Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын иштөө мөөнөтү узартылды
7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтү 15-октябрга чейин узартылды. Мындай сунушту комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү колдоду. Комиссиянын мөөнөтүнүн узартылышына Кой-Таш окуясына катышкандар, ага күбө болгондордун баарын сурап чыгууга жана комиссиянын бүтүмүн даярдоого жетиштүү убакыт болбой калганы негиз болду.
Комиссия ушул аптада Кой-Таштагы окуя болгон жерге барып, тургундар менен жолукмай болушту. Кийинки отуруму Жогорку Кеңештин депутаттары, КСДПнын мүчөлөрү Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын маалыматын угуу үчүн парламенттин имаратында өтмөй болду. Аталган эки депутат буга чейин жыйынга эки жолу чакырылып, келишкен эмес.
Аталган мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлүп, комиссиянын ишине бир ай убакыт берилген. Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.
7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (BTo/KE)