондук сотунда Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук отурум уланууда. Айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевди сотко чакырууну өтүндү. Сатыбалдиевдин айтымында, Текебаев 2013-2014-жылдары ЖЭБди модернизациялоо жөнүндөгү келишимди ратификациялоо боюнча талкууларга жигердүү катышып жүргөн. Ал эми Масалиев 2018-жылы ЖЭБдеги... Читать дальше...


Музыкальные новости
Желдорреммаш

ЧЭРЗ запланировал оздоровительную кампанию для сотрудников и их детей





Персональные новости
Леонид Агутин

Леонид Агутин посвятил ушедшей Анастасии Заворотнюк песню и клип





Жаш келиндин сырдуу өлүмү

Azattyk.org 

Мындан беш ай мурун Кара-Суу районундагы Сары-Колот айылында Элмира атуу 23 жаштагы келин каза болгон. Анын өлүмүнүн сыры азыркы күнгө чейин табышмактуу бойдон калууда. Сыры ачылбаган, себеби билинбеген өлүмдүн айынын кудалар касташып жатышат. Жергиликтүү милиция жаш келиндин өлүмүнө керектүү деңгээлде көңүл бурбай койгондон улам «Азаттык» бул сырдуу өлүмдүн айланасындагы жагдайларды ачып берүүгө киришкенге аргасыз болду.

Чек арадагы атышууда жабыркаган дагы үч киши Бишкекке жеткирилди

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркап, Лейлек аймактык ооруканасында дарыланып жаткан үч жаран 21-сентябрда Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, алардын экөөнүн абалы орточо оор. Бирөөнө ошол эле күнү операция жасалды, абалы оор бойдон, бирок туруктуу. Азырынча эсине келе элек. Учурда Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Министрлик тараткан маалыматка караганда, буга чейин Баткенден... Читать дальше...

Финполиция: 2,5 млн. сомдон ашуун каражат бюджетке кайтарылды

Azattyk.org 

Кыргызстанга Кытайдан эч кандай документи, бажы төлүмү жок ташылып келген товар алып келген зыяндын орду толукталды. Ал үчүн бюджетке 2, 5 млн. сомдон ашуун каражат кайтарылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады. Маалыматка караганда, быйыл жайында Нарын бажысынан күнүмдүк керектелүүчү товарларды жүктөп келаткан ДАФ автоунаасы кармалган. Документте товардын 10 түрү бар экени жазылганы менен анда 40тан ашуун түрү ташылып келаткан. Читать дальше...

Тулкусу чорсоот менен капталган кескелдирик

Azattyk.org 

Чай мээнин саламаттыгын оңдойт. Зыяндуу газдар кошуп жасалган бетон. Түнкү асмандан электр кубатын өндүрчү күн панели. Денеси чорсоот менен капталган комод кескелдириги.

Спорт в России и мире
Москва

В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Даниил Медведев

Медведев вышел в 1/8 финала «Ролан Гаррос» — 2024


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Шесть семей из Оренбургской области вышли в финал конкурса «Это у нас семейное»





Путин в России и мире
Москва

Обсуждается ход реализации в Мордовии проекта по производству преформ для вытяжки оптоволокна


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Генерал КГБ»: Лукашенко на закрытом совещании объявил, что скоро вступит в войну




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

В Киеве не смогли гарантировать личное присутствие Зеленского на саммите G7


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Джиган, Оксана Самойлова, Виктория Боня и другие: ТНТ раскрывает дату премьеры нового сезона реалити «Выжить в Дубае. Возвращение»



Москва

"МК" назвал популярные способы обмана туристов на курортах России

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net