Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2019

Набиев Атамбаевдин тарапташтарынын суралышы боюнча жооп берди

0
Набиев Атамбаевдин тарапташтарынын суралышы боюнча жооп берди

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын кезектеги отуруму болуп жатат. Анда аскер прокурору Нуркамал Набиев буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбевдин Башкы прокуратурага кайрылган тарапкерлеринин суракка чакырылышы боюнча суроого жооп берип, алардын укугу бузулбаганын айтты:

- Арызда «7-8-август күндөрү УКМКнын ИИМдин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер болгон» деп көрсөтүлүп жатат. Жазык-процесуалдык кодекстин алкагында арыз түшкөндөн кийин аны сотко чейинки өндүрүштүн алкагында карашка туура келет. Себеби сурак жүрүп, адамдар беттештирилип, тергөө амалдары болушу керек. Мыйзамда ушинтип көрсөтүлгөн. Арыз жазгандарды сурап, алардын жүйөсүн угасың. Ошонун негизинде кызматкерлер Воронцовкага барып, ким арыз жазган болсо аларды топтоп суракка алышкан. Бул жерде алардын укугу да, эч кандай мыйзам да бузулган жок. Тескерисинче биз алардын укугун камсыз кылып берип атабыз.

Нуркамал Набиевдин маалыматына караганда, ар бир киши 15 мүнөттөн гана суралууда. Ушуга чейин 49 киши суралып, көбү Башкы прокуратурага жазылган кайрылууга кол коюшпаганын, кээ бири анын мазмунун билбей эле кол коюшканын айтышканын билдирди.

Арашан айылынын он чакты тургуну бүгүн, 23-сентябрда айыл өкмөтүнүн алдына чогулуп, Аскер прокуратурасы 22-сентябрь дем алыш күнү болгонуна карабай аларды бир нече саат суракка алганын айтып, нааразылыгын билдирген. Суракка алынгандардын бири Айнагүл Сарманбетова алардан буга чейин Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн жамааттык кайрылуу боюнча маалымат талап кылынганын айткан.

Арашан айлынын тургундарынын айтымында, суракта кайрылууга кимдер кол койгонун тактап, тизмени ким түзгөнүн сурашкан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары муну аларга карата басым катары баалап жатышат.

9-сентябрда КСДПнын мүчөлөрү 1700 киши башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылышканын билдиришкен. Алар УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди, «Альфа» атайын түзүмүнүн жетекчилерин, ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиевди жоопко тартып, президент Сооронбай Жээнбековго «мамлекеттик кылмыш кылды» деген айып коюуну талап кылышкан.

Башкы көзөмөл органы 11-сентябрда Кой-Таш айылынын тургундарынын жамааттык кайрылуусу Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөнүн, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында юридикалык баа берилерин билдирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (BTo)






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин открыл пешеходную галерею между станциями метро и МЦД-4 Кутузовская


Спорт в России и мире
Москва

Среди сотрудников уголовно-исполнительной системы Республики Дагестан определили лучшего гроссмейстера


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ролан Гаррос

Азаренко не смогла выйти в 1/16 финала открытого чемпионата Франции по теннису


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Международный форум «Экология» соберет в Москве около 1,2 тыс. участников





Путин в России и мире
Москва

Песков: Москва и Пекин намерены продолжать диалог по поставкам газа


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Генерал КГБ»: Лукашенко на закрытом совещании объявил, что скоро вступит в войну




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

В Киеве не смогли гарантировать личное присутствие Зеленского на саммите G7


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



SQWOZ BAB

Рузиль Минекаев, Слава Копейкин, Марк Эйдельштейн, группа SQWOZ BAB и другие гости премьеры криминальной комедии «На автомате»



Москва

Театральный фестиваль «Мелиховская весна» прошел в Подмосковье

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net